Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 2-июну № 197-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 205-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Т.Д.Сарпашевдин 2014-жылдын 7-12-июнунда Монголияга баруучу жумушчу визитине байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июнундагы № 197-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Т.Д.Сарпашевдин 2014-жылдын 7-12-июнунда Монголияга баруучу жумушчу визитининин алкагындагы Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 205-б буйругунун редакциясына ылайык)
Сарпашев Тайырбек Дүйшөкеевич(*) | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Орозов Талайбек Саратанбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Ашимов Нурмамат | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Шаикова Алина Кавылбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; |
Акматов Руслан Орозбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дарылык камсыздоо жана медициналык техника департаментинин башкы директорунун орун басары; |
Соколова Сабина Васильевна(**) | - | "Move One" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Суюмбаева Паиза Усенбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы. |
Эскертүү:
(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун эсебинен жиберилет;
(**) - өз каражатынын эсебинен жиберилет.