Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-февралы № 141
Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө
Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактты, Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактты, Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияны аткаруу боюнча Кыргыз Республикасы алган милдеттенмелерге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Адам укугу чөйрөсүндө БУУнун келишимдерин аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын расмий тилде тиркелген төмөнкү Улуттук баяндамалары жактырылсын:
- 2007-2011-жылдар аралыгында Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактты аткаруу боюнча бириктирилген экинчи, үчүнчү жана төртүнчү мезгилдүү баяндамалар (1-тиркеме);
- 1999-2011-жылдар аралыгында Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө аралыгында эл аралык пактты аткаруу боюнча бириктирилген экинчи, үчүнчү жана төртүнчү мезгилдүү баяндамалар (2-тиркеме);
- 2007-2011-жылдар аралыгында Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияны аткаруу боюнча бириктирилген бешинчи, алтынчы жана жетинчи мезгилдүү баяндамалар (3-тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом менен жактырылган аталган баяндамаларды Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына жиберсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов
|