КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 14-марты № 73-б
Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты жакшыртуу программасынын 3-программачасын ишке ашыруунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты жакшыртуу программасынын 3-программачасын ишке ашыруунун алкагында гранттык каражаттарды алуу маселелери жөнүндө Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Топ 2014-жылдын 17-18-мартында гранттык каражаттарды алуу маселелери боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
3. Топ өз ишине мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-мартындагы № 73-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты жакшыртуу программасынын 3-программачасын ишке ашыруунун алкагында гранттык каражаттарды алуу маселелери жөнүндө Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча топтун КУРАМЫ
Муканбетов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, топтун жетекчиси; |
Байгончоков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Бешимов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Чокоев З.Л. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Кадыркулов М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Абдыкаимов О.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Чолпонкулов Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттиктин директору; |
Жумашев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Кудабаев Т.З. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; |
Турганбаев Т.С. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун орун басары; |
Токтоматов Н.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестициялар жана мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк башкармалыгынын начальниги; |
Мурзаев К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын начальниги; |
Мурзалиев Х.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти. |