Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 13-марты № 71-б
Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Иманалы Айдарбековдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып:
1. Иманалы Айдарбековдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча планды иштеп чыксын жана бекитсин, аны ишке ашырууну камсыз кылсын.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-мартындагы № 71-б буйругуна тиркеме |
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Раев Султан Акимович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Джумалиева Эльмира Бусурманкуловна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Кулматов Кубанычбек Кеңешович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Икрамов Санжар Икрамович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; |
Сатвалдиев Нурбек Сатвалдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясындагы, ЕврАзЭСтин Парламенттер аралык Ассамблеясындагы өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Ахмедов Орунбай Козубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору; |
Джунушалиев Туратбек Шаршенкулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Саккараев Марс Намарбекович | - | Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Айдарбекова Зифаргуль Мусулманкуловна | - | Иманалы Айдарбеков атындагы коомдук фонддун директору (макулдашуу боюнча);. |
Оторбаев Кубат Табылдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Саалаев Жедигер Ибраимович | - | "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн башкы редактору (макулдашуу боюнча); |
Слащева Тамара Михайловна | - | "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн башкы редактору (макулдашуу боюнча). |