Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 22-майы № 173-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-февралындагы № 37-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында жана Түрк маданиятынын эл аралык уюмуна (ТҮРКСОЙ) мүчө-өлкөлөрдө көрүнүктүү төкмө акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамында:
- курамга киргизилсин:
Оторбаев Джоомарт Каипович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Джээнбеков Жусупжан Амражанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин мүчөсү; |
Исаев Канатбек Кедейканович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин мүчөсү; |
Барманов Токтосун Белекович | - | Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким, уюштуруу комитетинин мүчөсү; |
- курамдан Сатыбалдиев Ж.Ж., Раев С.А., Төрөмаматов Ж.К., Жунушалиев Т.Ш., Сатымкулов М.А. чыгарылсын;
- "Талиева Камила Абдыразаковна" позициясындагы "вице-премьер-министр" деген сөздөр "маданият, маалымат жана туризм министри" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |