Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-мартындагы № 92-б буйругуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 20-майы № 167-б
Ресурстар чектелген шарттарда мамлекеттик секторду реформалоонун приоритеттүү багыттарын аныктоо, ошондой эле аны ишке ашыруунун жүрүшүн контролдоо максатында:
1. Мамлекеттик секторду реформалоонун төмөнкүдөй приоритеттүү багыттары аныкталсын:
- коррупцияга каршы реформа;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары бөлүгүндөгү соттук-укуктук реформа;
- мамлекеттик финансыларды башкаруу тутумун реформалоо;
- мамлекеттик кызмат тутумун реформалоо;
- мамлекеттик башкарууну реформалоо;
- электр энергетика тармагындагы мамлекеттик башкарууну реформалоо;
- кен казуу тармагындагы мамлекеттик башкарууну реформалоо.
2. Мамлекеттик секторду реформалоонун приоритеттүү иш-чаралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мамлекеттик сектордун приоритеттүү багыттарын реформалоонун үч этабы белгиленсин:
Биринчи этап | кыска мөөнөттүү чаралар/иш-аракеттер | 2014-жылдын 30-июнуна чейин |
Экинчи этап | орто мөөнөттүү чаралар/иш-аракеттер | 2015-жылдын декабрына чейин |
Үчүнчү этап | узак мөөнөттүү чаралар/иш-аракеттер | 2016-жылдын декабрына чейин |
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органдарын тескеген түзүмдүк бөлүнүштөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 167-б буйругуна тиркеме |
1. Коррупцияга каршы реформа
Кыска мөөнөттүү иш-аракеттер | ||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
1. Мамлекеттик органдардагы жана мамлекет катышкан чарбалык субъекттердеги системалык коррупциянын жана тийиштүү коррупциялык схемалардын тамырына балта чабуу боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешине киргизүү | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 "Бийлик органдарындагы саясий жана системалык коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгынын 3-тиркемесине ылайык министрликтер жана ведомстволор | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 "Бийлик органдарындагы саясий жана системалык коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык саясий коррупция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өзгөртүү боюнча чараларды иштеп чыгуу | ЮМ, ФМ | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
3. Коррупцияга каршы күрөшүүдө укук коргоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү | ИИМ, МУКК, Финпол, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
4. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматында кызыкчылыктардын кагылышуусун чечүү боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу | МКК (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
5. Улуттук мыйзамдарда жок стандарттарды жана өзгөртүүлөрдү аныктоо максатында коррупцияга каршы күрөшүү жаатында Кыргыз Республикасынын укуктук базасын инвентаризациялоо жана талдоо | ЭМ | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
6. Коррупцияга каршы тажрыйбаны ишке ашыруу үчүн коррупцияга каршы мыйзамдардын жана институттук потенциалдын колдонулуудагы жана келечектеги долбоорлорун коррупцияга каршы экспертизалоо тутумун түзүү | ЭМ | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
7. Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйзамдары жаатында эл аралык юридикалык каражаттарды андан ары аткарууга багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | ЮМ, ЭМ | 2014-жылдын 31-декабрына чейин |
8. Коррупцияга каршы күрөшүү жаатында кабыл алынган эл аралык макулдашууларга жана Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттердин тобуна (GRECO) кошулуу боюнча чараларды иштеп чыгуу | ЮМ | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
Орто мөөнөттүү иш-аракеттер | ||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
1. Өкмөттүк органдардын кадрдык саясатына коррупцияга каршы чараларды киргизүү | МКК (макулдашуу боюнча) | 2016-жылдын 1-январына чейин |
2. Коррупцияга жана паракорлукка карата жазык жоопкерчилигинин ченемдерин талдоо жана катаалдаштыруу | ИИМ, МУКК, Финпол, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | 2016-жылдын 1-январына чейин |
3. Коррупциялык кылмыштарды жасоого күнөөлүүлөрдү териштирүү жана жоопкерчиликке тартууну камсыздоо үчүн мамлекеттин жогорку кызмат адамдарынын иммунитетин чектөө боюнча ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана киргизүү | МУКК, Финпол, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | 2016-жылдын 1-январына чейин |
4. Коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын коррупцияга каршы жүрүм-турумду колдоого багытталган иштерге катышуусу үчүн механизмдерди иштеп чыгуу | ЭМ, министрликтер жана ведомстволор | 2016-жылдын 1-январына чейин |
