Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 11-февралы № 37-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 173-б, 2014-жылдын 16-октябрындагы №460-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз элинин чыгаан төкмө акыны Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасында жана Түрк маданиятынын эл аралык уюмуна (ТҮРКСОЙ) мүчө-өлкөлөрүндө Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун, гранттар менен демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-февралындагы № 37-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасында жана Түрк маданиятынын эл аралык уюмуна (ТҮРКСОЙ) мүчө-өлкөлөрүндө кыргыз элинин чыгаан төкмө акыны Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 173-б, 2014-жылдын 16-октябрындагы №460-б буйругунун редакциясына ылайык)
Оторбаев Джоомарт Каипович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри; |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Садыков Канат Жалилович | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Алымкулов Алисбек Төлбашиевич | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри; |
Калматов Анарбек Баратович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Мадалиев Нуркамил Апишевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Каптагаев Эмилбек Саламатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Джээнбеков Жусупжан Амражанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Курманалиева Койсун Аблабековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Разаков Жеңиш Парпиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Исаев Канатбек Кедейканович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин мүчөсү; |
Кайыпов Аманбай Кайыпович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кулматов Кубанычбек Кеңешевич | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Барманов Токтосун Белекович | - | Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким, уюштуруу комитетинин мүчөсү; |
Оторбаев Кубат Табылдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Жумагулов Султанбек | - | Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - "ЭлТР" телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Эркебаев Абдыганы Эркебаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Жакиев Бексултан Жакиевич | - | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча); |
Сооронов Омор | - | акын, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Өмүрканов Анатай | - | Кыргыз Республикасынын эл акыны (макулдашуу боюнча); |
Үсөнбаев Мир Алымкулович | - | Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча); |
Аманова Роза Асановна | - | Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча); |
Саалаев Жедигер Ибраимович | - | "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн башкы редактору - директор; |
Слащева Татьяна Михайловна | - | "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн башкы редактору - директор: |
Осмонов Кыргызбай Арапбаевич | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын директору; |
Себахаттин Балжы | - | Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Эшиев Акылбек Эшиевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери (макулдашуу боюнча); |
Капалбаев Октябрь Эркинович | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти (макулдашуу боюнча); |
Токтогулов Молдожан | - | Токтогул Сатылгановдун небереси (макулдашуу боюнча); |
Борбиев Болот Ибраимович | - | "Токтогул-150" коомдук фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Абдиева Зейнеп | - | "Токтогул" коомдук фондунун өкүлү (макулдашуу боюнча). |
Максутов Алтынбек Аскарович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри , уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |