Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-марты № 83-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосундагы Чек ара жанындагы кызматташууну уюштуруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы жана Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлиги баңги каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу жана аларга бөгөт коюу, мыйзамдарды аткаруу боюнча чек ара жанындагы региондордун ортосунда узак мөөнөттүү кызматташуу жана Тараптардын жарандарынын физикалык жана психикалык ден соолугун сактоо, ошондой эле Тараптардын коомдорун баңгизаттардан арылтуу үчүн төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты:
1-берене. Кызматташуу чөйрөсү
1. Тараптар өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жана аэропорттордогу өткөрмө пункттарында баңги контролун жүргүзүшөт, Тараптардын мамлекеттеринин чек ара жанындагы аймактарын баңги коркунучунан бошотууну, баңги кылмыштарынын алдын алууну жана бөгөт коюуну камсыз кылышат.
2. Тараптардын мамлекеттик чек ара жанындагы региондорунун баңги каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча органдары ушул Макулдашуунун жоболорунун негизинде Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин сактоо менен өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде иш алып барып, бири-бири менен түздөн-түз кызматташышат.
3. Ушул Макулдашуу жазык иштери боюнча укуктук жардам берүү жана көрсөтүү маселелерин козгобойт.
2-берене. Өткөрмө пункттар
1. Тараптардын мамлекеттеринин чек ара жанындагы региондорунун баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча органдарынын өз ара аракеттенүүсү кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жана эл аралык аба каттамдары үчүн арналган аэропорттордогу төмөнкү өткөрмө пункттарында жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасында:
(1) Торугарт автожол пункту (Нарын облусу, Ат-Башы району);
(2) Эркеч-Там автожол пункту (Ош облусу, Алай району);
(3) "Манас" эл аралык аэропорту (Чүй облусу, Сокулук району);
(4) "Ош" аэропорту (Ош облусу, Ош шаары).
- Кытай Эл Республикасында:
(1) Торугарт автожол пункту (Синцянь-Уйгур автономдук району);
(2) Эркеч-Там автожол пункту (Синцянь-Уйгур автономдук району);
(3) "Үрүмчү" аэропорту (Синцянь-Уйгур автономдук району, Үрүмчү шаары).
3-берене. Кызматташуу ыкмалары
1. Тараптар чек ара жанындагы региондордун баңги коопсуздугун камсыз кылуу, баңги контролун жүргүзүү, баңги кылмыштарынын алдын алуу жана бөгөт коюу максатында өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде төмөнкү багыттар боюнча кызматташышат:
(1) мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарында адамдар жана унаа каражаттары үчүн натыйжалуу баңги контролдоону камсыз кылуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү;
(2) мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарында жана чек ара жанындагы райондордо баңги каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү;
(3) уюшкан баңги кылмышына каршы күрөшүү;
(4) баңги контролдоо тажрыйбасы менен алмашуу, анын ичинде техникалык каражаттарды жана кызматтык из кубар иттерди пайдалануу тажрыйбасы, ошондой эле ыкчам-издөө, криминалистикалык жана өз ара кызыкчылыкка ээ болгон башка маалыматтар менен алмашуу;
(5) баңгизаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоо;
(6) кадрларды даярдоо жана такшалмаларды өткөрүү;
(7) материалдык-техникалык жардам көрсөтүү.
4-берене. Маалымат алмашуу
1. Тараптардын мамлекеттеринин чек ара жанындагы региондорунун баңгизаттардын жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча органдары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде ыкчам-издөө жана башка маалымат менен өз ара алмашышат. Атап айтканда төмөнкү маалымдар менен:
(1) чек ара жанындагы региондун аймагында туруктуу жашаган Тараптардын мамлекеттеринин жарандары жасаган административдик жана жазык баңги кылмышы жөнүндө (эгерде иштин жагдайларынан улам токтоосуз кабарлоо зарылчылыгы келип чыкпаса, анда беш суткадан кечиктирилбеген мөөнөттө);
(2) баңги кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн адамдар, анын ичинде качып жүргөн адамдар жөнүндө, эгерде Тараптардын мамлекеттеринин чек ара жанындагы регионунун аймагында алардын жүргөндүгүн же жүрүшү мүмкүндүгүн божомолдоого негиз болсо - токтоосуз;
(3) Тараптардын мамлекеттеринин чек ара жанындагы регионунун аймагында баңги кылмышын жасаган же жасоого ниеттенген адамдар жөнүндө (токтоосуз жана ушул адамдардын жарандыгына карабастан);
(4) Тараптардын биринин мамлекетинин аймагына баңгизаттарды контрабанда жолу менен өткөрүү аракети жөнүндө;
(5) баңгизаттарды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүдө аларды жашыруу ыкмалары жана аларды аныктоо методдору жөнүндө;
(6) баңгизаттарды мыйзамсыз ташыган адамдар жана аларды ташып өтүү маршруттары жөнүндө.
2. Чек ара жанындагы региондун баңгизаттардын жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча органдарга маалымат жиберүү Тараптардын мамлекеттеринин баңги контролдоо органдарынын борбордук аппаратына бул маалыматты берүү милдеттемесинен бошотпойт.
5-берене. Көмөк көрсөтүү
Тараптардын мамлекеттеринин чек ара жанындагы региондорунун баңгизаттардын жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча органдары тиешелүү суроо-талаптардын негизинде жана ушул Макулдашуунун 4-беренесин сактоо менен бири-бирине өз ара зарыл болгон көмөк көрсөтүшөт, анын ичинде түзүлгөн жагдайдын талабына жараша жана суроо-талап алган органдын макулдугу менен мыйзам аткаруу мүнөзүндөгү кандайдыр бир иш-аракеттерди аткарууга укук албастан, кесиптик иш жүргүзүү үчүн башка Тараптын мамлекетинин аймагына өзүнүн кызматкерлерин жиберүү аркылуу.
6-берене. Суроо-талаптын формасы жана мазмуну
1. 4-беренеде каралган маалымат алмашуу суроо-талаптардын негизинде жүргүзүлөт. Эгерде маалымат башка Тарап үчүн пайдалуу экендигин божомолдоого негиз болсо, анда мындай маалымат башка Тараптын баңгизаттардын жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча чек ара жанындагы органына суроо-талапсыз берилиши мүмкүн.
2. Көмөк көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптар жана аларга жооптор жазуу жүзүндө түзүлөт. Кийинкиге калтырууга болбогон учурларда суроо-талаптар оозеки түрүндө берилиши мүмкүн, бирок алар токтоосуз жазуу жүзүндө, анын ичинде текстти жөнөтүүнүн техникалык каражаттарын колдонуу менен тастыкталышы керек.
3. Көмөк көрсөтүү жөнүндө суроо-талап тийиштүү түрдө таризделиши керек жана төмөнкү реквизиттерди камтууга тийиш:
- суроо-талап чыккан баңгизаттардын жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча органдын аталышы жана суроо-талап даректелген баңгизаттардын жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча органдын аталышы;
- суроо-талап жөнөтүлгөн иштин же материалдын аталышы;
- күбөлөрдүн, жабыркагандардын, шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын, издөөдө жүргөндөрдүн, соттолуучулардын жана соттолгондордун аты-жөнү, алардын жарандыктары, алектенген иши жана туруктуу жашаган жери же турган жери, ал эми зарылдыгына жараша - алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн аты-жөнү жана дареги;
- тартип бузуунун баяндалышы жана аны жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзамдын ченеминин ишке таандык болгон тексти;
- суроо-талаптын мазмуну, ошондой эле анын аткарылышына зарыл болгон башка маалымдар.
4. Зарыл болгон учурда суроо-талапка аны аткаруу үчүн тиешелүү түрдө таризделген керектүү документтер тиркелет.
5. Суроо-талапка баңгизаттардын жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча органдын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан кол коюлушу жана ушул органдын мөөрү менен тастыкталышы керек.
7-берене. Суроо-талапты аткаруу
1. Суроо-талапты аткаруу мүмкүн болбогон же болбосо аны аткаруудан баш тартылган учурда, суроо-талапты алган Тарап жазуу жүзүндө суроо-талапты жиберген Тарапты токтоосуз кабарлайт жана суроо-талапты аткарууга тоскоол болгон себептер жөнүндө билдирет, ушуну менен бирге суроо-талапты жана анын бардык тиркемелерин кайтарып берет.
