КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-февралы № 47-б
1. Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Каржылоо жөнүндө макулдашуунун макулдашылган тексти Бишкек. 2013-жылдын 14-15-ноябры
АӨЭФтин КАРЫЗЫНЫН НОМЕРИ _______________ АӨЭФтин ГРАНТЫНЫН НОМЕРИ _______________ МЖААПтын ТРАСТТЫК ГРАНТЫНЫН НОМЕРИ ______ |
Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II долбоорун (МРӨД-II) каржылоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ
______ ______ кол коюлду
Долбоордун аталышы: "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II" ("Долбоор")
Кыргыз Республикасы ("Карыз алуучу/Алуучу")
жана
Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фонду ("Фонд" же "АӨЭФ")
жана
Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фонду ("МЖААП Траст")
(тараптардын ар бири "Тарап" деп аталат жана эки тарап бирге "Тараптар" деп аталат)
Фонд Карыз алуучу/Алуучу менен Каржылоо жөнүндө макулдашууну түзгөнүн, ал 2013-жылдын 17-июлунда күчүнө киргенин, ага ылайык Фонд Карыз алуучуга/Алуучуга карыз жана грант берерин, мында "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоорун" ("МРӨД-Iди каржылоо жөнүндө макулдашуу") ишке ашыруу үчүн алардын суммасы өз-өзүнчө алты миллион беш жүз миң атайын карыз укуктарын (6500000 АКУ) түзөөрүн эске алышып;
Фонддун Аткаруу органы 105-жыйналышта "МЖААП Трастты" түзүүнү жактырганын эске алышып;
Фонд ушул Макулдашууда белгиленген шарттарга ылайык Долбоорду каржылоо максатында Карыз алуучуга/Алуучуга карыз жана грант берүүгө макул экенин эске алышып; жана
МЖААП Траст талкуулардын негизинде, ресурстар бар болгон шартта ушул Макулдашууда белгиленген шарттарга ылайык каржылоону көбөйтүү максатында Карыз алуучуга/Алуучуга грант берүүгө макул экенин эске алышып;
жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
А бөлүмү
1. Бул Макулдашуу төмөнкү документтерди камтыйт: Макулдашуунун өзүн, Долбоордун баяндамасын жана аны ишке ашыруу механизмдерин (1-тиркеме) жана каражаттарды бөлүштүрүү таблицасын (2-тиркеме).
2. Айыл чарбасын өнүктүрүүнү каржылоонун ушул Макулдашууга тиркелген, тиешелүү учурга карата колдонулган редакциядагы, 2009-жылдын 29-апрелиндеги жалпы шарттары (мындан ары - "Жалпы шарттар") бардык жоболору менен ушул Макулдашууга карата колдонулат. Бул Макулдашуунун максаттары үчүн Жалпы шарттарда аныкталган терминдер Жалпы шарттарда баяндалган мааниге ээ.
3. Фонд Карыз алуучуга/Алуучуга карызды ("АӨЭФ карызын") жана грантты ("АӨЭФ гранты"), ал эми МЖААП Траст грантты ("Трасттык грант") берет (чогуу алганда "Каржылоо" деп аталат), аларды Карыз алуучу/Алуучу ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык Долбоорду ишке ашыруу үчүн пайдаланат.
В бөлүмү
1. А. АӨЭФ карызынын суммасы жети миллион эки жүз миң атайын карыз укуктарын түзөт (7200000 АКУ).
B. АӨЭФ грантынын суммасы жети миллион эки жүз миң атайын карыз укуктарын түзөт (7200000 АКУ).
C. Трасттык Гранттын суммасы алты миллион беш жүз миң атайын карыз укуктарын түзөт (6500000 АКУ).
2. АӨЭФ карызы жеңилдетилген ыңгайлуу шарттарда берилет.
3. Карызды тейлөө боюнча төлөмдөр АКШ доллары менен жүргүзүлөт.
4. Колдонулуучу Финансылык жылдын биринчи күнү болуп 1-январь саналат.
5. Карыздын негизги суммасын жоюунун эсебине төлөмдөр жана тейлөө үчүн акы ар бир жылдын 15-майында жана 15-ноябрында төлөнөт.
6. Атайын эсептер.
(a) Карыз алуучу/Алуучу Долбоорду каржылоо үчүн каржылоочу суммаларды алуу максатында Жалпы шарттардын 4.04(d)-бөлүмүнө ылайык Финансы министрлиги аркылуу АКШ доллары менен эки атайын эсепти ачат. Эсептердин бирин - Айыл чарбалык долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү (АДИБ), ал эми экинчи эсепти Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) жүргүзөт.
(b) АӨЭФ Карызы, АӨЭФ Гранты жана Трасттык Грант үчүн ар бир атайын эсеп боюнча өзүнчө бухгалтердик китеп ачылат.
7. Атайын эсептерден акча каражатты алуу үчүн Жалпы шарттардын 7.02(b) пунктуна ылайык Долбоордун Эсептери белгиленет.
8. Карыз алуучу/Алуучу ушул Долбоорго байланыштуу төлөнүүгө тийиш болгон бардык салыктар үчүн жоопкерчилик тартат.
С бөлүмү
1. Долбоордун жетектөөчү агенттиги болуп Карыз алуучунун/ Алуучунун Айыл чарба жана мелиорация министрлиги ("АЧММ") же анын АДИБ аркылуу аракеттенген укугун мурастоочусу эсептелет.
2. Бул Долбоорго тартылган кошумча тараптар болуп төмөнкү дайындалган уюмдар эсептелет:
(a) АРИС;
(b) Жайыт департаменти (ЖД);
(c) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция (Ветинспекция);
(d) Кыргызстандын Жайыттар жана мал чарба илим изилдөө институту (Жайыттар институту);
(е) Кыргызстандын Жайыт пайдалануучуларынын "Кыргыз жайыты" ассоциациясы ("Кыргыз жайыты");
(f) Коомдук үрөн фондlорунун улуттук федерациясы (КҮФ);
(g) К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университет (КУАУ);
(h) Кыргызстандын ветеринария илим-изилдөө институту (КВИИИ);
(i) Ветеринардык палата;
(j) Кыргыз-россиялык славян университети;
(k) Кыргызгидромет - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик.
3. Долбоор аяктаган дата болуп ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып бешинчи жыл саналат.
D бөлүмү
Долбоорду Фонд каржылайт жана контролдойт.
E бөлүмү
1. Жалпы шарттардын 4.02(b) бөлүмүнө ылайык төмөнкүдөй шарттар каражаттарды алуунун алдында боло турган кошумча жалпы шарттар болуп саналат:
(a) Ушул Макулдашуунун 1-тиркемесинин 12-пунктунда көрсөтүлгөн Операциялык Колдонмонун ("ОК") долбоору Фондго сунушталып жана Фонд тарабынан жактырылууга тийиш.
(b) Ушул Макулдашуунун 1-тиркемесинин 8-пунктунда көрсөтүлгөн Долбоорду координациялоонун референттик тобу ("ДКРТ") тиешелүү түрдө түзүлүүгө тийиш.
(с) Ушул Макулдашуунун 1-тиркемесинин 7-пунктунда көрсөтүлгөн АДИБнын жана АРИСтин Долбоорду башкаруу бөлүмдөрү Фонд үчүн канааттанаарлык деңгээлде толук комплекттелүүгө тийиш.
(d) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана АРИСтин ортосундагы Долбоорду ишке ашыруудагы кызматташтык жөнүндө субсидиялык макулдашууну Фонд үчүн алгылыктуу формада жана мазмунда түзүү керек.
(e) АДИБде жана АРИСте тиешелүү түрдө Атайын Эсептер жана Долбоордук Эсептер ачылат.
(f) АДИБде жана АРИСте финансылык башкаруунун программалык системасы жана бухгалтердик программалык камсыздоосу иштеп турган абалда болушат.
2. Төмөнкү шарттар каражаттарды алууну токтотуу үчүн кошумча негиздер болуп саналат:
ОК же анын ар кандай жобосу Фонддун алдын ала макулдугусуз четке кагылса, убактылуу токтотулса, токтотулса, өзгөртүлсө же оңдолсо жана Фонд мындай четке кагуу, убактылуу токтотуу, токтотуу, өзгөртүү же оңдоо Долбоорго жагымсыз материалдык таасир этти же таасир этиши мүмкүн деп белгилесе.
3. Бул Макулдашуу Карыз алуучу/Алуучу тарабынан ратификацияланууга тийиш.
4. Төмөндө ушул Макулдашууга байланыштуу ар кандай маалымат алмашуу үчүн пайдаланылуучу ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана даректер көрсөтүлгөн:
Карыз алуучу/Алуучу үчүн:
Кыргыз Республикасынын финансы министри
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
720040 Кыргыз Республикасы
Бишкек шаары
Эркиндик пр., 58
Факс: +996 664560
Фонд үчүн:
Президент
Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фонду
Via Paolo di Dono, 44
00142 Рим, Италия
МЖААП Траст үчүн:
Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун президенти,
Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын
Трасттык фондунун ишенимдүү адамы
Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фонду
Via Paolo di Dono, 44 00142 Рим, Италия
Бул Макулдашуу алты (6) түп нускада англис тилинде түзүлдү: үч (3) нуска - Фонд жана МЖААП Траст үчүн жана үч (3) нуска - Карыз алуучу/Алуучу үчүн.
Кыргыз Республикасы
______________________________________
[Ыйгарым укуктуу өкүл]
[Титул]
Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фонду
______________________________________
Kanayo F. Nwanze
Президент
Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын Трасттык фонду
______________________________________
Kanayo F. Nwanze
Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун президенти, Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын Трасттык фондунун ишенимдүү адамы.
1-тиркеме
Долбоордун баяндамасы жана ишке ашыруу механизмдери
I. Долбоордун баяндамасы
1. Долбоор арналган калк. Бул Долбоор Карыз алуучунун/Алуучунун түштүктөгү үч регионунда - Баткен, Жалал-Абад жана Ош ("Долбоорду ишке ашыруу зонасы") облустарындагы чабал үй чарбаларына, аялдар башчылык кылган үй чарбаларына, мал баккан башка үй чарбаларга жана жеке ветеринарларга (ЖВ) жардам көрсөтүүгө багытталган.
2. Максат. Долбоордун максаты жакырлыктын деңгээлин азайтууга жана жайыт жамааттарынын экономикалык өсүшүн кеңейтүүдө турат.
3. Милдеттер. Долбоордун милдеттери болуп мал чарбачылыгынын өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу жана жайыт жамааттарынын климаттын өзгөрүшүнө байымдуулугун жогорулатуу саналат, алар малчы фермерлердин жакшырган жана бирдей кирешелеринде көрүнөт.
4. Компоненттер. Бул Долбоор төмөнкүдөй төрт (4) компоненттен турат:
1-компонент: Жайыттарды жамааттык башкаруу жана чабалдыктын деңгээлин төмөндөтүү
Компоненттин алкагында Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" Мыйзамы менен берилүүчү ыңгайлуу шарттар, өзгөчө кырдаалдарга каршы аракеттенүүнүн жана климаттын өзгөрүүлөрүнө ыңгайлашуунун улуттук саясаты пайдаланылат, жайыттарды жамааттык башкаруу боюнча пландарды долбоорлоодо, жайыттарды жамааттык башкаруу пландарын иштеп чыгууда жана турмушка ашырууда Жайыт пайдалануучулардын бирикмелерине (ЖПБ) жана алардын аткаруу органына, атап айтканда Жайыт комитеттерине (ЖК) колдоо көрсөтүлөт, алар жаныбарлардын ден соолугун сактоо, ошондой эле ыңгайлашуу жана табигый кырсыктардын опурталдарын азайтуу (ТКОА) боюнча иш-чараларды интеграциялашат. Бул компоненттин жыйынтыгында жайыт жерлер алда канча күрдүү жана туруктуу болуп калат жана жамааттын малына тоют кошумча көбөйөт.
1-компонент төмөнкүдөй эки (2) чакан компоненттен турат:
1.1-чакан компонент: Жайыттарды жамааттык башкаруу менен опурталдарды азайтуу жана инвестициялар
Бул чакан компоненттин алкагында болжол менен жүз токсон (190) ЖПБ/ЖКнын аймагында жайыттардын туруктуулугун жана күрдүүлүгүн, аларды пайдаланууну жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн зарыл демилгелер каралган. Чакан компонент жайыттарды жамааттык башкарууда опурталдарды азайтуу боюнча жана жаныбарлардын ден соолугун сактоо боюнча пландарды долбоорлоодо, иштеп чыгууда жана турмушка ашырууда ЖПБ/ЖКга колдоо көрсөтөт, алар бул сектордун климаттык өзгөрүүлөргө байымдуулугун арттыруу максатында адаптациялык иш-чараларды толук интеграциялашат. Атап айтканда, ушул чакан компоненттин алкагында Долбоордун иши төмөнкүлөрдү камтыйт: (i) укуктук жана жөнгө салуу реформасын; (ii) климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу боюнча саясий диалогду; (iii) жайыттардын чек араларын демаркациялоону жана инвентаризацияны; (iv) жайыттарды башкаруу боюнча жамааттардын планын (ЖБЖП) жана (v) ЖБЖПнын инвестициялык пландарын.
1.2-чакан компонент: Жайыттарды институттук чыңдоо
Бул компонент боюнча Долбоорду ишке ашыруу зонасында МРӨД-Iди каржылоо жөнүндө макулдашууда көрсөтүлгөндөй, 1.2-чакан компонент боюнча Долбоордун алкагында демилге кылынган иш-чаралар кеңейтилет. Ошол эле учурда, бул чакан компонент баардык тиешелүү аракеттер аркылуу климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну интеграциялайт. Инвестициялар негизинен жайыттарды өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөн төмөнкүдөй уюмдарга багытталат: Жайыт Департаменти, Кыргызстан жайыт пайдалануучуларынын "Кыргыз жайыты" Ассоциациясы ("Кыргыз жайыты"), К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, Кыргызстандын Жайыттар жана мал чарба илим изилдөө институту. Кошумча түрдө, чакан компоненттин алкагында Селдин, үшүктүн жана кургакчылыктын алдын эртелеп алуунун натыйжалуу системасы (ЭАС) орнотулат.
2-компонент: Жаныбарлардын ден соолугун жана өндүрүмдүүлүгүн сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр
Бул компоненттин негизги милдети жеке ветеринарлар (ЖВ) өз алдынча болушу жана керектүү кызматтарды натыйжалуу көрсөтүшү үчүн кошумча колдоо жана окутуу аркылуу натыйжалуу жеке ветеринардык кызматты түзүү болуп саналат. Бул компонент төмөнкүдөй эки (2) чакан компоненттен турат:
2.1-чакан компонент: Жаныбарлардын ден соолугун сактоо боюнча ветеринардык жана жамааттык кызмат көрсөтүүлөрдү чыңдоо
Бул чакан компонент төмөнкүлөргө салым кошот: (i) Жаныбарлардын ден соолугун сактоо боюнча ички комитеттерди (ЖДСК) түзүүгө жана окутууга жана (ii) жеке ветеринарлардын (ЖВ) потенциалын өнүктүрүүгө. Атап айтканда, Долбоор үч (3) негизги инвестиция аркылуу Долбоорду ишке ашыруу зонасында ЖКнын ички комитеттери катары болжол менен жүз токсон (190) ЖДСК түзүүгө колдоо көрсөтөт: (i) ЖДСКнын жетектөөчү принциптерин жана окуу материалдарын жаңылоо, (ii) ЖДСКны мобилизациялоо/ага көмөктөшүү, (iii) ЖДСКны бекемдөө. Кошумча түрдө, бул чакан компонент Долбоорду ишке ашыруу зонасында болжол менен үч жүз сексен (380) ЖВга колдоо көрсөтөт, алар төмөнкүдөй критерийлерге шайкеш келет: (i) Ветеринардык Палатада катталат; (ii) ЖДСК менен байланышы болот; (iii) жаныбарлардын ден соолугун алдын алуунун жана азыктуулугун жакшыртуунун комплекстүү программасынын алкагында кызмат көрсөтүүнүн негизги провайдери катары ЖВга көмөк көрсөтүү үчүн райондук деңгээлдеги ветеринардык ассоциациянын мүчөлөрү болушат.
