Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 25-апрели, № 133-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 504-б буйругунун редакциясына ылайык)
Эл аралык байланыштарды жана Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк спорттук кыймылга интеграцияланышын чыңдоо, 2014-жылы боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга Кыргыз Республикасынын спортчуларын ийгиликтүү даярдоону жана алардын катышуусун камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык:
1. 2014-жылы боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга катышууга Кыргыз Республикасынын спортчуларын даярдоо боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2014-жылы боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга баруучу, Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясынын мүчөлөрүнө визаларды тариздөөгө көмөктөшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги берген графикке ылайык, Кыргыз Республикасынын курама командаларын даярдоо үчүн финансылык каражаттарды 2014-жылга бекитилген бюджеттик каражаттардын чегинде өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги спорттун түрлөрү боюнча 2014-жылы боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга катышууга даярданып жаткан Кыргыз Республикасынын курама командаларынын спортчуларын тереңдетилген медициналык кароону акысыз негизде жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 2014-жылы боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга баруучу Кыргыз Республикасынын спорттук делегацияларынын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортторун берүүгө көмөктөшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети, Кыргыз Республикасынын спорттун түрлөрү боюнча федерациялары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын курама командаларынын 2014-жылы боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга даярдоо жана катышуу планына ылайык, аларды зарыл болгон шарттар менен камсыздашсын.
7. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына, жалпыга маалымдоо каражаттарына 2014-жылы боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга Кыргыз Республикасынын курама командаларын даярдоонун жүрүшүн жана катышуусун чагылдырууну камсыздоо сунушталсын.
8. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына 2014-жылдагы эл аралык комплекстүү спорттук оюндарды өткөрүү учурунда көчөлөрдү талаптагыдай жасалгалоо сунушталсын.
9. 2014-жылдагы эл аралык комплекстүү спорттук оюндарынын катышуучуларынын жетишкен жыйынтыктарынын негизинде спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрүнө-спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына бир жолку акчалай сыйлык берүүнүн төмөнкү өлчөмдөрү белгиленсин:
XVII Азия оюндары жана II Азиялык Пара оюндары:
спортчулар үчүн:
- биринчи орун үчүн - 1250000 (бир миллион эки жүз элүү миң) сом;
- экинчи орун үчүн - 750000 (жети жүз элүү миң) сом;
- үчүнчү орун үчүн - 500000 (беш жүз миң) сом.
Башкы машыктыруучуга сыйлык акы спортчунун акчалай сыйлыгынын 25 пайыз өлчөмүндө төлөнөт.
Жеке машыктыруучуга сыйлык акы спортчунун акчалай сыйлыгынын 25 пайыз өлчөмүндө төлөнөт.
II Өспүрүмдөрдүн Олимпиадалык оюндары:
- биринчи орун үчүн - 1000000 (бир миллион) сом;
- экинчи орун үчүн - 500000 (беш жүз миң) сом;
- үчүнчү орун үчүн - 250000 (эки жүз элүү миң) сом.
Улук машыктыруучуга сыйлык акы спортчунун акчалай сыйлыгынын 25 пайыз өлчөмүндө төлөнөт.
Жеке машыктыруучуга сыйлык акы спортчунун акчалай сыйлыгынын 25 пайыз өлчөмүндө төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 504-б буйругунун редакциясына ылайык)
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-апрелиндеги № 133-б буйругуна тиркеме |
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Бардинова Нуржан Арзыкуловна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Аманкулов Канат Маратович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиадалык комитетинин башкы катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Сагинбаева Динара Зарлыковна | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Шаикова Алина Кавылбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; |
Мотукеев Болот Джакинбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Оторбаев Кубат Табылдиевич | - | Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Кулматов Кубанычбек Кеңешович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча). |