2. Эгерде суроо-талап алган Тарап аны аткаруу өзүнүн мамлекетинин эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна же башка олуттуу кызыкчылыктарына зыян келтирилиши мүмкүн экендигин божомолдосо же өзүнүн мамлекетинин мыйзамдарына каршы келсе, анда суроо-талапты аткаруудан толугу менен баш тартылышы мүмкүн.
3. Эгерде суроо-талап алган Тарап суроо-талапты токтоосуз аткаруу жазык ишине же өзүнүн мамлекетинин аймагында жүргүзүлүүчү башка өндүрүшкө жолтоо болушу мүмкүн экендигин божомолдосо, анда ал суроо-талаптын аткарылышын кийинкиге калтырышы же болбосо анын аткарылышын суроо-талапты жиберген Тарап менен консультацияларды жүргүзгөндөн кийин керектүү деп аныкталган шарттарды сактоо менен байланыштырышы мүмкүн. Суроо-талапты жиберген Тарап сунуш кылынган шарттарда ага көмөк көрсөтүүгө макулдугун берсе, анда ал ушул шарттарды сакташы керек.
8-берене. Маалыматтарды жана документтерди пайдалануу
1. Ушул Макулдашууга ылайык алынган маалымат, документтер жана башка маалымдар, ушул Макулдашууда аныкталган максаттар үчүн жана аларды берген Тарап жагынан белгиленген чектөөлөргө ылайык пайдаланылат.
2. Мындай маалымат, документтер жана башка маалымдар башка максаттарга, анын ичинде соттук же административдик териштирүүлөрдө далил катарында пайдаланылат, бирок аларды берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча жана ушул Тарап белгилеген каалагандай чектөөлөрдү сактоо шартында колдонулат.
9-берене. Купуялуулук
Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун маалымдарын жана Тараптар алмаша турган жашыруун маалыматты үчүнчү жакка, компанияга же болбосо башка адамдарга экинчи Тараптын макулдугун албастан ачыкка чыгарбоого милдеттенет. Бул купуялуулук принциби ушул Макулдашуунун колдонулушу аяктагандан кийин да сакталат.
10-берене. Байланышка чыгуучу адамдар
Ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу үчүн, ошондой эле ушул Макулдашуунун алкагында ыкчам таасир көрсөтүү максатында Тараптар байланышка чыгуучу ыйгарым укуктуу адамды жана тийиштүү байланыш каналын аныкташат.
11-берене. Иште колдонулган тилдер
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагындагы кызматташтыкты жүргүзүүдө орус жана кытай тилдерин колдонушат.
12-берене. Жумушчу жолугушуулар
1. Ушул Макулдашууда каралган кызматташтыкты ишке ашыруунун жүрүшүн кароо жана аны андан ары өркүндөтүүнүн багыттарын иштеп чыгуу үчүн Тараптар биргелешкен жумушчу жолугушууларды, кеңешмелерди, семинарларды өткөрүшөт.
2. Жолугушуулар Тараптардын ар биринин мамлекетинде макулдашуу боюнча кезеги менен өткөрүлөт.
13-берене. Чыгымдар
1. Тараптар ушул Макулдашууну өзүнүн мамлекетинин аймагында ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды, эгерде башка келишимдер болбосо өздөрү көтөрүшөт.
2. Тараптар өздөрүнүн өкүлдөрүнүн кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин аймагына барып-келүүсүнө жана жашоосуна байланыштуу чыгымдарынын баарын, эгерде алардын ортосунда жазуу жүзүндөгү башка келишимдер болбосо өздөрүнө алышат.
14-берене. Өзгөртүүлөрдү киргизүү
Ушул Макулдашууга Тараптардын макулдугу боюнча ушул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
15-берене. Талаш-тартыш маселелер
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөнүн же өзгөртүүнүн натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон талаш-тартыш маселелер Тараптардын өкүлдөрүнүн ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
16-берене, Күчүнө кириши жана колдонуунун токтотулушу
1. Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жылдын ичинде колдонулат. Эгерде Тараптардын бири тиешелүү мезгилдин аякташына чейин үч айдан кем эмес мөөнөттө ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү бербесе, анда анын колдонулушу өзүнөн-өзү кийинки беш жылдык мезгилдерге узартылып турат.
2. 20 -жылдын "__" _______, ___________________ шаарында бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки түп нускада түзүлдү, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлиги үчүн |