Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 4-апрели № 116-б
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2014-жылдын 7-8-апрелинде болуучу "Бишкек шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо (II фаза)" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынын протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Дж.Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-апрелиндеги № 116-б буйругуна тиркеме |
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси; |
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Нышанов Сайдулла Канболотович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Жамгырчиева Гульнара Оморовна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Дыйканбаев Курманбек Сапарович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Мамбетов Турдубек Мамбетович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; |
Токтошев Аскарбек Сулейманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана агындылоону өнүктүрүү департаментинин директору; |
Турганбаев Толон Самудинович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ингеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун орун басары; |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардамдар башкармалыгынын начальниги; |
Кулматов Кубанычбек Кенешович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Исаев Асылбек Мухамбетович | - | "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча). |