Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-марты № 78-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июлундагы № 277-б буйругунун редакциясына ылайык)
Социалдык коргоо тутумун өнүктүрүү·үчүн 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында социалдык өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында социалдык өнүктүрүү программасынын (мындан ары - Программа) жана 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында социалдык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (мындан ары - Иш-чаралар планы) долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- 2014-жылдын 1-сентябрына чейин Программанын жана Иш-чаралар планынын долбоорлорун иштеп чыксын;
- мамлекеттик органдарды, жергиликтүү∙өз алдынча башкаруу органдарын, жарандык секторду, донорлук коомчулукту, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды кошкондо кызыкдар тараптардын катышуусу менен Программанын жана Иш-чаралар планынын долбоорлорун иштеп чыгуу процессинин ачык-айкындуулугун камсыздасын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ өз ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү∙өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги:
- 2014-жылдын 1-декабрына чейин Программанын жана Иш-чаралар планынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин;
- ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу-техникалык камсыздоо менен байланышкан маселелерди чечсин.
5. Министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча керектүү маалыматты беришсин жана анын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 78-б буйругуна тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июлундагы № 277-б буйругунун редакциясына ылайык)
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Джунушалиев Айбек Джанышбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Султанов Шерикбай Ганыевич | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары; |
Жекшенов Бактыбек Жекшенович | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы; |
Белекова Бактыгуль | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Джунушалиев Кашкар Астаканович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Калиев Марат Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Ишекеев Назаркул | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Нуралиев Марат Абдыкеримович | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; |
Калиев Айбек Рыспекович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Кенжебаев Дыйканбай Бакашевич | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Абдылдаев Дуйшенбек Рыскулбекович | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Рустамов Абдыкалык Алибекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Мотукеев Болот Джакинбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Сабиров Шухрат Маматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Халитов Михаил Гильфанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Орозалиев Нурлан Султанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Пирназаров Марат Туголбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Тенизбаева Эльбира Бакировна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Калыков Акылбек Момунтаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары; |
Сатымбаев Абдибек | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Ибраев Нурдин Турсуналыевич | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; |
Текеева Люксина Айгуфовна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Урманбетов Замир Клычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Борбукеева Рита Нурмаметовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Юсупов Байыш | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Эгамбердиева Жумагуль Шариповна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Ботиков Рыскелди Торокулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Абдырахманов Саидбек Кутбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Абдыраимакунова Чынара Тургунбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Усубакунова Айныжамал Ильясовна | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Байгазаков Алимжан Топчубаевич | - | Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Мамбетакунов Калык Барктабасович | - | "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Турдубекова Назгуль Усеновна | - | "Баланын укугун коргоочулардын лигасы" коомдук фондунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Усенова Вера Усеновна | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык кызматкерлер ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Жураева Лира Эсенбековна | - | "Кыргызстандагы SOS балдар айылдары" коомдук фондунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Джабраилова Ольга Николаевна | - | "Оберег" реабилитациялоо борборунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Баштовенко Светлана Николаевна | - | "Улгайгандар үчүн ресурстук борбор" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Итикеева Мира Эсенбековна | - | "Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Уметалиева Токтоайым Джумакановна | - | ӨЭУ жана КЭУ ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Шипп Наталья Леонидовна | - | Кыргыз Республикасында балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Ташпаева Назгуль Аскеровна | - | социалдык маселелер жана балдарды коргоо боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Касенова Алина Абдыталиповна | - | "Балдардын резиденциялык мекемелеринин электрондук маалыматтар базасын түзүү" долбоорунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Ормонова Айнура Абдыкакимовна | - | "Биздин үн" борборунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Мусаева Асипа Мусаевна | - | Кыргызстандын майыптар ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Исаков Бакыт Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук паралимпиялык федерациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Джакубова Нуржамал Ибраевна | - | "Балалык институту" коомдук фондунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Эшмуратова Зейнеп Тажиевна | - | "Ар бир балага үй-бүлө" коомдук фондусунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Байбетова Гульжан Сагындыковна | - | "Жарандык-укуктук союз" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Нурмамбетова Гульназ Садыркуловна | - | "Нарын билим берүү долбоорлорунун агенттиги" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Ли Антонина Семеновна | - | "Шоола-Кол" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Турдугулова Жылдыз Ниязбековна | - | "Hyp-Бала" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Таштемирова Минавар Шараповна | - | "Нур" коомдук фондунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Каработоева Чолпон Джалиловна | - | "Үмүт" реабилитациялык борборунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Раимбеков Алымкул Садыбакасович | - | Зомбулук жана ырайымсыз мамиледен коргоо боюнча балдарга жардам көрсөтүү борборунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Сайдалы уулу Максат | - | "Эркиндик үнү" коомдук фондунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Житенева Валентина Григорьевна | - | "Кайрымдуу күчтөрдүн Союзу" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Жумабекова Турдубу Канаевна | - | Кыргыз Республикасындагы майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Сосницкая Лариса Анатольевна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы (макулдашуу боюнча). |