Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-марты № 81-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосундагы Медицина жана коомдук саламаттык сактоо жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрине аталган Меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Малайзия Өкмөтү, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого өбөлгө түзүүнү каалап, эки тарап үчүн өз ара жактыруучулуктун жана өз ара пайда көрүүнүн негизинде медицина жана коомдук саламаттык сактоого тиешелүү маселелерде өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну алдыга жылдыруу зарылдыгын таанышып,
төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө келишти:
1-берене. Максаттар
Тараптар ушул Меморандумдун шарттарына жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык өз ара пайданын жана теңдиктин негизинде медицина жана саламаттык сактоо жаатындагы маселелер боюнча кызматташууга жана өз ара аракеттенүүгө көмөктөшөт, колдошот жана өнүктүрүшөт.
2-берене. Кызматташуу тармактары
Ар бир Тарап өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык мезгил-мезгили менен өз өлкөлөрүндө кароонун жөнгө салуучу предметине жараша төмөнкү тармактарда кызматташууну колдоо, көмөктөшүү жана жардамдашуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө аракеттенет:
- алгачкы медициналык-санитардык жардам;
- медициналык жардам;
- инфекциялык ооруларды контролдоо;
- саламаттык сактоо жана медицина чөйрөсүндө башкаруу;
- кадрдык ресурстарды өнүктүрүү;
- медициналык изилдөөлөр жана саламаттык сактоо жаатындагы изилдөөлөр;
- медициналык жана фармацевттик продуктулар;
- Тараптар менен өз ара макулдашылуучу медицина жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кызматташуунун башка тармактары.
3-берене. Кызматташуунун формалары
Тараптар кызматташууну төмөнкү формаларда жүргүзөт:
- медицина жана коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндө эксперттерди жиберишүү;
- медицина жана коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндө технологияларды жана маалыматтарды алмашуу;
- биргелешкен кеңешмелерди, конференцияларды, семинарларды жана көргөзмөлөрдү уюштуруу;
- медицина жана коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндө даярдоонун жана билим берүү кызматташтыгынын башка формалары, алар өз ара макулдашылышы мүмкүн.
4-берене. Ыйгарым укуктуу орган
Ушул Меморандумду ишке ашырууга жооптуу уюм болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Малайзия Өкмөтүнүн атынан Малайзиянын Саламаттык сактоо министрлиги эсептелет.
5-берене. Кызматташуу
Тараптар ушул Меморандумда аталган кызматташуу жаатындагы маселелерди Тараптардын өз ара макулдашкан иш-аракеттер пландарына ылайык аткарышы керек. Ар бир Тарап өз өлкөсүндө ушундай иш-чараларды жана программаларды координациялоого жана жүзөгө ашырууга жоопкерчилик тартат.
6-берене. Финансылык шарттар
Ушул Меморандумдун алкагында ишке ашырылуучу биргелешкен иштер боюнча чыгымдарды жабуу үчүн финансылык шарттарды каражаттар жана башка ресурстар болгон шартта, конкреттүү учурга жараша Тараптар өз ара макулдашып алышы керек.
Ушул берененин биринчи абзацынын жоболоруна карабастан жумушчу топтордун кеңешмелерин уюштурууга чыгымдарды кабыл алуучу Тарап көтөрөт. Өз өкүлдөрүн жумушчу топтун кеңешмелерине катышуу үчүн жиберген Тарап мүмкүн болсо алардын барып-келишине жана жашаганына кеткен чыгымдарды өздөрү көтөрүшү керек.
7-берене. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын биргелешип пайдалануу
Ушул Меморандумдун алкагында көрсөтүлгөн кызматташуу тармактарына байланыштуу изилдөөлөрдүн жана технологияларды өнүктүрүүнүн жыйынтыктары, андан келип чыгуучу пайда Тараптардын макулдашуусу боюнча өз ара пайданын жана теңдиктин негизинде Тараптар ортосунда бөлүштүрүлүшү керек.
