Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 12-марты № 67-б
Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2014-жылдын 14-мартында болуучу КМШнын Экономикалык кеңешинин жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык Комитетинин кезектеги жыйындарына, ошондой эле "КМШ жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматы" деген КМШга катышуучу мамлекеттердин мамлекеттер аралык экономикалык форумунун ишине жана Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуу маселеси боюнча консультацияларга катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Төмөнкүлөргө ыйгарым укук берилсин:
- КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Клименко Илья Петровичке КМШнын Экономикалык кеңешинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга;
- Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү Усупов Усен Макаевичке ЕврАзЭСтин Интеграциялык Комитетинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-мартындагы № 67-б буйругуна тиркеме |
Клименко Илья Петрович | - | КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Усупов Усен Макаевич(*), (**) | - | Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү; |
Панкратов Олег Михайлович(**) | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси; |
Чуйков Николай Алексеевич(*), (**) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн макроэкономика жана интеграция секторунун башчысы; |
Сыдыкова Гульмира Ракыевна(*), (**) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Кадыркулов Мукай Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Мулкубатова Чолпон Токтобаевна | - | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин биринчи катчысы. |
Эскертүү:
(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын күтүүгө каралган негизги сметасынын каражаттарынын эсебинен командировкага жиберилет;
(**) - Россия Федерациясынын Москва шаарына 2014-жылдын 12-15-мартында командировкага жиберилет.