Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 2-июну № 253
"Коопсуз шаар" жана "Электрондук ККК" долбоорлору боюнча техникалык тапшырманы толуктап иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1.Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн.
2.Мамлекеттик органдардын жетекчилери ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн кызматкерлерин ведомстволор аралык жумушчу топтун иштөө мезгилине карата Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине иштөөгө жиберишсин.
3.Ведомстволор аралык жумушчу топ 2014-жылдын 5-июнуна чейин "Коопсуз шаар" жана "Электрондук ККК" долбоорлорун ишке ашырууга техникалык тапшырманы толуктап иштеп чыксын.
4.Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болсо мамлекеттик органдардын, ишканалардын, уюмдардын адистерин, коз каранды эмес эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
5.Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 2- июнундагы № 253 буйругуна тиркеме |
Бообеков Алмазбек Дуйшенбекович - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтык-аналитикалык борборунун начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Орозбеков Болот Тентиевич - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтык-аналитикалык борборунун бөлүм башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Акимбаев Азат Асылбекович - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармасынын башкы адиси;
Амангельдиев Данияр Жолдошович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик секторду пландаштыруу башкармасынын начальниги;
Баетов Айкол Байышович - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин укуктук экспертиза бөлүмүнүн башкы адиси;
Байтереков Таалай Алымбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;
Бапанов Нурлан Буланович - Альфа-Телеком" жабык акционердик коомунун маалыматтык жана техникалык коопсуздук боюнча башкы адиси; (макулдашуу боюнча);
Бланк Бахтияр Мамадкадырович - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 8-башкы башкармасынын бөлүм начальниги;
Глушинский Александр Сергеевич - көз каранды эмес эксперт, видео жана IT-технология боюнча адис (макулдашуу боюнча);
Дикан Никита Владимирович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын Тамырдык күбөлөндүрүү борборунун бөлүм башчысы;
Жакыпакунов Талант Аскарбекович - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросунун врачы;
Исаев Чынгыз Рысбекович - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармасынын уюштуруу-инспекторлук бөлүмүнүн системдик администратору;
Мамытов Бексултан Абакирович - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармасынын уюштуруу - инспекторлук башкармасынын инспектору;
Мележик Игорь Анатольевич - "Альфа-Телеком" жабык акционердик коомунун маалыматтык жана техникалык коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Муканов Канат Аскерович - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин байланыш жана маалыматташтыруу башкармасынын маалыматташтыруу секторунун башчысы;
Неверов Тимофей Николаевич - көз каранды эмес эксперт, (макулдашуу боюнча);
Олферьева Юлия Геннадьевна - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 8-башкы башкармасынын бөлүм начальниги, жумушчу топтун катчысы;
Омаров Мухтар Мурзабекович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын радиотилкелик жана чубалгы байланыш жана автоматташтыруу боюнча башкармасынын ага офицери;
Сарлыкбек уулу Мирланбек- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек аралык контроль башкармасынын маалыматтык-техникалык бөлүмүнүн начальниги;
Сартов Саламат Кенжебекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери;
Сатыбалдиев Hyp Рысканович - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол-кайгуул кызматынын бөлүмүнүн ага инспектору;
Щегловатов Александр Николаевич – көз каранды эмес эксперт, (макулдашуу боюнча).