8-берене. Интеллектуалдык менчиктин укуктарын коргоо
Интеллектуалдык менчиктин укуктарын коргоо Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык, ошондой эле өздөрү катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин алкагында жүргүзүлүшү керек.
Ар бир Тараптын аталышын, логотибин жана/же расмий эмблеманы ар кандай жарыялоодо, документте жана/же кагазда Тараптардын биринин жазуу жүзүндөгү алдын ала макулдугу жок пайдаланууга тыюу салынат.
Ушул берененин биринчи абзацынын жоболоруна карабастан ар кандай технологиялык өнүктүрүүгө, продуктуларга жана өнүктүрүү жаатындагы кызмат көрсөтүүлөргө карата төмөнкүчө жүргүзүлгөн интеллектуалдык менчикке укуктар:
а) Тараптар биргелешип же Тараптардын биргелешип иштөөсү аркылуу изилдөөнүн жыйынтыктары шарттарга ылайык, макулдашуу боюнча Тараптардын биргелешкен менчигинде болушу керек;
б) Тарап өз алдынча иштеп чыккан же Тараптын жалгыз жана өз алдынча жасаган аракеттеринен алынган изилдөө жыйынтыктары Тараптардын гана менчигинде болушу керек.
9-берене. Купуялуулук
Ар бир Тарап ушул Меморандумду ишке ашыруу мезгилинин ичинде же ушул Меморандумга ылайык түзүлгөн башка макулдашууларды ишке ашыруу учурунда башка Тарапка берген же андан алган документтердин, маалыматтардын жана башка ар кандай башка маалыматтардын купуялуулугун жана жашырындыгын сактоого милдеттенет.
Эки Тарап тең бул берененин жоболору ушул Меморандумдун колдонулушу токтотулганына карабастан, Тараптар үчүн милдеттүү болушун уланта берүүгө макул болушат.
10-берене. Токтото туруу
Ар бир Тарап улуттук кызыкчылыкка, коомдук тартипке же калктын ден соолугуна жараша ушул Меморандумду ишке ашырууну убактылуу токтото туруу, же болбосо толугу менен же жарым-жартылай токтото туруу укугун өзүнө калтырат, аны токтото туруу дипломатиялык канал аркылуу экинчи Тарап билдирүү алгандан тартып дароо күчүнө кирет.
Бул Макулдашуунун колдонулушу Тараптардын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алгандан кийин Тараптардын өз ара макулдугу боюнча кайра жандандырылышы мүмкүн.
11-берене. Кайра кароо, өзгөртүү жана оңдоо
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өз алдынча протоколдор менен таризделет жана ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Тараптардын макулдашуусунан өтө турган ар бир кайра кароо, өзгөртүү же оңдоо жазуу жүзүндө кайра каралууга тийиш жана ушул Меморандумдун бөлүгүн түзүшү керек.
Мындай кайра кароо, өзгөртүү же оңдоо Тараптар аныктаган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ар бир кайра кароо, өзгөртүү же оңдоо ушул Меморандумдан келип чыккан укуктарга жана милдеттерге ушундай кайра кароо, өзгөртүү жана ондоо күнүнө чейин тиешеси болбойт.
12-берене. Талаштарды жөнгө салуу
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда кайчы пикирлер жана талаштар пайда болсо, Тараптар аларды сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечишет.
13-берене. Күчүнө кириши, колдонулуу мөөнөтү жана токтотулушу
Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Меморандум 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде бир да Тарап кезектеги мезгил бүткөнгө алты ай калганга чейин экинчи Тарапка жазуу жүзүндө анын күчүн токтотуу ниетин билдирбесе, ал автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мөөнөттөргө узартылат.
Жогоруда айтылгандарды ырастап, төмөндө кол койгондор, өз Өкмөттөрү тарабынан тиешелүү түрдө ыйгарым укук берилген катары ушул Меморандумга кол коюшту.
_________ шаарында 201__-жылдын "__" ________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, малай, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан: |
| Малайзия Өкмөтүнүн атынан: |
Саламаттык сактоо министри |
| Саламаттык сактоо министри |
_________________ |
| __________________ |