Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2013-жылдын 26-октябры № 254
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К. Исаевдин "Ак-Кула" aт майданын менчиктештирүугө тиешелүү суроо-талабында келтирилген фактыларды изилдөө максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К. Исаевдин "Ак-Кула" ат майданын менчиктештирүүгө тиешелүү суроо-талабында келтирилген фактыларды изилдөө боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн:
2. Жумушчу топ он иш күнүнө чейинки мөөнөттө:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К. Исаевдин Бишкек шаары, Термечиков көчөсү, 1 дареги боюнча жайгашкан "Ак-Кула" ат майданын менчиктештирүүгө тиешелүү суроо-талабында келтирилген фактыларды изилдесин;
- жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуш киргизсин.
3. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигипе жүктөлсүн.
4. Жумушчу топ мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыэ эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Министрликлердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун жетекчилери жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды ыкчам тартипте беришсин жана анын ишине бардык мүмкунчүлүктөр менен көмөк көрсөтүшсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н. Момуналиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министрдин 2013-жылдын 26.10 № 254 буйругуна тиркеме |
Касымалиев А.А. | - Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси.
|
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
| |
Мамидинова Ч.К. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
|
Дүйшеев Н.A. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы;
|
Сыдыгалиев Б.К. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын директору; |
Секимов Б.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы;
|
Бардинова Н. А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
|
Калматов Н.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун статс-катчысы;
|
Нурудинов Н.Н. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К. Исаевдин консультанты (макулдашуу боюнча).
|