Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 22-майы № 172-б
Санкт-Петербург жана Москва шаарларында (Россия Федерациясы) 2014-жылдын 22-24-майында болуучу XVIII Петербург эл аралык экономикалык форумунун ишине жана Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуу маселелери боюнча россия тарап менен эки тараптуу сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
3. Жашоо үчүн чыгымдар иш жүзүндө жүргүзүлгөн сарптоолор боюнча, ушул чыгымдар тиешелүү документтер менен ырасталганда төлөнсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 172-б буйругуна тиркеме |
Расмий делегация:
Оторбаев Джоомарт Каипович (*), (***) | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Джунусов Болот Тологонович | - | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси; |
Ахметова Нурсулу Меирбековна (**) | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Ибраев Данил Турсунбекович (*), (***) | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович (***) | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Панкратов Олег Михайлович (*), (***) | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси. |
Коштоочу адамдар: | ||
Торалиева Гулнура Тынчтыкбековна (*), (**) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Киселева Римма Хаджимуратовна (***) | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы соода жана БДСУ бөлүмүнүн башчысы; |
Саякбаев Данияр Асылбекович (***) | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин экинчи катчысы; |
Турсункул уулу Сатар (***) | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Конокбаев Самат Сурабалдиевич | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Күзөт: | ||
Абдырасул уулу Азамат (*), (**) | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-башкы башкармалыгынын кызматкери. |
Эскертүү:
(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттарынын эсебинен командировкага жиберилет;
(**) - 2014-жылдын 22-24-майында Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына командировкага жиберилет;
(***) - 2014-жылдын 22-24-майында Россия Федерациясынын Москва шаарына командировкага жиберилет.