Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-апрели № 122-б
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, көрүнүктүү театр жана кино актрисасы Таттыбүбү Турсунбаеванын туулган күнүнүн 70 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып:
1. Таттыбүбү Турсунбаеванын туулган күнүнүн 70 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети эки айлык мөөнөттө мааракелик иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттеринин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-апрелиндеги № 122-буйругуна тиркеме |
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Талиева Камила Абдыразаковна | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Кайыпов Аманбай Кайыпович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кулматов Кубанычбек Кеңешевич | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев Кубат Табылдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Жумагулов Султанбек | - | Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - "ЭлТР" телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Саалаев Жедигер Ибраимович | - | "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Слащева Тамара Михайловна | - | "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Бектеналиев Мукталы Абдыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин директору; |
Алышпаев Марат Усенович | - | Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору (макулдашуу боюнча); |
Садык Шер-Нияз | - | Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Мамбетакунов Молдосейит | - | режиссер (макулдашуу боюнча); |
Бегалиев Муратбек Акимович | - | "Жумгал" коомдук уюмунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Турсунбаев Нуркан | - | Т.Турсунбаева атындагы республикалык коомдук фонддун төрагасы (макулдашуу боюнча). |