КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 22-майы № 170-б
"1993-жылдын 29-майында Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө Конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги 1993-жылдын 29-майында Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө Конвенцияга ылайык жүктөлгөн ченемдерди аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы катары аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп эсептелген Нидерланд Королдугунун Тышкы иштер министрлигине 1993-жылдын 29-майында Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө Конвенцияга ылайык жүктөлгөн ченемдерди аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жөнүндө билдирсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |