РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-июнундагы № 211-б (Уюштуруу комитети түзүлүшү боюнча) буйругу

Редакция11.06.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 11-июну № 211-б

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Матен Сыдыковдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү женүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча планды иштеп чыгып, бекитсин жана аны белгиленген мөөнөттө ишке ашырууну камсыздасын.

3. Мааракелик иш-чараларды еткөрүүгө байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.

4.  Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жана билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

                                                             

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын «11» июнундагы № 211 буйругуна тиркеме

 

Уюштуруу комигетинин курамы

Сарпашев Тайырбек Дүйшөкеевич - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комигетинин терагасы;

Талиева Камила Абдыразаковна - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комигетинин торагасынын орун басары.

Уюштуруу комигетинин мүчөлөрү:

Самаков Карганбек Садыкович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Калматов Анарбек Баратович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Бактыгулов Каданбай Бактыгулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары;

Эргешов Алтынбек Калдарович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Анпаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү ез алдынча башкаруу болүмүнүн башчысы;

Муратов Абдиманнап Аттокурович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Анпаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;

Садыков Канат Жалилович - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Кулматов Кубанычбек Кенешович - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Эркебаев Абдыганы Эркебаевич – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президента;

Оторбаев Кубат Табылдиевич - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорагщясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Саалаев Жедигер Ибраимович- "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор;

Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (макулдашуу боюнча);

Мурзубраимов Бектемир Мурзубраимович - Кыргызстан элдер ассамблеясынын торагасы (макулдашуу боюнча);

Өмүралиева Калипа Мырзабековна - маданиятка эмгек сицирген ишмер (макулдашуу боюнча);

Нургазиев Мухтар Нургазиевич - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

Усубалиев Турдакун Усубалиевич - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

Сыдыков Анаралы Матенович - Матен Сыдыковдун уулу (макулдашуу боюнча).