Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 28-февралы № 59-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-февралындагы № 141 токтому менен бекитилген 2007-2011-жылдар аралыгында Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактты аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын бириктирилген экинчи, үчүнчү жана төртүнчү мезгилдүү баяндамаларын Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча комитетинин 2014-жылдын 10-11-мартында Швейцариянын Женева шаарында болуучу 110-сессиясынын жүрүшүндө маалымдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, делегациянын жетекчиси; |
Усманова Людмила Юрьевна | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Мамыров Шамшыбек Сабырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички иштер органдарынын ишин өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн начальниги; |
Джуманалиева Айжан Шадыбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укугу боюнча координациялык кеңештин катчылыгынын эксперти; |
Искакова Гульнара Тентиевна | - | Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү; |
Айдит Эркин | - | Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси; |
Алтымышева Алмаш Дюшеновна | - | Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлүнүн атташеси. |
2. Өкмөттүк делегациянын Бириккен Улуттар Уюмунун Комитетинин сессиясына катышуусуна байланышкан бардык чыгымдар Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча Жогорку комиссарынын Борбордук Азия үчүн башкармасынын каражатынан төлөнөөрү эске алынсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |