Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 19-майы № 164-б
Бишкек шаарында 2014-жылдын 19-20-майында болуучу "Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Делегациянын жетекчисине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-майындагы № 164-б буйругуна тиркеме |
Айдаралиев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, расмий делегациянын жетекчиси. |
Расмий делегациянын мүчөлөрү: | ||
Иманкожоева Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Жамгырчиева Г.О. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Салимов Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Байгончоков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Бешимов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Муканбетов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Мурзаев К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардамдар башкармалыгынын начальниги. |