Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы №391, 2012-жылдын 16-майындагы № 299, 2012-жылдын 4-декабрындагы № 812 токтомдорунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча ишин уюштуруу эрежелерин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат.
3. Өкмөт ага баш ийген министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын ишине, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине аларга мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда жетекчилик кылат.
4. Өкмөт Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигинин органдарынын бирдиктүү системасын түзгөн жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан ага таандык маселелерди чечүүчү коллегиялуу орган болуп саналат.
5. Өкмөттүн иши мыйзамдуулук, коллегиялуулук, маалымдуулук жана ачыктык, адамдан жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу, өз иши үчүн жоопкерчилик принциптерине негизделет жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана ушул Регламентке ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Өкмөттүн ишинин негизги багыттары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары - Премьер-министр) тарабынан аныкталат.
7. Премьер-министр Өкмөттүн ишин уюштурат, Өкмөттүн жыйындарын алып барат, Өкмөттүн мүчөлөрүнө, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине тапшырма берет, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Өкмөттүн чечимдерин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) токтомдорун аткаруу боюнча жасалган иштер жөнүндө алардын отчетторун контролдойт жана суратып алат.
8. Өкмөт Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасындагы аткарылууга милдеттүү токтомдорду жана буйруктарды чыгарат.
9. Өкмөт актыларды токтомдор жана буйруктар түрүндө чыгарат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актылары токтомдор түрүндө кабыл алынат.
10. Өкмөттүн актыларына Премьер-министр, ал эми Премьер-министр жок учурда Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри (мындан ары - биринчи вице-премьер-министр) же аны алмаштырган Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (мындан ары - вице-премьер-министр) кол коет, «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга жатат.
11. Өкмөт өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) жана Өкмөттүн мыйзамдарын жана токтомдорун, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин аткарылышын уюштурат жана аткаруу бийлиги органдарынын аларды аткаруусуна дайыма контролдукту жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт.
12. Өкмөт Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жана Өкмөттүн чечимдеринин аткарылышына контролду жүзөгө ашыруу максатында өзүнүн жыйындарында Өкмөт мүчөлөрүнүн, администрациялык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилеринин отчетторун жана маалыматын угат (Өкмөттүн компетенциясынын чегинде), аталган органдардын ишине баа берет, аткаруу бийлик органдарынын актыларынын аракетин жокко чыгаруу же токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алат.
13. Өкмөттө Кыргыз Республикасынын актыларынын долбоорлору жана Өкмөттүн ишине тиешелүү башка маселелер каралууга тийиш.
14. Ушул Регламенттин 13-пунктунда көрсөтүлгөн актылардын жана башка документтердин долбоорлору Өкмөттүн кароосуна Өкмөт мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери, ал эми алар жок учурда алардын милдеттерин аткаруучу адамдар тарабынан киргизилет.
Ведомствого караштуу, мамлекеттик органдын аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрү, мекемелер, анын карамагындагы ишканалар Өкмөттүн, Премьер-министрдин, Өкмөттүн Аппаратынын дарегине жогору турган мамлекеттик орган аркылуу кайрылышат.
Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Регламентке ылайык Өкмөттүн ишине тиешелүү Өкмөт актыларынын долбоорлорун Өкмөткө киргизүү укугуна ээ болушат.
15. Жогорку Кеңештин депутаттары Өкмөттүн компетенциясына таандык маселелер боюнча гана Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун киргизүү жөнүндө суроо-талап менен Өкмөткө кайрылышат.
Өкмөттүн компетенциясына кирбеген маселелерди камтыган, Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары тийиштүү негиздемеси менен депутаттарга кайтарылат.
16. Өкмөттө актылардын жана башка документтердин долбоорлорун кароонун натыйжасы Өкмөттүн тийиштүү чечимдери, Өкмөттүн жыйындарынын, вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин - министринин (мындан ары - Аппарат жетекчисинин) төрагалыгы алдында координациялык жана кеңешме органдарынын тийиштүү чечимдери, Премьер-министрдеги, вице-премьер-министрлердеги кеңешмелердин протоколдору же алар кол койгон башка документтер менен таризделет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-майындагы № 299 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Ушул Регламенттин 13-пунктунда каралбаган же ушул Регламенттин 14, 15-пункттарында көрсөтүлбөгөн органдардын жетекчилери же адамдар тарабынан киргизилген Өкмөткө кайрылуулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кароо жана алардын ыйгарым укуктарына ылайык чечимдерди кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт.
18. Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Жогорку Кеңештин, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөттүн актыларын, Өкмөттүн башка чечимдерин кабыл алуу жөнүндө сунуштарды камтыган кайрылуулары министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана аткаруу бийлигинин башка органдарына тийиштүү аткаруу бийлиги органдарынын карамагындагы чөйрөгө ылайык жөнөтүлөт. Көрсөтүлгөн органдар кайрылууларды иштеп чыгууну жүргүзүшөт, өзүнүн компетенциясынын чегинде тийиштүү чечимдерди кабыл алышат, зарыл болгон учурда Өкмөттүн чечимин талап кылган актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Өкмөткө киргизишет жана кароонун жыйынтыктары жөнүндө арыз ээлерине маалымат беришет.
19. Бюджеттик каражатты кошумча бөлүп берүү жөнүндө өтүнгөн, анын ичинде республикалык бюджетте каржылоо каралбаган иш-чараларды өткөрүү жөнүндө кайрылуулар жана каттар өзгөчө, согуштук абалдары киргизилген, бөөдө кырсык же табигый катаклизм болгон учурларды кошпогондо Өкмөт тарабынан каралбайт.
20. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан өз алдынча чечилүүгө тийиш болгон маселелер боюнча Өкмөттүн токтомдору жана буйруктары кабыл алынбайт.
21. Өкмөттүн токтомдору жана буйруктары, Өкмөттө өткөрүлгөн жыйындардын жана кеңешмелердин протоколдору, Өкмөттө каралган документтер боюнча Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин резолюциялары Өкмөттүн Аппараты тарабынан таризделет жана таркатылат.
22. Өкмөттүн Аппаратынан министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка органдарына берилген тапшырмаларга Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Аппараттын жетекчиси жана анын орун басарлары алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча кол коюшат.
Оперативдүү, техникалык же уюштуруучулук-жол-жоболоштурулган мүнөздөгү документтерге Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн компетенциясына таандык маселелер боюнча кол коюшат.
23. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөттүн актыларында, Өкмөттө өткөрүлгөн жыйындардын жана кеңешмелердин протоколдорунда, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин жана Аппарат жетекчисинин резолюцияларында камтылган тапшырмалардын аткарылышын контролдоо Өкмөттүн Аппараты тарабынан уюштурулат.
24. Өкмөттүн чечимдерин кабыл алуу процессин оптималдаштыруу максатында Өкмөттүн жана мамлекеттик органдардын түзүмүндө электрондук санариптик кол коюуну пайдалануу менен «электрондук өкмөт» системасын киргизүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган электрондук документтерди жүгүртүү системасы иштейт.
25. Өкмөттүн иши жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынан маалымат алуу жана жалпы пайдалануу маалыматтык системаларында Өкмөттө каралуучу маселелер жана материалдарды жайгаштыруу тартиби жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик бийлик органдарынын ишин чагылдыруу тартиби жөнүндө мыйзамдарда аныкталат.
26. Өкмөттүн кароосуна келип түшкөн документтер, ошондой эле алар боюнча кабыл алынган чечимдер аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарыялаганга чейин кызматтык маалыматты камтыган материалдарга таандык кылынат.
II. Өкмөттүн ишин пландаштыруу жана уюштуруу
27. Өкмөт Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жалпы мамлекеттик программасын жана аларды ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыгат, ошондой эле өзүнүн мыйзам долбоорлоо ишин, жыйындарды жана башка иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырат.
28. Өкмөт мүчөлөрү өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Президенти өткөргөн иш-чараларга, Өкмөттүн жыйындарына, Өкмөт уюштуруучу координациялык жана кеңешме органдардын, Жогорку Кеңештин, ошондой эле Өкмөт мүчөлөрү үчүн милдеттүү болгон башка пландуу иш-чараларга катышуусунун зарылдыгын эске алуу менен пландаштырат.
29. Облустук мамлекеттик администрация башчыларынын - губернаторлордун, Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин ишенип берилген аймактын чегинен тышка чыгуусу Премьер-министр менен макулдашылат.
Министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, аткаруу бийлигинин башкаруу органдарынын жетекчилеринин чет өлкөгө иш сапарлары Премьер-министрдин уруксааты менен, тейлөөчү вице-премьер-министрдин макулдугу боюнча Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнүн ой-пикирин эске алуу жана кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымдоо менен жүзөгө ашырылат.
Аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилеринин, анын ичинде облустардын мамлекеттик администрация башчыларынын отпускасы Премьер-министр, ошондой эле тейлөөчү вице-премьер-министр менен отпуска башталганга чейин кеминде 10 күн мурда жазуу жүзүндө макулдашылат.
Министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын чет өлкөгө иш сапарлары Аппарат жетекчиси же анын орун басары менен макулдашуу боюнча Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ой-пикирин эске алуу жана кийин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине маалымдоо менен жүзөгө ашырылат.
Министрлердин, төрагалардын, алардын орун басарларынын, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин, алардын орун басарларынын чет өлкөгө баруулары жөнүндө маалымат алар кайрылып келген күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде Өкмөткө берилет.
30. Өкмөт же Премьер-министр түзгөн координациялык жана кеңешме органдар өзүнүн ишин алар жөнүндө жоболорго ылайык өз алдынча пландаштырышат.
31. Өкмөттүн кезектеги жыйындары бекитилген план боюнча, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Өкмөттүн жыйындарындагы маселелерди кароо жарым жылга пландаштырылат. Өкмөттүн кезектеги мезгилге жыйындарынын планы Өкмөттүн жыйындарында каралууга жаткан негизги маселелердин тизмеси ар бир маселе боюнча аны кароонун датасын жана маселени даярдоого жооптуу аткаруу бийлиги органдарын көрсөтүүнү камтыйт.
32. Аткаруу бийлиги органдары кезектеги жарым жыл башталганга чейин кеминде 1 ай мурда Өкмөттүн Аппаратына Өкмөттүн жыйынында каралууга жаткан маселелер жөнүндө сунуштарды тийиштүү материалдарды кароонун датасын, ошондой эле аларды кароонун зарылдыгынын негиздемесин көрсөтүү менен беришет.
