Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-марты № 82-б
Кыргыз Республикасынын энергетика секторун энергетика компанияларында башкаруунун заманбап механизмдерин пайдалануу менен реформалоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, ошондой эле энергетика компанияларынын төмөнкүлөргө багытталган ички документтеринин долбоорлорун иштеп чыксын:
- электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун түзүү;
- энергетика тармагын башкаруу жана жөнгө салуу маселелерине таандык функцияларды бөлүү;
- энергетика компанияларында башкарууну модернизациялоо, анын ичинде ички аудит бөлүмдөрүн түзүү, башкы дирекциянын мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуу;
- энергетика секторунда тарифтик методологияны калктын социалдык аялуу катмарын даректүү коргоону эсепке алуу менен өркүндөтүү;
- энергетика компанияларынын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу;
- бөлүштүрүүчү электр компанияларында башкарууга контрактты ишке киргизүү;
- энергетика компанияларынын директорлор кеңешинин жана башкы дирекциясынын компаниянын ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуудагы ролун күчөтүү жана жоопкерчилигин жогорулатуу.
3. Жумушчу топ белгиленген тартипте өз ишине эксперттерди, консультанттарды, мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын адистерин тартууга, ошондой эле жүктөлгөн милдеттерди аткарууда мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан материалдарды талап кылууга жана жардам алууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Жумушчу топтун ишин материалдык-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 82-б буйругуна тиркеме |
Артыкбаев О.М. | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Мамыров Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Ибраев Д.Т. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Эшенкулова Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Орозбеков Н.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун чарбалык коомдор менен иштөө боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Айдарова М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча департаментинин директорунун милдетин аткаруучу; |
Мезгин В.А. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Энергия" энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык борборунун жогорку чыңалуудагы техниканын лабораториясында чагылгандан коргоо жана жердетүү секторунун башчысы; |
Касымова В.М. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин Отун-энергетикалык комплексиндеги ачыктык демилгеси боюнча байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Обозов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын анык мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин Отун-энергетикалык комплексиндеги ачыктык демилгеси боюнча байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Абдурасулова Н.А. | - | "Юнисон" коомдук фонддун директору, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин Отун-энергетикалык комплексиндеги ачыктык демилгеси боюнча байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Кремер А. | - | Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын офисинин башчысы (макулдашуу боюнча); |
Хираока Р. | - | Кыргыз Республикасынын Азия өнүктүрүү банкынын туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору (макулдашуу боюнча); |
Грин М. | - | Кыргыз Республикасындагы ЮСАИД миссиясынын директору (макулдашуу боюнча); |
Терентьева О.В. | - | Кыргыз Республикасы боюнча "RESET" долбоорунун директору (макулдашуу боюнча); |
Батаканов М.Т. | - | "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Авазов С.А. | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Айткулов М.А. | - | "Кыргызстан УЭТ" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Турдубаев К.А. | - | "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча). |