Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 27-майы № 187-б
Курулуш уюмдары менен инженердик-техникалык камсыздоо тарамдарынын ээлик кылуучуларынын ортосундагы өз ара мамилени жөнгө салган ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ үч айлык мөөнөттө куруучулар менен инженердик-техникалык камсыздоо тарамдарынын ээлик кылуучуларынын ортосундагы өз ара мамилени жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.
3. Жумушчу топко зарыл болгон учурда министрликтердин, административдик ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методологиялык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-майындагы № 187-б буйругуна тиркеме |
Ибраев Д.Т. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Турдубаев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Сабиров Ш.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Исаев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Халитов М.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Сатынбаев А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Молдобаев A.M. | - | Кыргызстан Куруучулар союзунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Абдыкалыков Э.Э. | - | "Бишкек жылуулук тарамы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Кадыркулов И.А. | - | "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Айткулов М.А. | - | "Кыргызстандын улуттук электр тарамы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Кадыркулов Р.Д. | - | "КыргызгазПром" жоопкерчилиги чектелген коомунун долбоорлоо жана курулуш бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Исаев А.М. | - | Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча); |
Султанбеков С.У. | - | Энергетикалык комплекстин ишкерлер ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча). |