33. Ушул Регламенттин 32-пунктунда көрсөтүлгөн сунуштардын негизинде кезектеги жарым жылдыктан мурдагы айдын биринчи жарымынын ичинде Өкмөттүн Аппараты Өкмөттүн кезектеги мезгилдеги жыйындарынын планынын долбоорун түзөт.
Өкмөттүн жыйындарынын планынын долбоору Өкмөттүн токтому менен бекитилет. Бекитилген планды өзгөртүү, пландан маселелерди чыгарып салуу жөнүндө чечим Премьер-министрдин өзү же болбосо аткаруу бийлиги органынын маселени даярдоо үчүн жооптуу жетекчисинин жүйөлүү сунушу боюнча кабыл алынат.
Жыйындарда кошумча (пландан тышкары) маселелерди кароо Премьер-министрдин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
34. Өкмөттүн жыйындарында кароо үчүн тийиштүү материалдарды даярдоо жүктөлгөн аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилери алардын сапаты жана өз убагында берилиши үчүн жекече жоопкерчиликтүү болушат. Өкмөттүн жыйындарынын планына киргизилген маселелер боюнча материалдар маселени кароонун планда аныкталган датасына чейин кеминде 14 күн мурда берилет.
35. Шашылыш мүнөздөгү жана кийинкиге калтырууга болбогон маселелер Өкмөттүн жыйынына Премьер-министр тарабынан киргизилет, ал эми ал жок учурда - биринчи вице-премьер-министр тарабынан 34-пунктта көрсөтүлгөн эрежелерди сактабай туруп киргизилет.
Мындай маселелер боюнча чечим, эгерде Өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү аны жактап добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет. Мындай учурда Өкмөттүн чечимине Өкмөт мүчөлөрү тарабынан кийин виза коюу талап кылынбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы №391 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Кийинкиге калтырууга болбой турган айрым маселелер же Өкмөттүн жыйындарында талкуу зарылдыгы келип чыкпаган маселелер Өкмөт тарабынан жыйын өткөрбөй туруп, оперативдүү тартипте кабыл алынышы мүмкүн. Мындай учурларда Өкмөттүн актыларынын долбоорлору Өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү менен оперативдүү тартипте макулдашылат, милдеттүү түрдө биринчи вице-премьер-министр, бул маселени тейлеген вице-премьер-министр тарабынан, ошондой эле Аппарат жетекчиси тарабынан виза коюлат.
37. Өкмөттүн буйругунун долбоору кызыкдар болгон министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар менен макулдашуу шартын сактоо менен даярдалат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн көпчүлүгү менен макулдашуу шарты буга кирбейт.
Өкмөттүн делегациялардын курамын бекитүүгө байланышкан буйруктарынын долбоорлору Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан киргизилиши мүмкүн жана Өкмөт мүчөлөрү менен макулдашылбайт.
38. Өкмөт Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизет, ошондой эле Жогорку Кеңештин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты менен өз ара аракеттенет.
39. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Өкмөттүн актыларынын, башка документтердин долбоорлору Өкмөткө киргизилет жана ушул Регламенттин V бөлүмүндө аныкталган тартипте кароого даярдалат.
Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин компетенциясына таандык маселелер боюнча сунуштар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка аткаруу бийлиги органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан эгерде Өкмөттүн чечиминде башкача каралбаса, Өкмөт аркылуу гана киргизилет.
40. Өкмөттүн жыйынынын күн тартибинин долбоору жыйынга чейин беш күн мурда Аппарат жетекчиси тарабынан түзүлөт жана тийиштүү материалдар менен бирге Премьер-министрге берилет.
Премьер-министр тарабынан жактырылган жыйындын күн тартибинин долбоору жана тийиштүү материалдар жыйындын датасынан кеминде 3 күн мурда анын катышуучуларына таратылат. Жыйындын күн тартибинин долбоорун жана материалдарды таратып берүү Премьер-министр аныктаган тартипте электрондук почта аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Өкмөттүн жыйынынын күн тартиби түздөн-түз жыйында бекитилет.
Өкмөттүн жыйынына аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери, ошондой эле каралып жаткан маселеге түздөн-түз тиешеси бар башка уюмдардын жетекчилери чакырылат. Өкмөттүн жыйынына чакырылган адамдардын курамы каралып жаткан маселени даярдоо үчүн жооптуу министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын сунушу боюнча Аппарат жетекчиси тарабынан аныкталат.
Өкмөттүн жыйынына каралып жаткан маселе боюнча материалдарды даярдоону түздөн-түз жүзөгө ашырган Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери да чакырылат.
41. Өкмөттүн жыйынынын катышуучуларын каттоо жана аны уюштуруу жыйындарды уюштуруучулук камсыз кылуу маселелери компетенциясына кирген Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.
42. Өкмөттүн жыйыны, эгерде анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышса укук ченемдүү деп эсептелет.
Өкмөттүн жыйындарындагы маселелер Өкмөт мүчөлөрүнүн, администрациялык ведомстволордун жана каралып жаткан маселе алардын карамагынын чөйрөсүнө кирген аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин же алардын милдетин аткарган адамдардын милдеттүү катышуусу менен каралат.
43. Өкмөттүн жыйындарына Премьер-министр төрагалык кылат. Премьер-министр жок учурда төрагалык кылуучунун милдетин биринчи вице-премьер-министр же вице-премьер-министр аткарат.
44. Өкмөттүн жыйындарында анын күн тартибинин маселелери боюнча Өкмөттүн мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилери же болбосо алардын милдеттерин аткарган адамдар докладдар менен чыгып сүйлөшөт.
45. Өкмөттүн жыйындарында чечим Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда жыйында төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
Жыйында каралып жаткан маселе боюнча Өкмөттүн мүчөсүнүн өзгөчө ой-пикири жыйындын протоколуна киргизилүүгө тийиш.
Өкмөттүн жыйынында докладдар үчүн убакыт 15 мүнөткө чейинки чекте, кошумча докладдар үчүн 10 мүнөткө чейинки, жарыш сүйлөөлөр үчүн - 5 мүнөткө чейинки чекте белгиленет. Ошол эле учурда жыйында төрагалык кылуучунун чечими боюнча белгиленген убакыт узартылышы мүмкүн.
46. Өкмөттүн жабык жыйындарын өткөрүүдө (айрым маселелерди жабык талкуулоо) материалдарды даярдоо, жыйынга киргизүү, протоколдорду жана кабыл алынган актыларды тариздөө жашыруун документтер менен иштөөнүн белгиленген эрежелерин жана жашыруундуулук режимин сактоо менен жүзөгө ашырылат.
47. Өкмөттүн Аппараты белгиленген тартипте:
- Өкмөттүн жыйындарында каралуучу маселелер жана материалдар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат беришет;
- жыйындар аяктагандан кийин жыйындарда каралган маселелер боюнча Өкмөт мүчөлөрүнүн пресс-конференцияларын (брифингдерин) уюштурат, жыйындарда каралган маселелер жана бул маселелер боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарандарга маалымат берүүнү камсыз кылат.
48. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу жана кино-, видео- жана фотосүрөттөрдү тартып алууну өткөрүү, ошондой эле Өкмөттүн жыйындарында үн жазуулары Аппарат жетекчиси аныктаган тартипте уюштурулат.
49. Өкмөттүн Аппараты жыйындардын, анын ичинде жабык жыйындардын аудиожазууларын камсыз кылат. Аудиожазуу зарылдыгына жараша Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча чечмеленет.
Жыйындын катышуучуларына жана чакырылган адамдарга жыйынга аудио-, видео- жана фотоаппараттарды Аппарат жетекчиси бекиткен тизмеге ылайык алып кирүүгө тыюу салынат.
50. Өкмөттүн Аппаратынын карамагында турган маалыматты жеке жана юридикалык жактардын алуусу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
III. Өкмөттүн жыйындарында кабыл алынган чечимдерди тариздөө
51. Өкмөттүн жыйынында кабыл алынган чечимдер протокол менен таризделет жана мындай чечимдерге Өкмөт мүчөлөрү тарабынан виза коюу талап кылынбайт. Ошол эле учурда Өкмөттүн жыйынында кабыл алынган чечим жыйын өткөрүлгөн, ал кабыл алынган дата менен таризделет. Өкмөттүн жыйынынын протоколу Өкмөттүн Аппараты тарабынан жыйын аяктагандан кийин үч жумушчу күндөн кечиктирилбестен таризделет, жыйналышта төрагалык кылуучу тарабынан кол коюлат жана Өкмөт мүчөлөрүнө, ошондой эле органдарга, уюмдарга жана кызмат адамдарына таратылат. Жыйындын кол коюлган протоколун таратуу электрондук почта аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
52. Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын, сунуштар жана сын-пикирлер айтылган жыйналышта каралган башка актылардын долбоорлорун толуктап иштеп чыгуу зарыл болгон учурда, Өкмөт министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга тапшырма берет. Эгерде толуктап иштеп чыгуу мөөнөтү атайын эскертилбесе, ал 5 жумушчу күндүк мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
53. Өкмөттүн анын жыйналыштарында каралган башка маселелер боюнча тапшырмалары ушул Регламенттин IV бөлүмүндө каралган мөөнөттөрдө аткарылат.
IV. Өкмөттүн актыларында жана Өкмөттүн жыйындарынын протоколдорунда, ошондой эле Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин тапшырмаларында камтылган тапшырмаларды аткаруу тартиби
54. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын аткарууну уюштуруу максатында Өкмөт тарабынан Өкмөттүн актылары чыгарылат, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисинин министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана аларга өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырмалар берилет.
55. Өкмөттүн актыларында, Өкмөттүн, Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Аппарат жетекчиси жетектеген Өкмөттүн координациялык жана кеңешме органдарынын протоколдорунда камтылган тапшырмаларды, ошондой эле Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисинин, анын орун басарларынын алар өткөргөн кеңешмелердин жана резолюцияларда (мындан ары - тапшырмалар) камтылган тапшырмаларын аткаруу тапшырма даректелген министрлер, төрагалар, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери тарабынан уюштурулат.
56. Бул тапшырмалардын мөөнөтүндө аткарылышына контроль жүргүзүү Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлөт, алар бул тапшырмаларды аткаруучуга оперативдүү жеткирүү максатында аларды электрондук почта, факсимилдик байланыш аркылуу же телефонограмма менен бериши мүмкүн. Мындай учурларда аткаруу мөөнөтүнүн башталышы электрондук почта, факсимилдик байланыш аркылуу же телефонограмма менен алынган кабарларды аткаруучу алган жана белгиленген тартипте каттаган күндөн тартып белгиленет.
Тапшырмаларды аткаруучуларга жеткирүү Өкмөттүн Аппараты тарабынан токтоосуз түрдө камсыз кылынат.
57. Өкмөттүн актыларында камтылган тапшырмалар аткаруучуларга аларга актынын кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүн же электрондук почта аркылуу сканерленген версиясын жөнөтүү жолу менен жеткирилет.
Эгерде Өкмөттүн актыларында тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө ал бир айлык мөөнөттө аткарылууга тийиш.
58. Өкмөттүн жыйындарынын протоколдорунда камтылган тапшырмалар аткаруучуларга жыйындын протоколунун көчүрмөлөрүн же электрондук почта аркылуу сканерленген электрондук көчүрмөсүн же факсимилдик байланыштарды жөнөтүү жолу менен жеткирилет.
Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Аппарат жетекчиси, анын орун басарлары өткөргөн кеңешмелердин протоколдорунда жана алар караган документтердин резолюцияларында камтылган тапшырмалар аткаруучуларга кеңешменин протоколунун көчүрмөлөрүн же андан жазып алууларды же резолюциянын белгиленген тартипте таризделген көчүрмөлөрүн жөнөтүү жолу менен жеткирилет.
59. Тапшырмада эреже катары, аны аткаруунун мөөнөтү (календардык датасы) белгиленет. Эгерде аткаруунун мөөнөтү катары убакыт мезгили белгиленсе, тапшырмага кол коюлган дата анын башталышы деп эсептелет.
60. Эгерде тапшырманын текстинде аткаруу датасынын же убакыт мезгилинин ордуна «өтө шашылыш», «шашылыш» көрсөтмөсү бар болсо, тапшырма тийиштүүлүгүнө жараша бир же эки жумушчу күндө аткарылууга тийиш.
61. Эгерде тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө тапшырма сегиз жумушчу күндүн ичинде аткарылууга тийиш. Макулдашуу боюнча аткаруу мөөнөтү бир айга чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.
Эгерде тапшырманы белгиленген мөөнөттө аткаруу объективдүү себептер боюнча мүмкүн болбосо аткаруу бийлик органдарынын тийиштүү жетекчилери узартуунун себептерин жана пландаштырган аткаруу датасын көрсөтүү менен мөөнөттү узартуу жөнүндө сунушту Өкмөткө берет.
Мөөнөттү өзгөртүү жөнүндө сунуш тапшырмага (чечимге) кол коюлган күндөн тартып 8 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбей берилет.
62. Шашылыш тапшырмаларды аткаруу мөөнөттөрү узартылбайт.
63. Эгерде тапшырма бир нече аткаруу бийлиги органдарына берилсе, анда «жооптуу» деген сөз менен белгиленген аткаруу бийлик органынын жетекчиси тапшырманы негизги аткаруучу болуп саналат, анын аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болот жана ишти уюштурат. Тең аткаруучулар жооптуу бекитилген, жооптуу аткаруучу болуп саналган мамлекеттик органга тапшырманы аткаруу бөлүнгөн мөөнөттүн биринчи жарымынын ичинде тийиштүү органдын жетекчиси (анын орун басары) кол койгон сунуштарды берет. Жооптуу бекитилген, жооптуу аткаруучу болуп саналган мамлекеттик орган документтин жыйынтык долбоорун макулдашуунун жана даярдоонун тартибин аныктайт. Тапшырманы кыскача мөөнөттө аткаруу зарыл болгон учурда жооптуу бекитилген, жооптуу аткаруучу болуп саналган мамлекеттик орган тапшырманы оперативдүү тартипте аткарууну уюштурат, ал үчүн жумушчу топторун түзөт жана макулдашуу кеңешмелерин өткөрөт.
Эгерде тапшырма белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, тапшырманы аткаруучу (негизги аткаруучу) бул тапшырманы - аткаруу мөөнөтү аяктагандан кийин 2 жумушчу күндүн ичинде Өкмөткө тапшырманы аткаруунун абалы, аны белгиленген мөөнөттө аткарбоонун себептери жөнүндө тапшырманы аткаруу жүктөлгөн кызмат адамдарын жана тапшырманы аткарбоого күнөөлүү кызматкерлерге карата кабыл алынган жоопкерчилик чаралары жөнүндө көрсөтүү менен маалымат берет.
V. Өкмөткө актылардын долбоорлорун киргизүү жана кароо тартиби
64. Өкмөттүн кароосуна киргизилген ар бир маселе боюнча төмөнкүлөр берилет:
- Өкмөттүн чечиминин так түзүлгөн долбоору;
- чечимдердин долбоорлоруна коштомо каттын жана макулдашуу баракчаларынын түп нускалары;
- маалымкат-негиздеме, анда ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун натыйжасында жетишилиши же чечилиши мүмкүн болгон максаттар жана милдеттер; кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыны колдонуудан мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендерлик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын божомолдору; коомдук талкуулоо өткөрүлүүгө тийиш болгон учурда анын натыйжасы жөнүндөгү маалыматтар; ченемдик укуктук актынын долбоорунун мыйзамдарга шайкештигине талдоо; аны каржылоо булактарынын болушу камтылууга тийиш;
- ченемдик укуктук актыларга жана башка чечимдерге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүдө - колдонулуудагы жана сунушталуучу редакцияларга салыштырма таблица;
- чечим долбоорун макулдашууда мамлекеттик органдар берген сунуштарды жана сын-пикирлерди көрсөтүү, аларды чечүү жөнүндө маалыматтар менен таблица;
- ушул Регламентке ылайык башка документтер.
Маалымкатка иштеп чыгуучу болуп эсептелген мамлекеттик органдын жетекчиси кол коет.
Документтер мамлекеттик жана расмий тилдерде, "Тimes New Roman" 14 шрифти менен 1 интервалда басылган, маалыматтын электрондук булагындагы текст менен тексти менен бир пакетте берилет (мыйзам долбоорлору тиркелген документтер менен "Тimes New Roman" 12 шрифтинде 1 интервалда басылып берилет).
Өкмөттүн кароосуна киргизилген актылардын долбоорлорунун тексттери фамилиясын жана датасын көрсөтүү менен мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан парафирленүүгө (ар бир бетине кол коюлууга) тийиш.
Актынын долбоорунун текстинин көлөмү машинкада жазылган он барактан ашкан учурда документтин аркы бетине штамп коюуга жол берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-майындагы № 299 токтомунун редакциясына ылайык)
65. Өкмөттүн кароосуна киргизилген актылардын долбоорлору мамлекеттик органдардын жетекчилеринин электрондук-санариптик кол коюусун милдеттүү пайдалануу шарты менен электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
66. Кол коюлган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин Өкмөттүн Аппаратына берилген макулдашуу баракчалары каралбайт.
Макулдашуу мезгилинде жетекчилердин алмашуусу актылардын долбоорлорун кайра макулдашуу үчүн негиз болуп саналбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы №391 токтомунун редакциясына ылайык)
67. Өкмөттүн кароосуна берилген чечимдердин долбоорлору бул маселе боюнча толук талдоону жана объективдүү баа берүүнү камтууга, так түзүлгөн милдеттерди жана тапшырмаларды колдо болгон эмгектик, материалдык жана финансылык ресурстарды эске алуу менен аткаруучулардын алдына коюуну камтууга тийиш, зарыл болгон учурда аткаруу мөөнөттөрүн, маалыматты жана отчетторду, ачык-айкын аткаруучуларды (министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди, администрациялык ведомстволорду, аткаруу бийлигинин башка органдарын, ошондой эле контролду ишке ашыруу жүктөлгөн Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүн) көрсөтүү менен так, ырааттуу жана кыскача баяндалууга тийиш.
Ошол эле учурда бир эле маселе боюнча жаңы чечимдин долбоору мурда кабыл алынган чечимдер аткарылганда же болбосо кошумча жагдайлар пайда болгондо гана киргизилиши мүмкүн.
68. Жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин камсыз кылуу; коомдук бирикмелердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктук статусу; мамлекеттик бюджет, салык системасы; экологиялык коопсуздук; укук бузууларга каршы күрөш; ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү маселелери боюнча Өкмөткө берилген чечимдин долбоорлору укуктук, укук коргоочу, гендерлик, экологиялык, коррупцияга каршы жана башка илимий экспертизага (укуктук мамилелерге, нормативдик укуктук актынын долбоору жөнгө салууга багытталгандыгына жараша) алынууга тийиш.
69. Мурда кабыл алынган чечимдерди өзгөртүүнү караштырган чечимдердин долбоорлорунда кандай чечимдер жана алардын кайсы бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизүү сунушталгандыгы же кандай чечимдер күчүн жоготту деп табылгандыгы көрсөтүлүүгө тийиш.
Эгерде даярдалып жаткан акты башка актыларга өзгөртүүлөр киргизүүнүн зарылдыгына алып келсе, мындай өзгөртүүлөр даярдалып жаткан акты долбооруна киргизилет же өзүнчө актынын долбоору түрүндө аны менен бир убакта берилет.
Эгерде актылардын долбоорлору тапшырмаларды камтыса, аларды аткаруунун мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.
70. Өкмөткө киргизилгенге чейин актылардын долбоорлору милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш:
- Өкмөт мүчөлөрүнүн курамынын кеминде жарымы менен (Өкмөттүн токтомдорунун жана мыйзамдардын долбоорлору);
- Өкмөт мүчөлөрү менен - тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин ишинин чөйрөлөрүнө жана алардын карамагында турган аткаруу бийлигинин башка органдарынын ишинин чөйрөсүнө таандык маселелер боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен (мындан ары Юстиция министрлиги);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен (мындан ары Финансы министрлиги);
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги менен (мындан ары - Экономикалык жөнгө салуу министрлиги);
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги менен (мындан ары - Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги);
- зарыл болгон учурда - башка уюмдар менен. Кошумча макулдашуу талап кылынган органдардын жана уюмдардын курамы долбоорду киргизген аткаруу бийлигинин органынын жетекчиси тарабынан өз алдынча, ошондой эле Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Аппарат жетекчиси, анын орун басарлары же Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-майындагы № 299 токтомунун редакциясына ылайык)
70-1. Жогорку Кеңеш ратификациялоочу же денонсациялоочу эл аралык келишимдин долбоору, ага Президент же Өкмөт кол коердун алдында төмөнкү документтерди тиркөө менен Жогорку Кеңештин профилдик комитеттеринин кароосуна жана макулдашуусуна жиберилет:
- тексттин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештиги жөнүндө Юстиция министрлигинин экспертизасын;
- келишимдин долбоорунан келип чыгуучу финансылык милдеттенмелер бөлүгүндө Финансы министрлигинин экспертизасын;
- Тышкы иштер министрлигинин корутундусу.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-майындагы № 299 токтомунун редакциясына ылайык)
71. Өкмөт мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери жүйөлүү себептер боюнча жок учурда Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору ошол мамлекеттик органдын жетекчисинин милдеттерин аткаруу жүктөлгөн орун басары менен макулдашылат жана "министр (жетекчи) жок учурда" деген жазууну колдонуп, аты-жөнүн жана датасын көрсөтүү менен кол коет.
Министрликтин же мамлекеттик комитеттин жетекчиси тарабынан өзүнүн милдеттерин аткаруу жүктөлгөн орун басарлары же статс-катчылары Өкмөттүн чечимдерин макулдашуу учурунда бул макулдашуу мамлекеттик органдын позициясы болуп эсептелет жана Өкмөт мүчөсү катары макулдашуу болуп эсептелбейт.
Ошол эле учурда Өкмөт мүчөлөрүнүн кол коюуларынын жалпы саны анын курамынын жарымынан кем эмесин түзүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы №391 токтомунун редакциясына ылайык)
72. Макулдашууларды жүргүзүү үчүн жоопкерчилик Өкмөттүн актысынын долбоорун киргизген Өкмөт мүчөсүнө же ушул Регламенттин 14-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын ичинен башка жетекчиге жүктөлөт. Макулдашууга жиберилген актылардын долбоорлоруна (алардын көчүрмөлөрүнө) ушул Регламенттин 70-пунктунда көрсөтүлгөн органдардын жана уюмдардын жетекчилери тарабынан виза коюлат.
73. Мамлекеттик органдардын актыларынын долбоорлорун макулдашуу алар келип түшкөн күндөн тартып төмөнкүдөй мөөнөттөрдөн ашпоого тийиш:
1) Өкмөттүн токтомдорунун долбоорлору, анын ичинде Жогорку Кеңештин кароосуна мыйзам долбоорлорун киргизүү жөнүндө долбоорлор - 7 жумушчу күнүнөн;
2) буйруктардын долбоорлору - 3 жумушчу күнүнөн.
Юстиция министрлигинде макулдашуу жана экспертизалардын атайын түрлөрүн өткөрүү 10 жумушчу күнүнөн ашпайт.
74. Өкмөттүн токтомун жана/же буйругун, Премьер-министрдин буйруктарын оперативдүү кабыл алуу зарыл болгон учурда Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрдин, Аппарат жетекчисинин же анын орун басарларынын буйруктары боюнча мамлекеттик органдарда ачык-айкын долбоорлорду макулдашуунун кыйла кыскача мөөнөттөрү белгилениши мүмкүн. Мындай учурда долбоорго мамлекеттик органдын жетекчиси же болбосо ал ыйгарым укук берген анын орун басары тарабынан Өкмөттүн жетекчилигиндеги кеңешмеде же Өкмөттүн жыйынында виза коюулушу мүмкүн.
75. Өкмөттүн чечиминин долбоорун оперативдүү кабыл алуу зарыл болгон учурда макулдашуучу мамлекеттик орган долбоорду кароонун натыйжасын кийин ага чыныгы документти жиберүү менен иштеп чыгуучунун макулдашуу баракчасын электрондук почта, факсимилдик байланыш аркылуу бериши мүмкүн.
Актынын долбоорун макулдашуучу мамлекеттик органда кароо ушул Регламентте белгиленген мөөнөттөрдө жана бул мамлекеттик органдын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылууга тийиш.
76. Актынын долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча макулдашуучу мамлекеттик орган иштеп чыгуучуга жооптун төмөнкүдөй варианттарынын бирин берүүгө тийиш:
1) актынын долбоору сын-пикирлерсиз макулдашылды (долбоордогу жетекчинин визасы);
2) актынын долбоору сын-пикирлер менен макулдашылды (жетекчинин же жетекчинин милдетин аткаруучу орун басардын долбоордогу сын-пикирлери бар визасы). Мындай учурда сын-пикирлер долбоорго тиркелген, биринчи жетекчи, статс-катчы же биринчи орун басар (орун басар) кол койгон катта баяндалат, ал милдеттүү түрдө аларды четтетүү боюнча сунуштарды камтууга тийиш;
3) актынын долбоорун макулдашуудан баш тартылды (долбоорго виза коюлган жок). Ошол эле учурда жетекчи же статс-катчы же биринчи орун басар (орун басар) кол койгон, макулдашуудан баш тартуунун себеби келтирилген кат тиркелет.
Долбоорду кароонун жыйынтыгы боюнча экспертизанын атайын түрлөрүн өткөрүү жүктөлгөн орган өзүнүн сын-пикирлерин тийиштүү корутундуда баяндайт.
77. Эгерде актынын долбоорунун демилгечиси тарабынан бардык берилген сын-пикирлер эске алынса, актынын долбоору кайталап макулдашууга берилбейт;
Иштеп чыгуучу макул болбогон сын-пикирлер боюнча аны менен макулдашуучу органдын ортосундагы кайчы пикирлердин матрицасы түзүлөт. Мындай учурда актынын долбоорун иштеп чыгуучу кайчы пикирлердин матрицасын таблицалар, графалар түрүндө даярдайт, алар иштеп чыгуучу менен макулдашуучу орган сунуштаган кайчы пикирлерин пайда кылган долбоордун пункттарын жана алардын негиздемесин камтууга тийиш. Иштеп чыгуучу органдын жетекчиси кол койгон кайчы пикирлердин матрицасы макулдашуучу органга акты долбоорунун акыркы варианты менен бирге жиберилет жана анын жетекчиси тарабынан кол коюулууга тийиш.
Зарыл болгон учурда долбоорду иштеп чыгуучу органдын жетекчиси макулдашуучу органдардын жана уюмдардын жетекчилери менен өз ара алгылыктуу чечимди издөө максатында аны талкуулоону камсыз кылууга тийиш.
Кайчы пикирлердин матрицасына кол коюу макулдашуучу органдар тарабынан ушул Регламенттин 73-пунктунда белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-майындагы № 299 токтомунун редакциясына ылайык)
78. Кайчы пикирлер менен киргизилген актылардын долбоорлору жөнүндө, ошондой эле алар менен андан ары иштөө жөнүндө сунуштар тууралуу Аппарат жетекчиси же Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге белгиленген тартипте маалымат берилүүгө тийиш.
Өкмөттүн актысын кол коюуга даярдоо үчүн жооптуу Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү өз ара алгылыктуу чечимди издөө максатында актынын долбоорун киргизген кызмат адамынын, ошондой эле кайчы пикирлери четтетилбеген долбоорду макулдашкан мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын катышуусунда Өкмөттүн Аппаратынын макулдашуучу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен долбоорду талкуулоону камсыз кылууга акылуу.
Зарыл болгон учурда, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисинин, анын орун басарларынын киргизилген актынын долбоору боюнча сын-пикирлери болсо, вице-премьер-министрлерде, Аппарат жетекчисинде, анын орун басарларында кеңешме өткөрүүгө жол берилет, анын жыйынтыгы боюнча кеңешменин протоколу актынын долбоору менен бирге Премьер-министрдин кароосуна жана кол коюусуна жиберилет.
Актынын долбоору боюнча жөнгө салынбаган кайчы пикирлер Премьер-министр, вице-премьер-министрлер тарабынан Өкмөт мүчөлөрүнүн, кайчы пикирлери бар аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен каралат.
79. Өзгөчө учурларда, актынын долбоору боюнча Өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгүндө консенсуска жетишилбегенде, бул долбоор Өкмөттүн жыйынына киргизилет. Кайчы пикирлерди жөнгө салуу боюнча акыркы чечим Өкмөттүн жыйынында кабыл алынат.
80. Долбоорду макулдашуучу адамдар ага виза коюудан баш тартуунун себептерин жазуу жүзүндө түшүндүрмөсүз баш тартууга укуксуз болушат. Долбоорго карата бардык сын-пикирлер жана сунуштар жазуу жүзүндө баяндалууга тийиш. Мындай учурда долбоорго «сын-пикирлери менен» белгиси менен виза коюлат, алар өзүнчө баракта баяндалат.
Ушул Регламенттин 7-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо акыркы чечим Премьер-министр тарабынан кабыл алынат.
81. Актылардын бардык долбоорлору макулдашууга мамлекеттик жана расмий тилдерде берилүүгө тийиш. Оперативдүү тартипте макулдашуу жол-жоболорун өткөрүү зарыл болгон учурда актылардын долбоорлору расмий тилде жиберилет.
Макулдашууга жиберилген актылардын долбоорлорунун тексттери фамилиясын жана датасын көрсөтүү менен мамлекеттик органдардын жетекчиси тарабынан парафирленүүгө (кою коюулууга) тийиш.
82. Өкмөттүн токтомдорунун долбоорлору Өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү менен милдеттүү тартипте макулдашылууга тийиш.
83. Өкмөт мүчөлөрү, аткаруу бийлик органдарынын жана мамлекеттик уюмдардын жетекчилиги тарабынан түзүлүүчү же иштөөчү (убактылуу же туруктуу) органдардын (кеңештердин, комиссиялардын, топтордун, комитеттердин ж.б.) органдардын чегинде кабыл алынган же тийиштүү кеңешмелердин (жолугушуулардын, консультациялардын, талкуулардын ж.б.) протоколдору менен таризделген чечимдер Өкмөттүн тийиштүү чечимдеринин долбоорлорун жана Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын, алардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен даярдоодо кийин макулдашуу катары кабыл алынышы мүмкүн.
84. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын, Өкмөттүн, Премьер-министрдин чечимдеринин бардык долбоорлору макулдашуу жол-жобосунан өтүү жана укуктук экспертизаны, ал эми зарыл болгон учурда атайын экспертизалардын түрлөрүн өткөрүү үчүн милдеттүү түрдө Юстиция министрлигине аларды кызыкдар болгон органдар менен макулдашылгандан кийин гана берилет.