2.2-чакан компонент: Жаныбарлардын ден соолугун сактоого үйрөтүү жана потенциалды өнүктүрүү
Бул чакан компонент тарабынан Долбоорду ишке ашыруу зонасында билим берүү системасына жамааттар менен иштей турган ынтызар жаш ветеринарлардын ичинен кадрларды түзүү үчүн шарттарды, окутууну жана стимулду камсыздоого жардам берилет. Атап айтканда, төмөнкүдөй иш-чараларга салым кошулат: (i) ветеринардык билим берүү программасын жаңылоо; (ii) ветеринардык окутуу жана тренингдер; (iii) студенттерди стимулдаштыруу программасы; (iv) кесиптик өнүктүрүү жана окутуу; (v) Кыргызстандын ветеринария илим-изилдөө институту жүргүзгөн изилдөөлөр.
3-компонент: Диверсификация жана рыноктун демилгелери/кошумчаланган нарк чынжырчасы
3-компоненттин милдети - рыноктун керектөөлөрүнө ылайык келген сүттү өндүрүүнү кеңейтүүдө долбоордук зонадагы өндүрүүчү-малчыларга көмөктөшүүдө жана ошонун өзү менен сүт багытындагы өз малынан алынган кирешени көбөйтүүгө жетишүүдө, ошондой эле чабал, жакыр топтордун туруктуулугун арттыра турган кирешени берүүчү, иштин турмушка жарактуу бир катар кошумча түрлөрүн киргизүүдө турат. Ушул компоненттин алкагында сүт өндүрүү сектору боюнча төмөнкүдөй эки демилге каржыланат: (i) сүт өндүрүүчү ишканалар менен кызматташуу аркылуу сүт кабыл алуучу жана муздатуучу борборлорду түзүү; (ii) негизинен жогорку сапаттуу салттуу азыктарга багытталган сүттү кайра иштетүүчү чакан заводдорду түзүүдө аялдар топторуна колдоо көрсөтүү. Башка секторлор боюнча бул компонент (i) жамааттардын өзүнүн муктаждыктарын гана эмес, ошондой эле тез өсүп жаткан улуттук жана эл аралык туристтик секторду канааттандыра турган жашылча жана мөмө-жемиш азыктарын өндүрүү үчүн гелиотеплицаларга; (ii) жемиштерди, чөптөрдү жана жакшы жыттуу өсүмдүктөрдү кургатуу үчүн көп максаттуу күн жана электр кургаткычтарына салым кошот.
4-компонент: Долбоорду башкаруу
Бул компонентте Долбоордун Жетектөөчү агенттиги ишке ашыра турган Долбоорду жалпы башкарууну каржылоо камсыздалат.
II. Ишке ашыруу механизмдери
5. Долбоордун жетектөөчү агенттиги. Долбоордун жетектөөчү агенттиги болуп Карыз алуучунун/Алуучунун АЧММ саналат, ал АДИБ аркылуу аракеттенет.
Долбоордун жетектөөчү агенттигине ишке ашыруу, координациялоо, көзөмөлдөө, Фондцун жана Карыз алуучунун/Алуучунун Өкмөтүнүн алдындагы отчеттуулук, анын ичинде АДИБге отчет берүүчү АРИС менен тыгыз байланышты сактоо үчүн жалпы жоопкерчилик жүктөлөт. Каржылоонун бир бөлүгү макулдашылган критерийлерге жана жактырылган жумуштук пландар менен бюджеттерге (ЖЖПБ) ылайык Долбоордун алкагында алгылыктуу чыгымдар үчүн АРИСке которулат.
5.1. АДИБ Долбоордун улуттук деңгээлдеги баардык иш-чаралары, анын ичинде улуттук деңгээлдеги уюмдардын техникалык жана коштогон салымдары үчүн жооптуу, булар аларга иштин чоо-жайын натыйжалуу түшүндүрүү, улуттук деңгээлдеги бир катар иш-чараларды турмушка ашыруу жана жамааттык деңгээлдеги долбоордук иш-чараларга зарыл болгон салымдарды толуктоо жана камсыздоо үчүн керек, булар үчүн АРИС жоопкерчилик тартат. Бул Долбоорду ишке ашырууда АДИБ менен АРИС тыгыз өз ара аракеттенүүнү жана координациялоону орнотот жана колдойт.
