Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 28-марты № 111-б
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Ибраимов Жумабек Ибраимовичтин туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Ибраимов Жумабек Ибраимовичтин туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети эки жумалык мөөнөттө эскерүү иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү боюнча планды иштеп чыгып, бекитсин жана аны ишке ашырууну камсыз кылсын.
3. Эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө байланышкан чыгымдар тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдына башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министрдин, милдетин аткаруучу Премьер-министрдин милдети аткаруучу |
Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 111-б буйругуна тиркеме |
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Раев Султан Акимович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
|
| Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: |
Исаков Эсенгул Байдалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Сакебаев Эркин Абдышевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин милдетин аткаруучу; |
Сариев Темир Аргембаевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин милдетин аткаруучу; |
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу; |
Садыков Канат Жалилович | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу; |
Айдаралиев Талантбек Алимбекович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу; |
Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу; |
Омуралиев Талайбек Барктабасович | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министринин милдетин аткаруучу; |
Кулматов Кубанычбек Кеңешович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Разаков Жениш Парпиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Джээнбеков Жусупжан Амражанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Каптагаев Эмилбек Саламатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Курманалиева Койсун Аблабековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кайыпов Аманбай | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Исаев Канатбек Кедейканович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Супатаев Тынарбек Усубалиевич | - | Чүй облусунун Кемин районунун администрация башчысы-аким; |
Эркебаев Абдыганы Эркебаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти; |
Султанов Семетей Алымбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев Кубат Табылдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Саалаев Жедигер Ибраимович | - | "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору-башкы редактор; |
Слащева Тамара Михайловна | - | "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору-башкы редактор; |
Осмонов Манас Орозбаевич | - | "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору; |
Ибраимов Нурдин Жумабекович | - | Ж.И.Ибраимовдун уулу (макулдашуу боюнча); |
Раматов Курманбек Раматович | - | шакирти (макулдашуу боюнча). |