Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 19-марты № 96-б
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 40-беренелерине ылайык, 2015-2017-жылдарга карата бюджеттин орто мөөнөттүү болжолунун долбоорун жана 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун өз убагында жана сапаттуу даярдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2014-жылдын 25-мартына чейинки мөөнөттө 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду 2014-жылдын 25-мартына чейинки мөөнөттө акционердик коомдордун акцияларынын мамлекеттик үлүшүнөн дивиденддердин түшүүсүнөн алынуучу кирешелердин, чарба субъекттери боюнча мамлекеттик ишканалардын пайдасынан, ошондой эле мамлекеттик менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысынан түшүүлөрдүн 2015-2017-жылдарга карата болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2014-жылдын 25-мартына чейинки мөөнөттө салыктардын жана салыктык эмес кирешелердин бюджетке түшүүсүнүн 2015-2017-жылдарга карата негизделген болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги 2014-жылдын 25-мартына чейинки мөөнөттө 2015-2017-жылдарга карата пландалган пайдалуу кендерди иштетүү жана республиканын бюджетине алардан кирешелердин түшүүсү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
5. 2015-2017-жылдар үчүн бюджеттин орто мөөнөттүү болжолунун долбооруна карата бюджеттик чыгашалардын сектордук стратегияларын көрсөтүүчү бул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн министрликтер менен ведомстволор:
- 2014-жылдын 28-мартына чейинки мөөнөттө кызыкдар болгон мамлекеттик органдарды чакырып коомдук байкоочу кеңештер жана жарандык коомчулуктар менен сектордук стратегиялык талкууларды жүргүзүшсүн;
- 2014-жылдын 4-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине программалык негиздеги тийиштүү багыттар боюнча 2015-2017-жылдарга карата зарыл болгон эсептөөлөрү жана негиздемелери камтылган орто мөөнөттүү стратегияларды беришсин.
6. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана республикалык бюджеттен каржылануучу Кыргыз Республикасынын башка бюджеттик уюмдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине:
- 2014-жылдын 4-апрелине чейинки мөөнөттө - 2015-2017-жылдарга карата тийиштүү эсептөөлөрү жана негиздемелери менен атайын каражаттар боюнча болжолду;
- 2014-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сунуштамаларына жана смета формаларына ылайык, программалык негиздеги зарыл эсептөөлөрү жана негиздемелери менен мамлекеттик тармактык өнүктүрүү программаларына негизделген, 2015-2017-жылдарга бюджеттик каражаттардын чыгашаларынын жыйынтык сметасынын жана атайын каражаттар боюнча кирешелердин жана чыгашалардын сметаларынын долбоорлорун. Мында контролдук цифралардын кыйшаюусуз түрдө сакталышы камсыздалсын;
2015-2017-жылдарга карата бюджеттик мекемелердин тармактары, штаттары жана контингенттери боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү;
2015-2017-жылдарга карата программалык форматтагы бюджеттик документтерди;
программалардын түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттарды потенциалдуу үнөмдөө варианттарын;
2015-2017-жылдарга бюджеттин долбооруна киргизилбеген артыкчылыктуу чыгашаларды беришсин.
7. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2014-жылдын 4-апрелине чейинки мөөнөттө 2015-2017-жылдарга карата келип түшүүлөрдүн жана чыгашалардын болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин.
8. Айыл өкмөттөрдүн башчыларына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин райондук аймактык бөлүмдөрүнө төмөнкүлөрдү тапшыруу сунушталсын:
- 2014-жылдын 15-майына чейинки мөөнөттө – жергиликтүү бюджеттердин 2015-2017-жылдарга карата киреше бөлүгүнүн жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган болжолдорун;
- 2014-жылдын 16-июнуна чейинки мөөнөттө – жергиликтүү бюджеттердин 2015-2017-жылдарга карата чыгаша бөлүгүнүн жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган болжолдорун.
9. Бишкек жана Ош шаарларынын, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлерине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү берүү сунушталсын:
- 2014-жылдын 2-июнуна чейинки мөөнөттө – жергиликтүү бюджеттердин 2015-2017-жылдарга киреше бөлүгүнүн жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган болжолун;
- 2014-жылдын 25-июнуна чейинки мөөнөттө – жергиликтүү бюджеттердин 2015-2017-жылдарга карата чыгаша бөлүгүнүн жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган болжолун,
10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- сектордук программаларды иштеп чыгуу үчүн 2015-2017-жылдарга карата пландалган чыгашалардын болжолдуу көлөмүн 2014-жылдын 20-мартына чейинки мөөнөттө бул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн министрликтерге жана администрациялык ведомстволорго билдирсин;
- 2015-2017-жылдарга карата бюджеттин орто мөөнөттүү болжолунун долбоорун 2014-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин кароосуна киргизсин. Анын негизинде 2015-2017-жылдарга карата министрликтер, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомстволор үчүн чыгашалар боюнча жалпы контролдук цифраларды даярдасын;
- 2014-жылдын 31-майына чейинки мөөнөттө 2015-2017-жылдарга карата бюджеттин долбоорун түзүү боюнча нускама материалдарды, 2014-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча баалардын иштелип чыккан болжолдуу индекстерин жана 2015-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн башка негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн эске алуу менен, ошондой эле 2015-2017-жылдарга карата чыгашалар боюнча контролдук цифраларды даярдасын жана министрликтерге, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомстволорго жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылануучу башка бюджеттик уюмдарга билдирсин;
- 2014-жылдын 15-августуна чейинки мөөнөттө:
Кыргыз Республикасынын 2015-2017-жылдарга карата республикалык бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды жүргүзсүн;
Кыргыз Республикасынын 2015-2017-жылдарга карата республикалык бюджетинин долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.
11. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы 96-б буйругуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу байланыш Мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду