Редакцияот 29.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 29-ноябры № 279

Кыргыз Республикасынын аймагына кирген жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккан чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды эсепке алуу үчүн Кыргыз Республикасында миграциялык карталарды ишке киргизүү жөнүндө маселени изилдөө максатында:

1. Эксперттик топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Эксперттик топ бир айлык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын аймагына кирген жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккан чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды эсепке алуу үчүн Кыргыз Республикасында миграциялык карталарды ишке киргизүү жөнүндө маселени, ошондой эле ушул маселенин укуктук, финансылык жана башка жактарын изилдесин жана талдасын;

- ушул маселе боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

3. Эксперттик топко кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин ишке тартууга белгиленген тартипте укук берилсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Өкмөттүн Аппарат

жетекчиси-министр

 

Н.С. Момуналиев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министринин

2013-жылдын "29" ноябрындагы № 279 буйругуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын аймагына кирген жана Кыргыз Республикасынын аймагынан  чыккан чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды эсепке алуу үчүн  Кыргыз Республикасында миграциялык карталарды ишке киргизүү жөнүндө маселени  изилдөө боюнча эксперттик топтун курамы

 

Касымалиев Канат Эмилбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана озгочо кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эксперттик топтун жетекчиси;

Жанузаков Адилет Канатович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;

Юлдашева Парида Хайталиевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;

Айнабаев Бектур Аскарович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бөлүм начальниги;

Сарлыкбек уулу Мирлан - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек аралык контролдоо башкармалыгынын бөлүм начальниги;

Мамбетов Асылбек Жапарович - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин онунчу башкы башкармалыгынын бөлүм начальниги;

Калматов Азамат Маматысакович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги;

Рыскулов Жыргалбек Шаршебаевич - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

Кожомбердиев Асейин Жаматаевич - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин  алдындагы жол чарба департаментинин бөлумүпүн башкы адиси;

Бакенов Улукбек Медетбекович - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин миграциялык саясат башкармалыгынын башкы адиси;

Үмөтов Бактыбек Таштанбекович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин бөлүм башчысы;

Осмонова Рахат Курманбековна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жетектөөчү адиси;

Мамбетов Алмаз Анаркулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы иштерин уюштуруу башкы башкармалыгынын бажылык жол-жоболор башкармалыгынын башкы инспектору;