Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 12-майы № 154-б
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин бекитилгендигинин 20 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-декабрындагы № 489-б буйругу менен бекитилген 2014-жылга юбилейлик иш-чаралардын тизмегине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин бекитилгендигин 20 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети эки айлык мөөнөттө юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин, аны ишке ашырууну камсыз кылсын.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган министрликтердин жана административдик ведомстволордун каражаттарынын, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жана уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 154-б буйругуна тиркеме |
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Талиева Камила Абдыразаковна | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Бекматов Абдыжапар Гапырович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Кудайбердиева Гульмира Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Кудайбердиев Абибилла Алымович | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министри; |
Суранчиев Абдылда Шергазиевич | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Сариев Темир Аргембаевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри; |
Султанов Калыкбек Иманалиевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; |
Боронов Кубатбек Айылчиевич | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; |
Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри; |
Садыков Канат Жалилович | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Сагинбаева Динара Зарлыковна | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри; |
Алымкулов Алисбек Толбашиевич | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри; |
Эркебаев Абдыганы | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти; |
Эрматов Эгемберди | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Кулматов Кубанычбек Кенешевич | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Разаков Жеңиш Парпиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Джээнбеков Жусупжан Амражанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кайыпов Аманбай Кайыпович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Курманалиева Койсун Аблабековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Каптагаев Эмилбек Саламатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Исаев Канатбек Кедейканович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Турганова Замира Казыбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Оторбаев Кубат Табылдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Саалаев Жедигер Ибраимович | - | "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Слащева Тамара Михайловна | - | "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Осмонов Манас Орозбаевич | - | "Эркин Тоо" газетасынын башкы редактору. |