Загрузка документа…
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
РАСПОРЯЖЕНИЕ
2014-жылдын 23-майы № 178-б
Монголиянын Улан-Батор шаарында 2014-жылдын 29-30-майында боло турган Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-монгол комиссиясынын кезектеги экинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2014-жылдын 27-31-майына Монголиянын Улан-Батор шаарына командировкага жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-майындагы № 178-б буйругуна тиркеме |
Султанов Калыкбек Иманалиевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри - комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Бактыгулова Канайым Жумадиловна | - | Пекин шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу иретинде Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы жана Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси; |
Суюмбаева Паиза Усенбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Муратбеков Канатбек Камбарбекович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Ишекеев Назаркул Ишекеевич | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Апасова Рима Тунгучбаевна | - | Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Кайыпов Аманбай Кайыпович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Разаков Жениш Парпиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кулубаев Жээнбек Молдоканович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин директору; |
Жунушов Асанкадыр Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтунун директору (макулдашуу боюнча); |
Абдралиева Гульмира Курманбековна | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобилдик транспорт бөлүмүнүн башчысы; |
Кайбалиев Азамат Нарынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин экинчи секретары; |
Шарапов Таалайбек Жолболдуевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси; |
Кудайбердиева Айзада Бердибековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана интеграциялык бирикмелер башкармасынын тышкы иштер жана протокол бөлүмүнүн башкы адиси - комиссиянын жооптуу катчысы. |