5.2. АДИБ Долбоорду ишке ашыруу, координациялоо, көзөмөлдөө, Фонддун жана Карыз алуучунун/Алуучунун Өкмөтүнүн алдындагы отчеттуулук үчүн жалпы жоопкерчилик тартат. Атап айтканда, АДИБнын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет: финансылык башкаруу, анын ичинде сатып алуулар, төлөөлөр, бухгалтердик эсепти жүргүзүү, ички контроль, аудит жана финансылык отчеттуулук, анын ичинде Долбоордун алкагында жыйынды финансылык отчетторду даярдоо; мамлекеттик деңгээлде өнөктөш уюмдардын иш-чараларды аткарышын башкаруу; Долбоорго жалпы мониторинг жана баа берүү; Долбоордун баардык иш-чаралары боюнча отчеттуулук.
5.3. Долбоордун төмөнкүдөй иш-чараларын ушул Макулдашууга ылайык АДИБ тиешелүү түрдө ишке ашырды: (i) 1.1-чакан компонент, укуктук жана жөнгө салуучу реформа, жайыттардын чек араларын демаркациялоо жана инвентаризациялоо, Коомдук үрөн фонддору; (ii) 1.2-чакан компонент, Жайыт пайдалануучулар ассоциацияларына колдоо көрсөтүүнү кошпогондо; (iii) 2.1-чакан компонент, жамааттарда жана ЖКда турмушка ашырыла турган жагдайларды кошпогондо; (iv) 2.2-чакан компонент.
6. АРИС. АРИС төмөнкүдөй иштер үчүн жооп берет: (i) жамааттык деңгээлдеги баардык программаларды ишке ашыруу; (ii) Тараптар жамаатка багытталган иш-чараларды ишке ашыруу Долбоорун координациялоосун жана натыйжалуу аткарышын камсыздоо; (iii) ал ишке ашыруучу программалык иш-чараларга мониторинг жана баа берүү, анын ичинде иштин натыйжаларынын коштоочу көрсөткүчтөрүнүн мониторинги, билимдерди башкаруу боюнча маалыматтарды чогултуу жана таратуу, АДИБга толук маалымдоону камсыз кылуу максатында АДИБдагы тиешелүү отчеттуулук; (iv) АРИС жооп бере турган баардык иш-чараларды финансылык башкаруу, анын ичинде сатып алуулар, төлөөлөр, бухгалтердик эсеп, ички контроль, ички аудит жана финансылык отчеттуулук.
6.1. Ушул Макулдашууга ылайык АРИС Долбоордун төмөнкүдөй иш-чараларын тиешелүү түрдө жүзөгө ашырат: (i) 1.1-чакан компоненттин негизги элементтери, анын ичинде жайыттарды башкаруу боюнча жамааттардын пландарын жаңылоону камтыган бир катар иш-чаралар, жамааттык жайыттарга баа берүү жана картирлөө, ЖБЖПда белгиленген иш-чаралардын алкагында инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн ЖК гранттарын башкаруу, Жайыттарды/мал чарбачылыгын башкаруу пландарына инвестициялар, укуктук жана жөнгө салуучу реформанын алкагында ЖББны укуктук окутуу; (ii) 1.2-чакан компоненттин алкагында Жайыт пайдалануучулар ассоциацияларына колдоо көрсөтүү; (iii) 2.1-чакан компоненттин алкагында гранттарды башкаруу жана ЖВнын потенциалын чыңдоо боюнча иш-чаралар; (iv) кызмат көрсөтүүчүлөр менен жана техникалык жардам үчүн субконтракттарды түзүү аркылуу 3-компонент.
7. Долбоордун башкаруучу бөлүмдөрү жана башка негизги персоналы. АДИБнын, АРИСтин Долбоорду башкаруу бөлүмдөрүнүн мүчөлөрүн, долбоордун негизги персоналын тандоо конкурстук, ачык жана айкын жол-жоболорго негизделген, алар сунуш кылынган тандоонун жыйынтыгы алынгандан кийин (30) күндүн ичинде Фонддун жактыруусун алууга тийиш. Долбоордун кызматкерлеринин бүткүл негизги штатынын квалификациясы жана тажрыйбасы болууга тийиш, алардын болушу Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл.