Узак мөөнөттүү иш-аракеттер | ||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
1. Коррупцияны болтурбоо боюнча көз карандысыз органды түзүү | ЭМ | 2017-жылдын 1-январына чейин |
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары бөлүгүндөгү соттук-укуктук реформа
Кыска мөөнөттүү иш-аракеттер |
| |||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
| |
1. Сот тутумунун бюджетин түзүү жана аткарылышын контролдоо бөлүгүндө бийликтин сот бутагы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өз ара иштешүү механизмдерин иштеп чыгуу жана бекемдөө | Судьялар кеңеши (макулдашуу боюнча), Жогорку сот (макулдашуу боюнча), Конституциялык палата (макулдашуу боюнча), Сот департаменти (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
| |
Орто мөөнөттүү иш-аракеттер |
| |||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
| |
1. Кыргыз Республикасынын төмөндөгү мыйзамдарына оңдоолорду киргизүү: - "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө"; - "2014-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын сот тутумун каржылоо "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык республикалык бюджеттин чыгымдарынын тийиштүү беренелери боюнча толук көлөмдө ишке ашырылат)"; - "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү сотторунун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө"; - "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын чектүү штаттык саны жана эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" | Судьялар кеңеши (макулдашуу боюнча), Жогорку сот (макулдашуу боюнча), Конституциялык палата (макулдашуу боюнча), Сот департаменти (макулдашуу боюнча), ФМ | 2016-жылдын 1-январына чейин |
| |
Узак мөөнөттүү иш-аракеттер |
| |||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
| |
1. Сот тутумунун бюджетинин каржыланышын жана аткарылышын дайыма контролдоо, отчётторду берүү жана ЖМКга жарыялоо | Судьялар кеңеши (макулдашуу боюнча), Жогорку сот (макулдашуу боюнча), Конституциялык палата (макулдашуу боюнча), Сот департаменти (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын 1-январына чейин |
| |
3. Мамлекеттик финансыларды башкаруу тутумун реформалоо
Кыска мөөнөттүү иш-аракеттер | ||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоорунун бирдиктүү редакциясын иштеп чыгууну аяктоо | ФМ, жумушчу топ | 2014-жылдын 1-декабрына чейин |
2. Бюджеттин ачык-айкындык индексин жакшыртуу боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу | ФМ | 2014-жылдын 1-декабрына чейин |
3. Ички аудит тутумун жакшыртуу | ФМ | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
4. Мамлекеттик сатып алуулар тутумун, укуктук жана институттук түзүмдү кошкондо эл аралык алдыңкы тажрыйбага шайкеш келтирүү | ФМ | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 "Бийлик органдарындагы саясий жана системалык коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү зарыл болгон кайра түзүүлөр тууралуу сунуштарды кароо | ФМ | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
Орто мөөнөттүү иш-аракеттер | ||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
1. Пилоттук министрликтердин кызматкерлерин сектордук талдоо жүргүзүү жана программалык бюджетти иштеп чыгуу боюнча комплекстүү окутууну жүргүзүү | ФМ, министрликтер жана ведомстволор | 2016-жылдын 1-январына чейин |
2. Бюджетти өзүнө бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлору жөнүндө маалыматты камтыган программалык форматта берүү | ФМ, министрликтер жана ведомстволор | 2016-жылдын 1-январына чейин |
3. Бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлоруна жарым жылдык жана жылдык негизде тутумдук мониторинг жүргүзүүнү киргизүү | ФМ, министрликтер жана ведомстволор | 2016-жылдын 1-январына чейин |
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгын башкаруунун маалыматтык тутумун иштеп чыгуу жана киргизүү | ФМ | 2016-жылдын 1-январына чейин |
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгын пакеттик клиринг тутумуна кошуу жана бирдиктүү казыналык эсепке өтүү | ФМ | 2016-жылдын 1-январына чейин |
6. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү үчүн электрондук сатып алууларды (электрондук соодаларды) ишке ашыруу | ФМ | 2016-жылдын 1-январына чейин |
7. Бюджеттер аралык трансферттердин эсептеринин методикасын өркүндөтүү | ФМ | 2016-жылдын 1-январына чейин |
Узак мөөнөттүү иш-аракеттер | ||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
1. Мамлекеттик сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына өтүү | ФМ | 2017-жылдын 1-январына чейин |
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын операцияларына жана андан ары бюджеттик процесске электрондук сатып алуулар тутумун интеграциялоо | ФМ | 2017-жылдын 1-январына чейин |
3. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү үчүн электрондук сатып алууларды (электрондук соодаларды) киргизүү | ФМ | 2017-жылдын 1-январына чейин |
4. Жергиликтүү бийлик органдарына ыйгарым укуктардын бөлүнүп берилишине байланыштуу бюджеттер аралык трансферттердин эсептеринин методикасын өркүндөтүү | ФМ | 2017-жылдын 1-январына чейин |
4. Мамлекеттик кызмат тутумун реформалоо
Кыска мөөнөттүү иш-аракеттер | ||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат өтөө жана уюштуруу маселелерин жөнгө салуучу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | МКК (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
Орто мөөнөттүү иш-аракеттер | ||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
1. 2013-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгегине акы төлөө тутумун өркүндөтүү программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткаруу | МКК (макулдашуу боюнча) | 2016-жылдын 1-январына чейин |
2. Мамлекеттик органдын статс-катчысы жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | МКК (макулдашуу боюнча) | 2016-жылдын 1-январына чейин |
3. Персонал, эмгек акынын өлчөмдөрү, кирешелерди жана мүлктү декларациялоо жөнүндө маалыматтардын электрондук базаларын түзүүнү караган мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарындагы адам ресурстарын башкаруу процесстерин автоматташтыруу | МКК (макулдашуу боюнча) | 2016-жылдын 1-январына чейин |
Узак мөөнөттүү иш-аракеттер | ||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этика кодексин иштеп чыгуу | МКК (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын 1-январына чейин |
2. Мамлекеттик кызматтын сапатына коомдук мониторинг жүргүзүү тутумун киргизүү | МКК (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын 1-январына чейин |
3. Конкреттүү аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүп, жогорку кесипкөй IT-адистерин тартуу менен кирешелерди декларациялоо тутумун автоматташтыруу боюнча локалдык программалык өнүмдү иштеп чыгуу | МКК (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын 1-январына чейин |
5. Мамлекеттик башкарууну реформалоо
Кыска мөөнөттүү иш-аракеттер | ||
Иш-чара | Иш-чара | Иш-чара |
1. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун өткөрүү жол-жоболорун өркүндөтүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы Регламентинин долбоорун иштеп чыгуу | ЮМ | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
2. Мамлекеттик башкаруунун борбордук жана аймактык деңгээлдери менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы функцияларды, ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти бөлүштүрүү жана чектөө (өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча) | Өкмөттүн Аппараты | 2014-жылдын 25-декабрына чейин |
3. Кыргыз Республикасында Административдик-аймактык реформалардын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүүгө киргизүү | Этностор агенттиги | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жаңы базалык көрсөткүчтөрүнүн тизмегинин долбоорун бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү | ЭМ | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
5. Мамлекеттик кызматтардын стандарттарынын долбоорлорун иштеп чыгуу, жарандык коомчулук институттары менен макулдашуу жана кабыл алуу | Министрликтер жана ведомстволор | 2014-жылдын 25-декабрына чейин |
6. Муниципалдык кызматтардын базалык реестринин долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү | Этностор агенттиги | 2014-жылдын 25-августуна чейин |
Орто мөөнөттүү иш-аракеттер | ||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
1. Мамлекеттик функцияларды борбордон ажыратуу максатында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына ченем жаратуу ыйгарым укуктарын берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү | ЮМ | 2016-жылдын 1-январына чейин |
2. Бардык мамлекеттик функциялардын стандарттарын жана административдик регламенттерин иштеп чыгуу үчүн Мамлекеттик функциялардын реестрин иштеп чыгуу жана бекитүү | ЭМ, УСИИ, министрликтер жана ведомстволор | 2016-жылдын 1-январына чейин |
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө Мыйзамын кабыл алуу | ЭМ, Этностор агенттиги | 2015-жылдын 1-январына чейин |
Узак мөөнөттүү иш-аракеттер | ||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
1. Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү | Этностор агенттиги | 2017-жылдын 1-январына чейин |
2. Электрондук форматтагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга этап менен өтүүнү жүзөгө ашыруу (мамлекеттик кызматтардын мамлекеттик интернет-порталынын концепциясын иштеп чыгууну кошкондо) | ЭМ, Этностор агенттиги, ТКМ, министрликтер жана ведомстволор | 2017-жылдын 1-январына чейин |
