Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2014-жылдын 18-январы № 4
Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чындоо концепциясын ишке ашыруу боюнча ишти андан ары системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 232 "Кыргызстан калкынын ассамблеясынын статусу жөнүндө" Жарлыгын эске алып:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки апталык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикте Кыргызстан калкынын ассамблеясынын курамына кирген коомдук бирикмелер менен өз ара байланышта иштешүүчү функциялары бар бөлүм түзүү маселесин изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуш киргизсин;
- жогоруда айтылган бөлүмдү каржылоого байланыштуу маселелерди карап чыксын;
- Кыргызстан калкынын ассамблеясынын кызмат ордунан бошоп калган кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамына ылайык жумушка орноштуруу боюнча сунуш киргизсин.
3. Жумушчу топ зарыл учурларда министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын адистерин ишке тартууга укуктуу экени белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт белүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр |
Н.С. Момуналиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министрдин 2014 - жылдын 2 январындагы № 4 буйругуна тиркеме |
Бактыгулов К.Б. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси.
|
Комисснянын мүчөлөрү:
| |
Чаргынов К.С. | - Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;
|
Мамбеталиева Ж.Ж. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Кожошев А.О. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Фаттахов Б.А. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Коеналиев Т.К. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш башкаруучусу;
|
Муратов А.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт белүмүнүн башчысы;
|
Эргешов З.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен ез ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча).
|