8. Долбоорду координациялоонун референттик тобу ("ДКРТ"). Бул Долбоор үчүн конкреттүү түзүлгөн көзөмөлдөөчү орган катарында Долбоорду башкарууну администрациялоо үчүн ДКРТ түзүлөт. Башкалардын катарында ага Долбоордун ар бир Тарабынын өкүлдөрү, Карыз алуучунун/Алуучунун Парламентинин Агрардык саясат боюнча комитетинин өкүлдөрү, катышып жаткан ар бир облуста Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараттарынын өкүлдөрү, ЖКнын деңгээлиндеги өкүлдөр жана жеке сектордон кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирет. ДКРТнын курамында Карыз алуучунун/Алуучунун мамлекеттик мекемелеринин жана жарандык коомунун мүчөлөрүнүн ортосундагы баланс сакталат. Бул топтун жыйналыштары ар бир кварталдык негизде өтөт жана топтун өзү консультациялык функцияны аткарат. Ал максаттарга жана жетишилген натыйжаларга ылайык ОКда жана ЖЖПБда белгиленген аткаруу индикаторлоруна жараша долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө сереп жасайт.
9. Долбоордун башка Тараптары. Долбоордун баардык башка Тараптарынын милдеттери ОКда көрсөтүлөт.
10. Жылдык жумушчу пландар жана бюджеттер ("ЖЖПБ"). Долбоордун ар бир тарабы Долбоорду ишке ашыруунун тиешелүү жылына карата ЖЖПБны даярдайт жана АДИБга берет, алардын негизинде АДИБ ЖЖПБнын жалпылоочу долбоорун даярдайт жана аны тиешелүү Долбоордук жыл башталганга чейин алтымыш (60) күндөн кечиктирбестен комментарий алууга Фондго жиберет. Эгерде Фонд ЖЖПБнын долбоорун алган учурдан тартып отуз (30) күндүн ичинде ага өзүнүн комментарийлерин бербесе, анда ЖЖПБ Фонд үчүн алгылыктуу деп эсептелет. ЖЖПБ ошондой эле сатып алуулар Планын, алдыдагы Долбоордук жылда жүзөгө ашырыла турган Долбоордун пландаштырылган иш-чараларынын толук баяндамасын, каржылоо булактарын жана каржылоодо берилүүчү каражаттардын пайдаланылышын камтууга тийиш.
11. Сатып алуулар. Бул Макулдашуунун максаттары үчүн сатып алуулар мезгил-мезгили менен киргизилип туруучу түзөтүүлөр менен 2010-жылдагы Долбоордун сатып алуулары боюнча Фонддун Колдонмосуна ылайык жүргүзүлөт. Жаныбарлардын ден соолугун сактоонун Дүйнөлүк уюмунун (МЭБ) референс-лабораториясынан ырастоо алынмайынча эч кандай вакцина сатып алынбайт. Жаныбарлардын ылаңына каршы сатып алынуучу вакциналардын спецификасы МЭБ тарабынан иштелип чыккан же сунуш кылынган эл аралык стандарттарга негизделет.
12. Долбоордун операциялык колдонмосу ("ОК"). АДИБ менен АРИС ОКнын долбоорун, ошондой эле төмөнкүлөрдү даярдайт:
(a) Долбоордун штаты, консультанттары, Долбоордун башка тараптарынын кызмат көрсөтүүчүлөрү үчүн техникалык тапшырма жана ишке ашыруу үчүн милдеттер, алар ушул Макулдашуунун максаттары үчүн иштелип чыгат жана/же бул Долбоорду турмушка ашыруу үчүн ишке тартылат.
(b) Максаттуу бенефициарлар жана баардык компоненттердин алкагында каржылануучу иш-чаралар жагынан алгылыктуулук критерийлери жана тандоо жол-жоболору;
(c) Долбоорду ишке ашыруунун толук баяндалган жол-жоболору жана акча каражаттарынын агымы.
