Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 26-майы № 181-б
Талас облусунун Бакай-Ата районунда жайгашкан Шыраалжын аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө экологиялык жана техникалык коркунучтарды аныктоо жана баалоо максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия 2014-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө:
- Шыраалжын аянтында "Ти Жен Хун" жоопкерчилиги чектелген коому менен "Алтын Күмүштак Майнинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун ишине байланышкан абалга төмөнкүдөй иликтөө жүргүзсүн:
- радиациялык фондо кыртыштын, суунун, абанын сынамыгын талдоого;
- геологиялык чалгындоо иштеринин таасирине, жергиликтүү калктын ден соолугуна, курчап турган чөйрөгө, үй жаныбарларына баа берүүгө;
- жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Шыраалжын аянтына геологиялык чалгындоо иштерин андан ары жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутунду берсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды, жергиликтүү калктын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн ишке тартууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-майындагы № 181-б буйругуна тиркеме |
Зилалиев Д.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Артыкбаев Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
|
| Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: |
Жуманазаров Б.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Исаков Т.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору; |
Жумабеков К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик экологиялык экспертизалар жана жаратылышты пайдалануу башкармалыгынын начальниги; |
Абдулаев М.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өнөр жайлык коопсуздук жана кен көзөмөлү башкармалыгынын начальниги; |
Акматалиев А.И. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстары саясаты башкармалыгынын кен пайдалануу боюнча саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Жусупов К.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мамлекеттик ветеринариялык көзөмөл башкармалыгынын начальниги; |
Айткулов Т.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын фитосанитариялык карантиндик көзөмөл башкармалыгынын начальниги; |
Кадырбеков Б.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгынын начальниги; |
Табалдиев М.Ж. | - | Талас облусунун Бакай-Ата районундагы мамлекеттик администрация башчысынын -акиминин милдетин аткаруучу; |
Бердалиев К.К. | - | Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылдык аймагынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Тойчубекова З.А. | - | Талас облусунун Бакай-Ата районунун Орой айылдык аймагынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Сатыбеков М.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин геология башкармалыгынын башкы адиси: |
Сапаралиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин тышкы экономикалык байланыштар жана коомчулук менен байланыштар боюнча бөлүмүнүн башкы адиси. |