6. Электр энергетика тармагындагы мамлекеттик башкарууну реформалоо
Кыска мөөнөттүү иш-аракеттер | ||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
1. Отун-энергетика комплексинде стратегияны жана жөнгө салуу функцияларын иштеп чыгуу, саясатты түзүү, ошондой эле энергокомпаниялардын акционери катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун компаниялардын жетекчилигинин иштин финансылык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн жоопкерчиликти камсыз кылуу боюнча жоопкерчилигин аныктоо | ЭӨМ | 2014-жылдын 25-декабрына чейин |
2. Электр энергиясынын иш жүзүндөгү ашыкча агынынын жана белгиленген тарифтердин негизинде бардык энергокомпаниялардын ортосунда сектордун акча каражаттарынын ачык-айкын жана негиздүү бөлүштүрүлүүсүн камсыз кылуу үчүн көз карандысыз эсептөө борборун түзүү | ЭӨМ, ММБФ | 2014-жылдын 25-декабрына чейин |
3. Электр энергетика компаниясын ийгиликтүү башкаруунун узакка созулган эл аралык тажрыйбасы бар подрядчы менен бөлүштүрүүчү компанияны башкарууга пилоттук негизде узак мөөнөттүү контракттын киргизилишин иликтөө | ЭӨМ, ММБФ | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
4. Электр жана жылуулук энергиясы менен камсыз кылуу боюнча кызматтардын наркын, ошондой эле үзгүлтүксүз электр жабдуу менен тарифтердин ортосундагы өз ара байланышты коомчулукка түшүндүрүү үчүн маалымат өнөктүгүн жүргүзүү | ЭӨМ, энергокомпаниялар | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
Орто мөөнөттүү иш-аракеттер | ||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
1. Жоготууларды азайтуу максатында электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун алдыңкы автоматташтырылган тутумдарын киргизүү | ЭӨМ, БЭКтер (макулдашуу боюнча), ФМ | 2016-жылдын 1-январына чейин |
2. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн компаниялардын коммерциялык ишин туруктуу жакшыртууну камсыздоо жана көрсөткүчтөргө жетүү максатында жоопкерчиликтерин күчөтүү үчүн ар бир энергокомпаниянын директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен түзүлүүчү келишимдерге оңдоолорду киргизүү | ЭӨМ | 2016-жылдын 1-январына чейин |
3. Тандап алуу критерийлерин иштеп чыгуу жана башкы директорлордун жана энергокомпаниялардын башкы дирекцияларынын башка мүчөлөрүнүн кызмат орундарына ачык конкурс өткөрүү | ЭӨМ, ММБФ, Кадрлар резервин түзүү боюнча комиссия | 2016-жылдын 1-январына чейин |
4. Энергия булактарына тарифтер жогорулаган шарттарда натыйжалуу, шайкеш каржылануучу калктын аялуу катмарларын социалдык коргоо программасын иштеп чыгуу | ЭӨМ, ЭМ, СӨМ, ФМ, Соцфонд | 2016-жылдын 1-июлуна чейин |
Узак мөөнөттүү иш-аракеттер | ||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
1. Орто мөөнөттүү тарифтик саясатты (ОМТС) киргизүү, тарифтерди колдонулуп жаткан объекттерди оңдоого, кайра конструкциялоого, техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдардын ордун толук толтурулган деңгээлге чейин жеткирүү жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тармакты өнүктүрүү | ЭӨМ, ЭМ, ФМ, Соцфонд | 2017-жылдын 1-январына чейин |
7. Кен казуу тармагындагы мамлекеттик башкарууну реформалоо
Кыска мөөнөттүү иш-аракеттер | ||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
1. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу | ЭМ | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
2. Кыргыз Республикасынын тоо кен тармагын өнүктүрүүнүн орто, узак мөөнөттүү стратегияларын иштеп чыгуу жана киргизүү | ЭМ | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
3. Конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү аркылуу уруксаттамаларды берүү жол-жоболорунун ачык-айкындыгын камсыз кылуучу шарттарды түзүү | ЭМ, ГМРМА | 2014-жылдын 1-июлуна чейин |
Орто мөөнөттүү иш-аракеттер | ||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
1. Жергиликтүү коомдоштуктарга карата тоо-кен сектору боюнча жалпы республикалык маалымат-агартуу компаниялардын комплекстүү программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу | ЭМ, ГМРМА, Токой агенттиги, РГА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2016-жылдын 1-январына чейин |
2. Жаратылыш ресурстарынын сарамжалдуу пайдаланылышын контролдоо боюнча ченемдик документтердин долбоорлорунун пакетин иштеп чыгуу жана киргизүү | ЭМ, Токой агенттиги, Экотехинспекция, ГМРМА | 2016-жылдын 1-январына чейин |
Узак мөөнөттүү иш-аракеттер | ||
Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү |
1. Тоо кен тармагындагы инвесторлор үчүн "бирдиктүү терезени" түзүү концепциясын иштеп чыгуу | ЭМ | 2017-жылдын 1-январына чейин |
2. Жергиликтүү коомдоштуктарга карата тоо сектору боюнча жалпы республикалык маалыматтык-агартуу компанияларынын комплекстүү программаларынын иш-чараларын ишке ашыруу | ЭМ | 2017-жылдын 1-январына чейин |