Редакцияот 21.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 21-февралы № 53-б

Москванын соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждын (Россия Федерациясы, Москва) № А-2013/10 иш боюнча 2013-жылдын 13-ноябрындагы чечиминин үстүнөн даттануу зарылдыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн таламын талашуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 17-б буйругу менен түзүлгөн юридикалык компанияны тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышынын протоколуна ылайык:

1. "Сатаров, Аскаров жана өнөктөр" юридикалык фирмасынын кызматкерлери Сатаров Улан Мелисович, Аскаров Анвар Аскарович, Аленкина Наталья Борисовна Москванын соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждын (Россия Федерадиясы, Москва) № А-2013/10 иш боюнча 2013-жылдын 13-ноябрындагы чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызды кароодо ишти кароонун бардык стадияларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болууга дайындалышсын.

2. Сатаров Улан Мелисовичке, Аскаров Анвар Аскаровичке, Аленкина Наталья Борисовнага аталган иш боюнча соттук жыйындарда ишти кароонун бардык стадияларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгуу укугуна ишеним кат берилсин.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев