Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 2-июну № 254
Бишкек, Ош шаарларында жана Бишкек - Каракол автожолунда (Ысык-Көл облусу) видеокөзөмөлдөө, фото жана видеофиксация, фото жана видеотаануу боюнча программалык-аппараттык видеокөзөмөлдөө комплексин киргизүүчү "Коопсуз шаар" долбоорун жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдында кылмыштарды эсепке алуучу жана каттоочу бирдиктүү электрондук борборду түзүүгө арналган "Электрондук ККК" долбоорун ишке ашырууга тендердин шарттарын иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн.
2. Мамлекеттик органдардын жетекчилери ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн кызматкерлерин ведомстволор аралык жумушчу топтун иштөө мезгилине карата Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине иштөөгө жиберишсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2014-жылдын 10-июнуна чейин Бишкек, Ош шаарларында жана Бишкек-Каракол автожолунда (Ысык-Көл облусу) видеокөзөмөлдөө, фото жана видеофиксация, фото жана видеотаануу боюнча программалык-аппараттык видеокөзөмөлдөө комплексин киргизүүчү "Коопсуз шаар" долбоорун жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдында кылмыштарды эсепке алуучу жана каттоочу бирдиктүү электрондук борборду түзүүгө арналган "Электрондук ККК" долбоорун ишке ашырууга тендердин шарттарын техникалык тапшырманын талаптарын эске алуу менен даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, ишканалардын, уюмдардын адистерин, көз каранды эмес эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 2-июнундагы № 254 буйругуна тиркеме |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Бекмуратов Акылбек Аттокурович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансы-чарба башкармасынын бөлүм начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Арыкбаев Эрмек Молдошевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 8-башкы башкармасынын начальнигинин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Абдыжалиев Бактыгул Рысбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын Оперативдүү-иликтөө башкы башкармасынын начальнигинин орун басары; |
Айнабаев Бектур Аскерович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармасынын коргонуу жана укук тартип бөлүмүнүн башчысы; |
Дуйшебаев Жыргалбек Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтык-аналитикалык борборунун башкармасынын начальниги; |
Жакыпбеков Эльдар Жакыпбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери; |
Жалалбеков Мырза Райымканович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын экономикалык талдоо, ишти камсыз кылуу жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн иш алып баруучу адиси; |
Курманалиев Арстанбек Абдиназарович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзамдык актылардын долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармасынын башкы адиси; |
Кушубакова Мария Ысакуловна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөл департаментинин санитардык врачы; |
Новицкий Николай Иванович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы; |
Омаров Мунарбек Мурзабекович | - | Бишкек шаардык мэриясынын Өнүктүрүү агенттигинин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк бөлүмүнүн начальниги; |
Сарыбаев Айбек Кадырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо башкармасынын башкы инспектору, ведомстволор аралык жумушчу топтун катчысы. |