Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2011-жылдын 11-ноябры № 204
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүңдө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 31-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентинин XI белүмүнө ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык саньшын чеги жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинин эскертүүсүнүн 3-пунктунун тиркелген түшүндүрмөсү бекитилсин.
2. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине, администрациялык ведомстволоруна жиберилсин.
Министр Өкмөттүн Аппарат жетекчиси |
Н. Момуналиев |
| Кыргыз Республикасынын министринин - Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин 2011-жылдын 11 ноябрындагы № 204 буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинин эскертүүсүнүн 3-пунктунда техникалык жана тейлөөчү персоналдын саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому менен белгиленген сандык чектин 20 процентинен ашпастан белгиленет деп аныкталган.
Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар өздөрүнүн чектүү штаттык санынан техникалык жана тейлөөчү персонал үчүн 20 процентгик квотаны борбордук аппарат, ведомстволук жана аймактьж бөлүмдөрүнүн ортосунда өз алдынча бөлүштүрө алышат.