Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 26-февралы № 57-б
2014-жылы Ош шаарында мамлекеттер аралык "Шериктештиктин маданий борборлору" программасын ишке ашыруунун алкагында иш-чараларды өз убагында даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. "2014-жылы Ош шаары - шериктештиктин маданий борбору" деген иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө "2014-жылы Ош шаары - шериктештиктин маданий борбору" деген иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча планды иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдар Ош шаарынын бюджетинин жана ишке тартылган республиканын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун, ошондой эле бюджеттик эмес булактардын эсебинен төлөнсүн.
4. Уюштуруу комитетине министрликтердин, Ош шаарынын мэриясынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын адистерин ишке тартууга, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жана уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-февралындагы № 57-б буйругуна тиркеме |
Талиева Камила Абдыразаковна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Раев Султан Акимович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Кадырбаев Айтмамат Тентиевич | - | Ош шаарынын мэри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Алымкулов Алисбек Төлбашиевич | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри; |
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Сариев Темир Аргембаевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри; |
Султанов Калыкбек Иманалиевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; |
Суранчиев Абдулда Шергазиевич | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Бешимов Аскар Жолчубекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Саралинов Мурат Назарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору; |
Эркебаев Абдыганы Эркебаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти; |
Мамбетов Турдубек Мамбетович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; |
Халитов Михаил Гилфанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Ибраимов Албек Сабирбекович | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев Кубатбек Табылдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Асанкулов Жеңишбек Асанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Султанбаева Айнура Жолдошбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти. |