Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 19-марты № 100-р
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки көпүрөнү жана автомобиль жолдорунун участокторун куруу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтү мындан ары Тараптар деп аталып,
1996-жылдын 12-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндөгү келишимди жетекчиликке алуу менен,
Көпүрөлөрдүн жана аларга чектеш автомобиль жолдорунун курулушуна карата эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын 2012-жылдын 15-декабрындагы жолугушуусунун протоколун аткаруу үчүн,
ынтымактуу коңшулук мамиле жана өз ара пайдалуу кызматташтык духунда төмөндөгүлөр боюнча макулдашышты:
1-берене.
Эки мамлекеттин жарандарынын жана транспорттук каражаттарынын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо максатында, Тараптар Гулякандоз каналы жана Козубаглан (Ходжа-Бакиргон) суусу аркылуу эки көпүрөнүн, ошондой эле төмөндөгү географиялык координаттары менен аларга чектеш автомобиль жолдорунун участокторунун курулушун ишке ашырышат:
1) автожол участокторунун башталышы - Х=442087.940; Ү=558323.751;
2) автожол участокторунун бүтүшү - Х=441955.514; Ү=558105.377.
Ийри сызыктардын элементтеринин координаттарынын толук ведомосту бул Макулдашууга тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
2-берене.
Көпүрөлөрдү жана аларга чектеш автомобиль жолдорунун участокторун куруу боюнча чыгымдарды, анын ичинде имараттардын, курулмалардын, башка курулуштардын жана жайыттардын бузулуу мүмкүндүгү менен байланышкан чыгымдарды Тараптар бирдей үлүштө Тараптар тарабынан макулдашылган трассанын планы, автожолдордун схемасы жана болжолдонгон курулуштун эсеп-кысап наркына ылайык ишке ашырышат.
Трассанын макулдашылган планы, автожолдордун схемасы, болжолдонгон курулуштун эсеп-кысап наркынын, иш өндүрүшүнүн календарлык графигине ылайык курулуш мөөнөтү, ошондой эле көпүрөлөрдү жана аларга чектеш автомобиль жолдорунун участокторун андан ары күтүүнүн тартиби бул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып бир айдын ичинде Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан өзүнчө Протоколдор менен таризделет.
3-берене.
Бул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу боюнча Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Тажикстан Республикасынын Транспорт министрлиги саналышат.
4-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркация жүргүзүү учурунда бул Макулдашуунун жоболоруна таянышпайт.
5-берене.
Тараптар эки Тараптын жарандарынын жана транспорттук каражаттарынын өтүүсүнө кандайдыр бир жол менен чектөөлөрдү коюшпайт, ошондой эле курулушу бул Макулдашуунун предмети болуп саналган эки көпүрөнүн жана автомобиль жолдорунун участокторундагы кыймылдарга тоскоолдук келтирүүчү постторду жана башка курулуштарды орнотушпайт.
6-берене.
Курулган көпүрөлөргө жана аларга чектеш автомобиль жолдорунун участокторуна менчик укугун аныктоого байланышкан маселелер Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек аралардагы делимитация жана демаркация процесстери аяктагандан кийин чечилет.
7-берене.
Бул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон талаштарды Тараптар сүйлөшүү жана консультация берүү жолдору менен чечишет.
8-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу менен бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө Протоколдор менен таризделип, анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана бул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык күчүнө кирет.
9-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап убактылуу колдонулат жана Тараптар анын күчүнө кирүүсүнө зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн баштап күчүнө кирет.
10-берене.
Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек аралардагы делимитация жана демаркация процесстери толук аяктаганга жана юридикалык жактан таризделгенге чейин колдонулат.
____________________ шаарында 2014-жылдын "__" ______________ ар бири эки нускадан кыргыз, тажик жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө карама-каршылыктар келип чыкса, Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ______________________ |
| Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ______________________ |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки көпүрөнү жана автомобиль жолдорунун участокторун куруу жөнүндөгү макулдашууга тиркеме |
| ПК+ | X | Y | |
Участоктун башталышы | 0+00.00 | 442087,940 | 558323,751 | |
Бурчтун чокусу № | 1 | 1+91.67 | 441995,161 | 558156,035 |
Бурулуштун башталышы | 1+38.18 | 442021,054 | 558202,843 | |
Ийри сызыктуу айлампанын башталышы | 1+68.18 | 442002,594 | 558179,618 | |
Ийри сызыктуу айлампанын бүтүшү | 1+91,61 | 441980,097 | 558175,643 | |
Бурулуштун бүтүшү | 2+21.61 | 441954,795 | 558191,135 | |
Бурчтун чокусу № | 2 | 2+82.62 | 441908,760 | 558231,164 |
Бурулуштун башталышы | 2+82.62 | 441908,760 | 558231,164 | |
Ийри сызыктуу айлампанын башталышы | 2+82.62 | 441908,760 | 558231,164 | |
Ийри сызыктуу айлампанын бүтүшү | 2+82.62 | 441908,760 | 558231,164 | |
Бурулуштун бүтүшү | 2+82.62 | 441908,760 | 558231,164 | |
Бурчтун чокусу № | 3 | 4+12.63 | 441812,019 | 558318,020 |
Бурулуштун башталышы | 3+83.00 | 441834,067 | 558298,225 | |
Ийри сызыктуу айлампанын башталышы | 4+03.00 | 441817,366 | 558308,820 | |
Ийри сызыктуу айлампанын бүтүшү | 4+13.32 | 441807,164 | 558308,551 | |
Бурулуштун бүтүшү | 4+33.32 | 441791,044 | 558297,090 | |
Бурчтун чокусу № | 4 | 4+79.18 | 441758,578 | 558264,694 |
Бурулуштун башталышы | 4+47.23 | 441781,196 | 558287,263 | |
Ийри сызыктуу айлампанын башталышы | 4+67.23 | 441769,701 | 558271,168 | |
Ийри сызыктуу айлампанын бүтүшү | 4+79.77 | 441770,036 | 558258,833 | |
Бурулуштун бүтүшү | 4+99.77 | 441782,387 | 558243,384 | |
Бурчтун чокусу № | 5 | 6+25.13 | 441875,797 | 558159,778 |
Бурулуштун башталышы | 5+67.27 | 441832,679 | 558198,370 | |
Ийри сызыктуу айлампанын башталышы | 6+17.27 | 441870,482 | 558165,654 | |
Ийри сызыктуу айлампанын бүтүшү | 6+32.88 | 441882,775 | 558156,025 | |
Бурулуштун бүтүшү | 6+82.88 | 441923,594 | 558127,160 | |
Участоктун бүтүшү | 7+21.53 | 441955,514 | 558105,377 |