Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2013-жылдын 27-декабры № 306
"Бишкек" эркин экономикалык зонасынын башкы дирекциясынын (мындан ары - "Бишкек" ЭЭЗи) ишин изилдөө максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия эки айлык мөөнөттө "Бишкек" ЭЭЗинин башкы дирекциясынын ишин изилдесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга зарыл учурда аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын адистерин ишке тартууга, ошондой эле алардан зарыл маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, техникалык, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2013-жылдын 21-июнундагы № 143-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри |
| Н.С. Момуналиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министринин 2013-жылдын 27-декабрындагы № 306 буйругуна тиркеме |
Мукамбетов Мурат Картайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; |
Иминов Махамаджан Саитович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Арунова Индира Абдыкеримовна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишкердик иштерди жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги; |
Ажибраимова Чинара Асамбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук пропаганда бөлүмүнүн башчысы; |
Борочоров Талант Айсаракунович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Бишкек шаары, Сокулук жана Аламүдүн райондору боюнча региондук башкармалыктын начальнигинин орун басары; |
Мамбеткулов Алишер Шамилевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) бюджеттик чөйрөдөгү кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги; |
Мойдунов Анарбай Мойдунович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салыктарга жана төлөмдөргө мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн начальниги; |
Тайкашкаев Бактыбек Муратканович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча башкармалыгынын 2-бөлүмүнүн начальниги; |
Осмонбеков Алмаз Танышбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча башкармалыгынын улук оперкызматкери; |
Кочкоров Алмазбек Тойчубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын начальниги. |