85. Ушул Регламенттин 84-пунктунда көрсөтүлгөн жол-жоболорду өткөрүү үчүн актынын долбоорун иштеп чыгуунун демилгечиси болгон орган Юстиция министрлигине кызыкдар органдардан алынган сын-пикирлердин жана сунуштардын негизинде түзүлгөн кайчы пикирлердин матрицасын кызыкдар органдан алынган тигил же бул сын-пикирдин эске алынгандыгынын же болбосо эске алынбагандыгынын кыскача негиздемеси менен жиберет.
Юстиция министрлигине министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор актынын долбоорунун акыркы версиясын корутундулардын көчүрмөлөрүн жана макулдашуу баракчасын тиркөө менен бербеген учурда Юстиция министрлиги документтерди кароосуз жана укуктук экспертизаны жүргүзүүсүз кайра кайтарат.
86. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерине же чыгашаларына таасир көрсөтүүчү актылардын долбоорлору бир эле убакта Финансы министрлигине макулдашуучу кеңешмелердин (алар болсо) протоколдорун жана сын-пикирлерди тиркөө менен жиберилет. Финансы министрлиги корутундусунда тийиштүү чечимдерди кабыл алуунун мамлекеттик бюджет жана бюджеттен тышкары фонддор үчүн финансылык натыйжаларына баа берет.
Техникалык жөнгө салуу тармагындагы актылардын долбоорлору (продукцияга, процесстерге, стандартташтырууга, сертификациялоого, экспертизага, бул тармактагы аккредитациялоого карата милдеттүү талаптарды белгилөө) милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги менен макулдашылууга тийиш жана ага оң корутунду болгондо гана Өкмөттүн кароосуна киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-майындагы № 299 токтомунун редакциясына ылайык)
87. Өлкөнүн өнүгүшүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасир көрсөтүүчү актылардын долбоорлору макулдашуучу кеңешмелердин (алар болсо) протоколдорун, кайчы пикирлердин матрицасын тиркөө менен, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ишин жөнгө салуучу актылардын долбоорлору жөнгө салуучу таасирлерди талдоонун натыйжасында таризделген түшүндүрмө катты тиркөө менен милдеттүү түрдө Экономика министрлигине макулдашууга жиберилет.
Экономика министрлиги корутундусунда тийиштүү чечимдердин макроэкономикалык көрсөткүчтөргө таасирине жана ишкердик субъекттеринин ишине жөнгө салуучу таасирди талдоону жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча баа берет. Ошол эле учурда бул маселе боюнча актылардын долбоорлору Өкмөттүн кароосуна ага оңдуу корутунду болгондо гана киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-майындагы № 299, 2012-жылдын 4-декабрындагы № 812 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
88. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу тармагындагы мамилелерди жөнгө салуучу, ошондой эле Бишкек шаарында турган администрациялык имараттарын кошпогондо мамлекеттик мүлктү, башканы бекитүү актылардын долбоорлору Өкмөткө мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан киргизилет.
Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу, ошондой эле мамлекеттик мүлктү бекитүү тармагындагы маселелер боюнча мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга белгиленген тартипте кайрылууга тийиш, ал келип түшкөн сунуштарды кароонун натыйжасы боюнча Өкмөттүн чечиминин тийиштүү долбоорун кийин аны Өкмөткө киргизүү үчүн даярдоону жүзөгө ашырууга тийиш.
89. Эл аралык кызматташтык маселелери боюнча актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашылууга тийиш.
90. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү тармагындагы нормативдик укуктук актылардын долбоорлору (калктын турмушунун жана кирешелеринин, эмгек акы төлөөнүн, пенсиялык жана социалдык камсыз кылуунун, эмгек шарттарынын жана коргоонун, социалдык өнөктөштүктүн жана эмгектик мамилелердин деңгээлин жогорулатуу) милдеттүү түрдө бул маселелер карамагына берилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат жана Өкмөттүн кароосуна көрсөтүлгөн органдын корутундусу болгондо гана киргизилет.
91. Финансылык жана банк ишине байланышкан актылардын долбоорлору Өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын корутундусу болгондо каралат, ал сунуш мүнөзүндө болот.
92. Жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү нормативдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлору «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22 жана 23-беренелерине ылайык коомдук талкууга алынат.
93. Өкмөттүн актысынын долбоору Өкмөткө кайчы пикирлер жана/же макулдашуучу кеңешменин матрицасы жана тийиштүү кайчы пикирлери болгон жетекчилер же алардын орун басарлары кол койгон сын-пикирлердин түп нускалары менен бирге гана киргизилиши мүмкүн.
94. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка аткаруу бийлиги органдары Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишинин планына киргизилген мыйзам долбоорлорун кагаз жүзүндөгү, электрондук варианты менен катар мамлекеттик жана расмий тилдерде аларды Юстиция министрлиги менен макулдашууда жалпыга тааныштыруу максатында Юстиция министрлигинин WEB-сайтында жайгаштыруу үчүн берүүгө милдеттүү.
95. Актылардын долбоорлору Өкмөткө ушул Регламенттин 70-пунктунда каралган макулдашуулар же 77 жана 93-пункттарына ылайык таризделген кайчы пикирлердин матрицасы болгондо киргизилет.
96. Өкмөттүн Аппаратына ушул Регламенттин 14, 64, 66, 70, 77, 93 жана 114-пункттарынын талаптарын бузуу менен киргизилген актылардын долбоорлору Өкмөттүн Аппаратына киргизилген актылардын долбоорлоруна карата коюлган талаптарды сактоо компетенциясына кирген Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан кайтарылып берилүү тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы №391 токтомунун редакциясына ылайык)
97. Өкмөттүн кароосуна киргизилген актылардын долбоорлоруна виза койгон Өкмөт мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тейлеген маселелери боюнча жекече жоопкерчиликтүү болушат.
98. Ушул Регламентте белгиленген тартипте Өкмөттүн кароосуна киргизилген, Өкмөттүн чечими талап кылынган долбоорлорду даярдоону Өкмөттүн Аппараты төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жүзөгө ашырат:
- буйрук долбоорлору - 10 жумушчу күнүнөн ашпайт;
- токтом долбоорлору - 14 жумушчу күнүнөн ашпайт;
- мыйзам долбоорлору - 20 жумушчу күнүнөн ашпайт;
- башка актылар - 15 жумушчу күнүнөн ашпайт.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү узартууга Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисинин жана анын орун басарларынын чечими боюнча гана жол берилет.
Актылардын долбоорлорун кароого даярдоо тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн эксперттик корутундуларын түзүүнү, маселени кароонун протоколунун долбоорун даярдоону (зарыл учурда) жана документтерди кол коюуга тариздөөнү камтыйт.
Өкмөттүн Аппаратынын актынын долбооруна карата тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнүн эксперттик корутундусу акты долбоорун киргизүүдө ушул Регламенттин талаптарынын сакталышына баа берүүнү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мурда кабыл алынган Өкмөттүн чечимдерине ылайыктуулугун, сунуш кылынган чечимди ишке ашыруунун берилген эсептеринин, негиздемелеринин толуктугун жана социалдык-экономикалык, финансылык жана башка натыйжаларын камтууга тийиш.
Эксперттик корутундулары менен актылардын долбоорлору милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык бир күндүк мөөнөттө вице-премьер-министрлер тарабынан каралат жана Аппарат жетекчиси тарабынан кол коюуга же Өкмөттүн жыйынына киргизүүгө берилет.
99. Актылардын долбоорлорун кароонун натыйжалары боюнча долбоорлор толуктап иштеп чыгуу үчүн же аларды кабыл алуунун максатка ылайыктуу эместигине байланыштуу аларды киргизген аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилерине кайтарылып берилиши мүмкүн.
100. Өкмөттүн Аппараты министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка органдар тарабынан Өкмөттүн кароосуна киргизилген актылардын долбоорлорун маанисин өзгөртпөстөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүгө жана редакциялоого укуктуу болот.
Өкмөттүн Аппараты толуктап иштеп чыккан жана аны иштеп чыгуу процессинде киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду камтыган акты долбоорлору долбоорду иштеп чыккан министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, ал эми ал жок учурда жетекчинин милдеттерин аткаруу жүктөлгөн орун басары менен эки жумушчу күндүн ичинде макулдашылууга (виза коюулууга) тийиш.
Макулдашуу актынын долбоорунун текстин парафирлөө (кол коюу) аркылуу жумушчу тартибинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
101. Премьер-министрдин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинде жана башка актыларда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдери Премьер-министрдин буйруктары формасында ал тарабынан жекече кабыл алынат.
Премьер-министрдин буйруктарынын долбоору Кыргыз Республикасынын Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан киргизилиши мүмкүн жана Өкмөт мүчөлөрү менен макулдашууга жатпайт.
VI. Өкмөттүк жана ведомстволор аралык координациялык жана кеңешме органдары
102. Комиссиялар же уюштуруу комитеттери деп аталган координациялык органдар Өкмөттүн же Премьер-министрдин чечими менен белгилүү бир чөйрөдөгү маселелерди чечүүдө кызыкдар органдардын макулдашылган аракеттерин камсыз кылуу үчүн түзүлөт.
Кеңештер деп аталган кеңешме органдары маселелерди алдын ала кароо жана алар боюнча сунуш мүнөзүндөгү сунуштарды даярдоо үчүн Өкмөттүн же Премьер-министрдин чечими менен түзүлөт.
Координациялык жана кеңешме органдарынын компетенциясы, ошондой эле чечимдерди кабыл алуу тартиби алар жөнүндө жоболордо же аларды түзүү жөнүндө чечимдерде аныкталат.
103. Координациялык жана кеңешме органдар өкүлчүлүктүн негизинде түзүлөт. Координациялык жана кеңешме органдардын курамына алар чечүү үчүн түзүлгөн маселелерге жараша аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарынын өкүлдөрү киргизилет, ошондой эле координациялык органдарда кеңеш берүү укугуна ээ болгон мыйзам чыгаруу бийлиги органдарынын, илимий уюмдардын, коомдук жана диний уюмдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.
104. Актылардын материалдарын жана долбоорлорун оперативдүү жана сапаттуу даярдоо үчүн координациялык жана кеңешме органдар өздөрүнүн чечимдери менен жумушчу топторун түзө алышат.
105. Координациялык жана кеңешме органдарынын чечимдери жыйындардын протоколдору менен таризделет. Координациялык органдар алардын компетенциясына ылайык кабыл алган чечимдер аларда өкүлдөрү бар аткаруу бийлик органдары үчүн, эгерде мыйзамдарда же Өкмөттүн актыларында башкача белгиленбесе милдеттүү болуп саналат.
