Редакцияот 14.12.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН

БУЙРУГУ

2011-жылдын 14-декабры № 223

"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын финансы министрлигин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-сезнтябрындагы № 64-б буйругунун 3-пунктун аткарууга мажбурлоо жөнүндө доо арызы Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнү»н Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри Кенекеев Дайыр Атакуловичке бардак соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жан!а ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.

 

Министрдин-Өкмөттүн

Аппарат жетекчисинин

Милдетин аткаруучу

 

 

Н.С. Момуналиев