Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-марты № 77-б
Нарын облусунун Нарын шаарынын ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо маселелерине байланышкан проблемаларын комплекстүү чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Нарын облусунун Нарын шаарынын ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо маселелерине байланышкан проблемаларын комплекстүү чечүүгө карата сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия эки жумалык мөөнөттө, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна төмөнкүдөй сунуштарды киргизсин:
- Бишкек-Торугарт автожолунун участогунда оңдоо иштери башталганга чейин "Ак-Бечел" суу алгычындагы суу түтүктөрүн жана Нарын облусунун Нарын шаарынын ичүүчү суу түтүктөр тарамын жаңылоо жөнүндө;
- Нарын облусунун Нарын шаарында жаңы тазалоочу курулманы долбоорлоо жана куруу жөнүндө;
- Нарын облусунун Нарын шаарынын тазалоочу курулмаларынын экологиялык, санитардык жана техникалык ченемдерин белгиленген курулуштук жана санитардык ченемдер менен эрежелерге шайкеш келтирүү жөнүндө;
- жугуштуу мите ооруларынын жана уулануулардын жайылып кетүү коркунучтарынын алдын алуу боюнча санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү жөнүндө;
- Нарын облусунун Нарын шаарынын канализациялык түтүктөрүн жаңылоо жөнүндө.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл болгон учурда министрликтердин, административдик ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 77-б буйругуна тиркеме |
Мамбетов Турдубек | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; |
Токтошев Аскарбек Сулайманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана агындылоону өнүктүрүү департаментинин директору, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Чойбеков Кубанычбек Насыбекович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Нурбашев Таалайбек Инашевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Рустамов Абдыкалык Алибекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Кокочаров Урматбек Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору; |
Исабеков Нарынбек Дюйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору; |
Дженалиев Батырбек Сагыналиевич | - | Нарын шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Бакытаева Гуляйша Тологоновна | - | Нарын шаардык "Сууканал" ишканасынын директору (макулдашуу боюнча); |
Кичебаев Асираридин Мизамович | - | "Кыргызсуудолбоор" ачык акционердик коомунун директору (макулдашуу боюнча); |
Ессентаева Гульнара | - | Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын программаларынын аткарылышын мониторингдөө боюнча аналитик (макулдашуу боюнча). |