106. Убактылуу комиссиялар жана жумушчу топтору мыйзамдарда, Өкмөттүн токтомдорунда каралган учурларда түзүлөт жана Премьер-министр же Өкмөттүн башка мүчөлөрү тарабынан жетектелет.
Убактылуу комиссияларды жана жумушчу топторун түзүү, өзгөртүү жана жоюу, алардын компетенцияларын аныктоо, алардын жетекчилерин жана жекече курамын бекитүү Өкмөт же Премьер-министр тарабынан жүзөгө ашырылат.
Убактылуу комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыз кылуу аткаруу бийлиги органына, анын жетекчиси комиссиянын же топтун төрагасы болуп саналат же Өкмөттүн Аппаратына жүктөлөт.
107. Уюштуруу комитеттери белгиленген мөөнөттөрдө жалпы мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү үчүн түзүлөт.
Уюштуруу комитеттерин түзүү, өзгөртүү жана жоюу, алардын компетенцияларын аныктоо, алардын жетекчилерин жана жекече курамын бекитүү Өкмөт тарабынан жүзөгө ашырылат.
Уюштуруу комитеттери эреже катары, министр же министрдин орун басары, башка аткаруу бийлиги органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан жетектелет. Уюштуруу комитетинин жетекчилиги тең төрагаларга жүктөлүшү мүмкүн.
Уюштуруу комитеттеринин ишин уюштуруучулук-техникалык камсыз кылуу аткаруу бийлиги органына жүктөлөт, анын жетекчиси же жетекчисинин орун басары уюштуруу комитетинин төрагасы болуп саналат.
Уюштуруу комитети өзүнүн ишин уюштуруу комитети чечүү үчүн түзүлгөн милдеттер чечилгендиги жөнүндө анын төрагасынын берилген доклады Өкмөттө жактырылгандан кийин өз ишин токтотот.
108. Ведомстволор аралык комиссиялар жана кеңештер тармактар аралык маанидеги маселелерди чечүү же кароо үчүн түзүлөт.
Ведомстволор аралык комиссияларды жана кеңештерди түзүү, өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу, алардын компетенцияларын аныктоо, алардын жетекчилерин жана жекече курамын бекитүү эреже катары, аткаруу бийлигинин кызыкдар органдары менен бирдикте жүзөгө ашырылат. Аткаруу бийлигинин көрсөтүлгөн органдарынын биргелешкен чечими приказ же буйрук менен таризделет жана бул органдардын жетекчилери тарабынан кол коюлат.
Ведомстволор аралык комиссияларды жана кеңештерди түзүү, өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу, алардын компетенциясын аныктоо, жетекчилерди жана жекече курамын бекитүү маселелери боюнча кайчы пикирлер пайда болгон учурда алар Өкмөттө каралат.
Ведомстволор аралык комиссиялар жана кеңештер эреже катары министр же министрдин орун басары, башка аткаруу бийлигинин органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан жетектелет. Ведомстволор аралык комиссияга же кеңешке жетекчилик кылуу тең төрагаларга жүктөлүшү мүмкүн.
Өкмөттүн чечимин талап кылган маселелер боюнча ведомстволор аралык комиссиялар жана кеңештер тийиштүү сунуштарды ушул Регламентте белгиленген тартипте киргизишет.
Ведомстволор аралык комиссияны же кеңешти уюштуруучулук-техникалык камсыз кылуу аткаруу бийлигинин органына жүктөлөт, анын жетекчиси же жетекчисинин орун басары комиссиянын же кеңештин төрагасы болуп саналат.
Ведомстволор аралык комиссияларды жана кеңештерди түзүү, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө, ошондой эле жылдык ишинин жыйынтыгы жөнүндө алардын төрагалары Өкмөткө доклад беришет.
VII. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши. Мыйзам долбоорлоо ишин пландаштыруу
109. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Өкмөт мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу жолу менен мыйзам чыгаруу ишин жүзөгө ашырат.
Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши ал бекиткен мыйзам долбоорлоо ишин пландаштырууга ылайык, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну караштыруучу Өкмөттүн башка актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишинин пландарынын долбоорлору Юстиция министрлиги тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте иштелип чыгат.
110. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иш планына киргизүү үчүн Юстиция министрлиги берилген мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө сунуш мыйзам долбоорунун жумушчу аталышын, мыйзамдын долбоорун жана анын концепциясын иштеп чыгуунун зарылдыгынын негиздемесин, аткаруу бийлигинин органынын - негизги аткаруучунун аталышын, тең аткаруучулардын тизмесин жана мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун мөөнөтүн жана мыйзам долбоорун жактыруу жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүү жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуу мөөнөтүн камтууга тийиш.
111. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишин пландаштыруу долбоорлору алдын ала эксперттик баалоону мыйзамдарга ылайык жүргүзгөндөн кийин Юстиция министрлиги тарабынан белгиленген тартипте Өкмөткө киргизилет.
112. Юстиция министрлиги мыйзам долбоорлоо иш планынын долбооруна ушул Регламенттин 110-пунктунун талаптарына жооп бербеген сунуштарды киргизбөөгө укуктуу.
113. Өкмөт мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу менен мыйзам долбоорлорун караштырат жана Жогорку Кеңешке киргизет, Жогорку Кеңештин мыйзам долбоорлоо ишине катышат.
Өкмөт зарылдыгына жараша Жогорку Кеңешке Өкмөт демилге көтөргөн жана кечиктирилгис деп аныкталган мыйзам долбоорлорунун тизмесин аларды кезексиз тартипте кароо үчүн жиберет.
114. Өкмөттө кароо үчүн мыйзам долбоору төмөнкүдөй материалдар менен бирге берилет:
- министрликтин жана ведомствонун жетекчиси виза койгон, төмөнкүлөрдү камтыган түшүндүрмө кат (маалымкат, негиздеме):
а) мыйзам долбоорунун кеңири мүнөздөмөсүн, анын максаттарын, негизги жоболорун, колдонуудагы мыйзамдар системасындагы ордун, укуктук жөнгө салуунун бул чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалын; ошондой эле аны кабыл алуунун социалдык-экономикалык жана башка натыйжаларынын болжолун;
б) финансылык-экономикалык негиздемени (ишке ашыруу финансылык жана материалдык чыгымдарды талап кылган мыйзам долбоору киргизилген учурда). Финансылык-экономикалык негиздеме учурдагы жана (же) кийинки жылдарга эсептерди жана каржылоо булактары жөнүндө маалыматтарды;
в) мыйзамдарда каралган учурларда экспертизалардын атайын түрлөрүн (укук коргоочу, гендерлик, экологиялык, коррупцияга каршы ж.б.) өткөрүлгөндүгү жөнүндө маалыматты;
г) күчүн жоготту деп табылууга, токтото турууга, өзгөртүүгө, толуктоого же бул мыйзам долбоорун кабыл алууга байланыштуу иштелип чыгууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмесин;
д) бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн кабыл алуу зарыл болгон нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жөнүндө сунуштарды;
- толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө мыйзам долбооруна карата салыштырма таблицаны;
- эгерде мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган учурда ишкердик субъекттеринин ишине нормативдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо (ЖТТ) методикасына долбоордун ылайыктуулугу жөнүндө корутундуну;
- гендерлик экспертизанын корутундусун;
- мыйзам долбооруна карата министрликтердин жана ведомстволордун макулдашуу баракчасын;
- мыйзам долбоорун жактыруу, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү жана мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште караган учурда Өкмөттүн расмий өкүлүн дайындоо жөнүндө Өкмөттүн токтомунун долбоорун;
- Өкмөттүн токтомуна карата министрликтердин жана ведомстволордун макулдашуу баракчасын.
115. Аткаруу бийлик органдарынын мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңешке берүүсүнө жана мыйзам долбоорлорун мыйзам чыгаруу укугунун башка субъекттерине берүүгө жол берилбейт.
Мыйзам долбоору Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңешке «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган документтерди тиркөө менен киргизилет.
Өкмөт Жогорку Кеңешке киргизген мыйзам долбоору боюнча Өкмөттүн расмий өкүлү дайындалат.
Расмий өкүлдүн ыйгарым укуктарынын көлөмү тапшырмада аныкталат, ал толук же чектелүү болушу мүмкүн. Ыйгарым укуктардын толук көлөмү расмий өкүлдүн стенограммада белгиленген чыгып сүйлөөсү каралып жаткан маселе боюнча Өкмөттүн көз карашы болуп санала тургандыгын болжолдойт. Ыйгарым укуктардын чектелүү көлөмү мыйзам долбоорлорун талкуулоонун жүрүшүндө киргизилген өзгөртүүлөрдү Өкмөт менен расмий өкүлдүн макулдашуусун болжолдойт.
Өкмөттүн расмий өкүлү Өкмөт берген мыйзамдын долбоорун же Кыргыз Республикасынын башка актысын кароодо Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин жыйындарына белгиленген тартипте катышат.
116. Өкмөт берилген мыйзам долбоорун же башка актыны кайра чакыртып алуу жөнүндө тийиштүү токтомду даярдоо жолу менен берилген мыйзам долбоорун же башка актыны Жогорку Кеңештин жыйынында каралганга чейин кайра сурап алууга укуктуу.
117. Өкмөт Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу үчүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө (мындан ары - Туруктуу өкүл) ээ болот.
Туруктуу өкүл Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү менен өз ара байланышта иштейт.
Туруктуу өкүл Жогорку Кеңештин, фракциялар коалициясынын, фракциялардын, комитеттердин, убактылуу комиссиялардын жыйындарына катышат, зарыл болгон учурда Өкмөт мүчөлөрүнүн, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн расмий өкүлдөрүнүн, фракциялардын коалициясынын, фракциялардын, комитеттердин, убактылуу комиссиялардын жыйындарына чакырылган башка кызмат адамдарынын келүүсүн камсыз кылууда Жогорку Кеңештин Аппаратына көмөк көрсөтөт, ошондой эле каралып жаткан маселелер боюнча сунуштарды киргизет, түшүндүрмөлөрдү берет.
Расмий өкүлдүн, аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилеринин позициялары Жогорку Кеңештин, фракциялар коалициясынын, фракциялардын, комитеттердин, убактылуу комиссиялардын жыйынындагы өкүлдөрүнүн позициялары менен кайчы чыккан учурда Өкмөттүн туруктуу өкүлү айткан позициясы расмий позиция болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-майындагы № 299 токтомунун редакциясына ылайык)
118. Туруктуу өкүл мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде Өкмөт киргизген мыйзам долбоорлорун кароодо Жогорку Кеңештин комитеттеринин ишине катышат.
Өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген мыйзам долбоорлору жана корутундулары боюнча бардык токтомдорго Жогорку Кеңештеги Өкмөттүн Туруктуу өкүлү визасын коюуга тийиш.
119. Аткаруу бийлиги органынын жетекчилери Өкмөт демилге көтөрүп киргизген мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеште илгерилетүүгө зарыл маалыматты берүү, Жогорку Кеңештин комитеттеринде мыйзам долбоорлорун кароого түздөн-түз катышуу, Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууларды, консультацияларды жана кеңешмелерди өткөрүү, зарыл адистерди жиберүү ж.б. аркылуу Жогорку Кеңештеги Өкмөттүн расмий жана туруктуу өкүлдөрүнө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилерин мыйзам долбоорлорун илгерилетүү жана кабыл алуу боюнча ишке тартуу Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги расмий жана туруктуу өкүлдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.
120. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги расмий өкүлдөрүн алмаштырууга Өкмөттүн тийиштүү чечиминин негизинде гана жол берилет.
Жогорку Кеңештин, фракциялар коалициясынын, фракциялардын жана комитеттердин жыйындарында кийинкиге калтырууга болбогон маселелерди кароодо Өкмөттүн расмий өкүлүнүн катышуусуна мүмкүндүк болбогон учурда, Туруктуу өкүл Жогорку Кеңештин төрагасы, коалициянын фракцияларынын жетекчиси, фракциянын жетекчиси, тийиштүүлүгүнө жараша комитеттин төрагасы менен аны убактылуу алмаштыруу жөнүндө маселени оперативдүү тартипте макулдашат.
121. Кезектеги финансы жылына республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгат.
Аткаруу бийлик органдары иштеп чыккан республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна карата материалдар жана сунуштар алар тарабынан Финансы министрлигине берилет. Министрликтердин карамагында турган аткаруу бийлигинин башка органдарынын сунуштары Финансы министрлигине тийиштүү министрликтер тарабынан берилет.
Жогорку Кеңешке киргизилүүгө жаткан мыйзам долбоорлорун жана башка документтерди иштеп чыгуучу министрликтер республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору менен бирге аларды Өкмөткө берүү үчүн Финансы министрлигине жиберишет.
Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын Өкмөт жактырган долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган документтерди жана материалдарды тиркөө менен Жогорку Кеңешке киргизилет.
122. Учурдагы жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин кароосуна Өкмөт тарабынан өзгөчө учурларда, пайда болгон кошумча чыгымдардын же республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө мүмкүн болгон кем түшүүлөрдү жабууну каржылоонун булактарын милдеттүү көрсөтүү менен киргизилет.
VIII. Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишине катышуу тартиби
123. Өкмөт мүчөлөрү «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин жыйындарына катышып жана чыгып сүйлөй алышат.
Өкмөт мүчөлөрү «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте Жогорку Кеңештин чакыруусу боюнча жыйынга катышууга жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү.
Жогорку Кеңештин жыйынына чакырылган Өкмөт мүчөсү Премьер-министрге ал жөнүндө маалымат берет.
Жогорку Кеңештин жыйынына катышууга мүмкүн болбогон учурда Өкмөт мүчөсү өзүнүн катышпоосунун себеби жөнүндө Жогорку Кеңешке күн мурунтан жыйынга келиши жана коюлган суроолорго жооп бериши мүмкүн болгон кызмат адамын көрсөтүү менен маалымдайт.
Жогорку Кеңештин комитеттери тарабынан алардын карамагындагы маселелер боюнча кат жүзүндөгү кайрылуу жиберилген Өкмөт мүчөлөрү тийиштүү комитеттерге кат жүзүндөгү кайрылууларды кароонун натыйжалары жөнүндө жана кабыл алынган чаралар жөнүндө алар менен макулдашылган мөөнөттөрдө маалымдашат.
Өкмөттүн корутундуларын, оңдоп-түзөтүүлөрүн жана расмий кайра сурап алууларын даярдоо министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан даярдалат.
124. Жогорку Кеңештен Өкмөттүн макулдашуусуна финансылык-экономикалык негиздемеси жана башка зарыл материалдар менен келип түшкөн мыйзам долбоору эки күндүк мөөнөттө Өкмөттүн Аппараты тарабынан корутундунун долбоорун даярдоо үчүн тийиштүү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, аткаруу бийлигинин башка органдарына, анын ичинде Финансы министрлигине, Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине жана Юстиция министрлигине милдеттүү тартипте жиберилет, алар мыйзам долбоору келип түшкөн күндөн тартып 15 күндүк мөөнөттө мыйзам долбоорун корутунду берүү үчүн өздөрүнүн сунуштарын Өкмөттөгү негизги аткаруучуга жиберишет.
Финансылык-экономикалык негиздемеси жана башка зарыл материалдары жок Өкмөттүн корутундусуна келип түшкөн мыйзам долбоору Премьер-министр тарабынан Жогорку Кеңешке корутунду берүүгө мүмкүн эместигинин себептерин кабарлоо менен кайтарылып берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-майындагы № 299 токтомунун редакциясына ылайык)
125. Негизги аткаруучу корутунду берүү үчүн мыйзам долбоору жиберилген күндөн тартып 20 күндүк мөөнөттө корутундунун долбоорун даярдоону же расмий кайра чакыртып алууну, аны макулдашууну жана Өкмөткө берүүнү камсыз кылат, ал эми көрсөтүлгөн мөөнөттө корутунду берүүгө мүмкүн болбогон учурда Жогорку Кеңеш менен мөөнөттү узартууну макулдашат жана жетишилген макулдашуу жөнүндө Өкмөткө кат жүзүндө маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине келип түшкөн мыйзам долбооруна корутунду берүүнүн мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө сунуш бул мыйзам долбоору корутунду даярдоо же расмий корутунду үчүн жиберилген мамлекеттик органдын негиздүү себептеринин негизинде Премьер-министр, вице-премьер-министрлер же Аппарат жетекчиси тарабынан жиберилиши мүмкүн.
Өкмөткө Жогорку Кеңештен сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн мыйзам долбоорлору 2 күндүк мөөнөттө Өкмөттүн Аппараты тарабынан Өкмөттүн расмий кайра сурап алууларынын долбоорлорун даярдоо үчүн тийиштүү аткаруу бийлиги органына жиберилет.
Өкмөттүн корутундуларынын, оңдоп-түзөтүүлөрүнүн жана расмий сурап алууларынын долбоорлорун даярдоо ушул Регламенттин 63 жана 124-пункттарында каралган тең аткаруучулардын материалдарды берүүсүнүн мөөнөттөрүн сактоо менен мыйзам долбоору Өкмөткө келип түшкөн күндөн тартып 20 күндүк мөөнөттө жүзөгө ашырылат. Эгерде Жогорку Кеңеш Өкмөт менен кыйла кыска мөөнөттү макулдашса, негизги аткаруучу тийиштүү долбоорлорду оперативдүү даярдоону уюштурат.
126. Өкмөттүн корутундуларынын, оңдоп-түзөтүүлөрүнүн жана расмий кайра сурап алууларынын долбоорлору Өкмөткө аткаруу бийлигинин органынын жетекчилеринин же болбосо алардын милдеттерин аткаруучу адамдар тарабынан гана Жогорку Кеңештен жана аткаруу бийлигинин кызыкдар органдарынан келип түшкөн бардык материалдарды тиркөө менен киргизилет.
Өкмөттүн корутундуларынын, оңдоп-түзөтүүлөрүнүн жана расмий кайра сурап алууларынын долбоорлору боюнча жөнгө салынбаган кайчы пикирлер Премьер-министрдин, ал эми ал жок учурда - биринчи вице-премьер-министрдин кароосуна киргизилет, ал акыркы чечимди кабыл алат.
127. Өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүүсү Өкмөттүн мүчөлөрү жана Туруктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат.
128. Комитеттердин суроолору боюнча Жогорку Кеңешке аткаруу бийлик органдары берген материалдардын көчүрмөлөрү Туруктуу өкүлгө жиберилет.
129. Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге депутаттык суроо-талапка жооптун долбоорун даярдоону алардын тапшырмасы боюнча Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү жана/же аткаруу бийлигинин органдары камсыз кылат.
Депутаттын суроо-талабына жооп Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Өкмөттүн башка мүчөлөрү тарабынан оозеки (Жогорку Кеңештин жыйынында) же жазуу түрүндө суроо-талап алынган күндөн тартып 30 күн мөөнөттөн кечиктирилбей берилет.
130. Өкмөткө, Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге депутаттык суроо-талап жоопту даярдоо үчүн Өкмөттүн Аппараты тарабынан аткаруу бийлик органдарына жиберилет. Жооптун долбоору аткаруу бийлик органынын тийиштүү жетекчиси же анын орун басары тарабынан Өкмөттүн Аппаратына жазуу түрүндө депутаттык суроо-талап Өкмөткө келип түшкөн күндөн тартып 20 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбей берилет.
Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин же Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин тапшырмасы боюнча депутаттык суроо-талапка жооп депутаттык суроо-талап Өкмөткө келип түшкөн күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттө тийиштүү аткаруу бийлик органынын жетекчиси тарабынан берилип, кароонун жыйынтыгы жөнүндө Өкмөттүн Аппаратына кийин маалымат берилиши мүмкүн.
Депутаттык суроо-талаптардын жана жооптордун көчүрмөлөрү Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан депутаттык суроо-талаптарды эсепке алуу үчүн Жогорку Кеңештеги Өкмөттүн Өкүлчүлүгүнө жиберилет.
131. Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана комиссияларынын алардын карамагындагы маселелер боюнча Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге Өкмөткө келип түшкөн кайрылуулары Өкмөттүн Аппараты тарабынан аткаруу бийлиги органдарынын карамагындагы чөйрөлөргө ылайык жооп даярдоо жана берүү үчүн жиберилет.
Кайрылууларды кароонун натыйжалары жөнүндө тийиштүү комитеттерге же комиссияларга алар менен макулдашылган мөөнөттө кабар берилет. Зарыл болгон учурда кабарлардын көчүрмөлөрү Өкмөткө жиберилет.