13. АДИБ ушул Макулдашуу күчүнө кирген учурдан тартып отуз (30) күндөн кечиктирбестен ОКнын долбоорун иштеп чыккандан кийин дароо жактырууну алуу үчүн аны Фондго берет. Эгерде Фонд ОКнын долбоорун алгандан кийин отуз (30) күндүн ичинде ага өз комментарийлерин бербесе, анда ал алгылыктуу деп эсептелет. АДИБ ОКны кыйла даражада Фонд жактырган формада аткарууга кабыл алууга жана анын көчүрмөлөрүн Фондго тез арада берүүгө тийиш.
2-тиркеме
Каражаттарды бөлүштүрүү таблицасы
Карыздын жана Гранттын каражаттарын бөлүштүрүү. (а) Төмөндөгү Таблицада АӨЭФтин Карызынын, АӨЭФтин Грантынын жана Трасттык Гранттын эсебинен каржылануучу мыйзам ченемдүү сарптоолордун категориялары; ар бир категория боюнча АӨЭФтин Карызын, АӨЭФтин Грантын жана Трасттык Грантты бөлүштүрүү; ошондой эле ар бир категорияда каржыланууга тийиш болгон статьялар боюнча чыгымдардын пайыздык үлүштөрү көрсөтүлгөн:
Категория | АӨЭФтин Карызынын суммасы (АКУ менен) [000] | АӨЭФтин Грантынын суммасы (АКУ менен) [000] | Трасттык Гранттын суммасы (АКУ менен) [000] | Жалпы сумма (АКУ менен) [000] | Каржыланууга тийиш болгон жол берилген сарптоолордун пайызы (салыктарды жана бенефициарлардын салымын кошпогондо) |
Жабдуулар, товарлар жана транспорт каражаттары | 320 |
| 370 | 690 | 100% |
Консультациялар |
| 4350 | 30 | 4380 | 100% |
Тренингдер жана семинарлар |
| 900 | 5 | 905 | 100% |
Гранттар |
|
|
|
|
|
Жайыттарды/мал чарбачылыгын жакшыртуу | 6330 |
| 5860 | 12190 |
|
Кошумчаланган нарк чынжырчасы, диверсификациялоо |
| 300 | 145 | 445 |
|
Башкалар |
| 1500 |
| 1500 |
|
Операциялык сарптоолор | 400 |
| 55 | 455 | 100% |
Алдын ала каралбаган сарптоолор | 150 | 150 | 35 | 335 |
|
Жыйынтыгы | 7200 | 7200 | 6500 | 20900 |
|
(b) Жогоруда Таблицада колдонулган терминдер төмөнкүдөй түрдө аныкталат:
1-категория, "Жабдуулар, товарлар жана транспорт каражаттары" жайыттардын чектерин демаркациялоону жана башка иштерди да камтыйт,
2-категория, "Консультациялар" техникалык жардамга, изилдөөлөргө жана жайыттарды инвентаризациялоого чыгымдарды камтыйт.
4-категория, "Гранттар" АӨЭФтин Карызынын (75%) жана бенефициарлардын (25%) каражатынан каржыланууга тийиш болгон ЖПБ үчүн жайыттарды/мал чарбачылыгын жакшыртууга гранттарды; АӨЭФтин Карызынын (80%) каражатынан каржыланууга тийиш болгон бизнес топтордун кошумчаланган нарк чынжырчасына гранттарды жана МДКЧ, ЖВ, Коомдук үрөн фонддору үчүн микро-гранттарды камтыган башка гранттарды, АӨЭФтин Грантынын каражатынан каржылана турган студенттерге стипендия берүүнү жана окуу үчүн акы төлөөнү камтыйт, буга ЖВ үчүн гранттар кирбейт, аларга төмөнкүдөй принцип колдонулат: АӨЭФ (50%) жана ЖВ (50%).
5-категория, "Операциялык чыгымдар" башкалардан тышкары Долбоордун кызматкерлерине акы төлөөнү жана Социалдык фондго чегерүүлөрдү камтыйт, алар АӨЭФтин Карызынын каражатынан 100% каржыланууга тийиш.