IX. Өкмөттүн сот бийлиги органдары менен өз ара мамилесинин тартиби
132. «Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык актыларына ылайык Өкмөт республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын соттордун ишин финансылык камсыз кылуу бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы менен өз ара байланышта иштеп чыгат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин директору республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын соттордун ишин финансылык камсыз кылуу бөлүгүн кайчы пикирлерди четтетүү максатында талкууга катышат.
Кайчы пикирлер болгон учурда Өкмөт республикалык бюджеттин долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин директорунун сунуштарын киргизет жана өзүнүн корутундусун тиркейт.
133. Мыйзамдар же алардын айрым жоболору конституциялык эмес деп табылган учурда Өкмөт өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрөт.
Өкмөттүн актыларын же алардын айрым жоболорун тийиштүү соттор Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбейт деп тапкан учурда Өкмөт көрсөтүлгөн актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат. Соттордун чечимдери Өкмөт тарабынан Өкмөттүн тийиштүү актылары таратылып берилген бардык органдарга жана уюмдарга токтоосуз түрдө кабарланат.
134. Сотко Өкмөткө карата доо же башка талаптар коюлган учурда Өкмөт жетекчилиги же анын Аппараты сотто Өкмөттүн кызыкчылыктарын көздөш үчүн аткаруу бийлиги органына тапшырма берет.
135. Пайда болгон талаш-тартышты чечүү үчүн сотко Өкмөттүн кайрылуусу зарыл болгон учурда Премьер-министрдин буйругу же болбосо тапшырмасы менен Өкмөттүн Аппартына же аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарына (берилген талаптардын мүнөзүнө жараша) тийиштүү доо же башка талаптарды коюу жана сотто Өкмөттүн кызыкчылыгын көздөө тапшырылат.
Кыргыз Республикасынын бардык сот инстанцияларындагы соттук жыйындарда Өкмөттүн кызыкчылыктарын көздөөгө, Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген өкүлдүн ыйгарым укуктарын аныктоо менен ишеним кат берүү укугу, Өкмөттүн Аппарат жетекчиси, ал эми ал жокто Аппарат жетекчисинин орун басарлары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Сотто Өкмөттүн кызыкчылыктарын көздөө үчүн ишеним кат Өкмөттүн Аппаратынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана алардын карамагындагы органдардын (борбордук аппараттарда, аймактык жана башка органдарда) штатында турган адамдарга же болбосо ишке тартылган адвокаттарга берилиши мүмкүн.
Соттогу Өкмөттүн өкүлү болуп саналган аткаруу бийлиги органы сот чечимдерине даттануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө сотто ишти кароонун натыйжалары жөнүндө Өкмөткө билдирүүгө милдеттүү.
Өкмөткө коюлган талаптарды сот канааттандырган учурда (Кыргыз Республикасынын карыз милдеттенмелерине байланышкан доо жана башка талаптардан тышкары), аткаруу бийлигинин тийиштүү органы белгиленген тартипте кабыл алынган чечим жөнүндө токтоосуз түрдө билдирет, соттун чечимине даттануу жөнүндө сунушту киргизет, ал эми соттун чечими күчүнө киргенден кийин - аны аткаруу боюнча чаралар жөнүндө сунуштарды киргизет.
136. Өкмөткө коюлган, Кыргыз Республикасынын карыз милдеттерине байланышкан доо же башка талаптарды соттун кароосунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат Өкмөткө, эгерде сот процессинде кийинкиге калтырууга болбой турган жагдайлар пайда болбосо отчеттук жарым жыл ичинде каралган бардык иштер боюнча январдан же июлдан кечиктирилбей жиберилет.
X. Токтомдордун, тапшырмалардын жана протоколдук тапшырмалардын аткарылышына контролдук жүргүзүү тартиби
137. Өкмөт, Өкмөттүн Аппараты министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ишин координациялайт.
138. Премьер-министр, вице-премьер-министрлер же Аппарат жетекчиси тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын тапшырмаларды аткаруусунун жүрүшүн жана жыйынтыгын дайыма карайт жана кемчиликтерди четтетүү жана пайда болгон кыйынчылыктарды жеңип чыгуу боюнча оперативдүү түрдө чара көрөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин маалыматын угат жана Өкмөттүн чечимдерин, тапшырмаларын контролдон чыгаруу жөнүндө чечимин кабыл алат.
Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин жана Аппарат жетекчисинин ишин уюштуруучулук, маалыматтык жана техникалык камсыз кылууну Өкмөттүн Аппараты жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы жүзөгө ашырат.
139. Өкмөттүн электрондук документтерди жүгүртүү системасынын иштөөсүн уюштуруучулук жана техникалык жактан камсыз кылуу ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
140. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн келечектүү милдеттерин иштеп чыгуу, талдоочу материалдарды, Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Премьер-министрдин буйруктарынын долбоорлорун даярдоо боюнча, ошондой эле Өкмөттүн, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисинин актыларын, токтомдорун, буйруктарын, протоколдук чечимдерин жана тапшырмаларын контролдоо боюнча өз ара аракеттенүү жана координациялоо ишин Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жүзөгө ашырат.
141. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери аларга жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- коллегиялардын жыйындарына, министрликти, мамлекеттик комитетти, администрациялык ведомствону, аткаруу бийлигинин башка органдарын тейлеген коллегия мүчөлөрү катары катышууга;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Өкмөттүн иш чөйрөсүнө таандык маселелер боюнча актыларын, Өкмөттүн токтомдорун, буйруктарын, Премьер-министрдин буйруктарын, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисинин тапшырмаларын аткаруу жөнүндө маалыматын угууга жана тартипсиздикке жол берген адамдарды жоопко тартуу жөнүндө Өкмөттүн жетекчисине сунуштарды киргизүүгө;
- Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин же Аппарат жетекчисинин тапшырмасы боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын алардын алдына коюлган милдеттерди чечүү боюнча ишин текшерүүнү жүргүзүүгө, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин кароосуна ээлеген кызматынан бошотууга чейин күнөөлүүлөрдү тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- Өкмөттүн жетекчилигине министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана Премьер-министрдин номенклатурасына кирген жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчи кадрларын тандоо жана жайгаштыруу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринен Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча зарыл маалыматтарды суратып алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
142. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери зарыл учурда Өкмөттүн Аппаратына эл аралык уюмдардын, компаниялардын, фирмалардын өкүлдөрү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн, кеңешмелердин, жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча аңгемелешүүлөрдүн протоколдорун, жазууларын жетишилген жыйынтыктарды жана белгиленген чараларды көрсөтүү менен беришет.
Протоколдор иш-чара өткөрүлгөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө талдоо жана Премьер-министрге маалымдоо үчүн Аппарат жетекчисине берилет.
XI. Өкмөт кабыл алган чечимдерди чечмелөө (түшүндүрүү)
143. Өкмөттүн токтомдорун жана буйруктарын расмий чечмелөөнү (түшүндүрүүнү) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 31-беренелерине ылайык Өкмөттүн Аппараты Аппарат жетекчисинин буйругу менен бекитилген циркулярдык кат (түшүндүрүү) түрүндө берет.
Циркулярдык катты (түшүндүрүүнү) бекиткен, Өкмөттүн мурда кабыл алынган расмий чечмелөөсүн камтыган буйруктун долбоору Өкмөттүн чечиминин мазмунун чечмелөөгө (түшүндүрүүгө) муктаж чечиминин долбоорун иштеп чыккан аткаруу бийлигинин органы тарабынан Өкмөттүн Аппаратына киргизилет. Буйруктун долбооруна чечмелөөнүн (түшүндүрүүнүн) долбоорун даярдаган мамлекеттик органдын жетекчиси, Юстиция министрлигинин жетекчилиги, ошондой эле кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана уюмдарынын жетекчилери тарабынан милдеттүү түрдө виза коюлат.
Өкмөттүн Аппараты тарабынан Аппарат жетекчисинин буйруктарынын долбоору таризделет жана ушул Регламентте белгиленген тартипте чыгарууга даярдалат.
144. Аппарат жетекчисинин Өкмөттүн чечимдерин чечмелөөнү камтыган, циркулярдык катты (түшүндүрмөнү) бекиткен буйруктары Өкмөттүн токтомдору жана буйруктары менен бир катар белгиленген тартипте кодификацияланууга жана сакталууга тийиш.
XII. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө тартиби
145. Өкмөт өзүнүн компетенциясынын чегинде жарандардын кайрылууларын кароону, алар боюнча чечим кабыл алууну жана мыйзамда белгиленген мөөнөттө жооп берүүнү камсыз кылат. Бул максатта Өкмөт мүчөлөрү жана башка кызмат адамдары жарандарды кабыл алууну жана кат жүзүндөгү кайрылуулар менен иштөөнү уюштурат.
Өкмөттө сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароо, ошондой эле жарандарды кабыл алуу «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, башка мыйзамдарга, Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин чечимдерине ылайык жүзөгө ашырылат.
Жарандарды Өкмөт мүчөлөрүнүн кабыл алуусу жуманын белгиленген күндөрүндө Премьер-министр квартал сайын бекиткен графиктер боюнча жүргүзүлөт. Жарандарды кабыл алууга жазуу жана уюштуруу Өкмөттүн Аппараты тарабынан камсыз кылынат. Жарандарды кабыл алуунун натыйжалары боюнча чечимдерди аткарууну уюштуруу каралган маселелер компетенциясына кирген аткаруу бийлиги органына жүктөлөт.
Жарандардын жекече жана жамааттык жазуу жүзүндөгү Өкмөткө келип түшкөн кайрылуулары менен иштөөнү Өкмөттүн Аппараты уюштурат. Мазмунуна жараша кайрылуу Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге (милдеттерди уюштурууга ылайык) же Аппарат жетекчисине же болбосо Өкмөттүн Аппараты тарабынан кайрылууда коюлган маселелер компетенциясына кирген мамлекеттик органдарга же аткаруу бийлиги органдарына кароо жана арыз ээлерине жооп берүү үчүн жиберилет.
146. Өкмөттүн Аппараты Өкмөткө келип түшкөн жарандардын каттарын, арыздарын жана даттанууларын изилдейт жана жалпылайт, бул иштин абалы жөнүндө Өкмөттүн жетекчилигине маалымдайт. Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин же Аппарат жетекчисинин тапшырмасы боюнча айрым министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо, аларды кабыл алуу боюнча ишин дайыма текшерет жана бул иште аныкталган кемчиликтерди четтетүү жөнүндө сунуштарды даярдайт.
147. Өкмөттүн жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсү «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.