Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 11-июну № 212-б
"Кыргыз Республикасынын Баатыры" Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин туулган күнүнүн 95 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкметү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Уюштуруу комитета тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети 2014-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгып, бекитсин жана аны ишке ашырууну камсыздасын.
3. Мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.
4.Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жана билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын "11" июнундагы № 212-б буйругуна тиркеме |
Сарпашев Тайырбек Дүйшөкеевич - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Ирсалиев Дүйшон Исмаилович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Талиева Камила Абдыразаковна - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин терагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Турсунбеков Чыныбай Акунович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Ниязалиева Дамира Абаскановна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Иманалиев Каныбек Капашович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Самаков Карганбек Садыкович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Бактыгулов Кадаңбай Бактыгулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары;
Эргешов Алтынбек Калдарович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
Муратов Абдиманнап Аттокурович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Садыков Канат Жалилович - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Каптагаев Эмилбек Саламатович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Жээнбеков Сооронбай Шарипович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Джээнбеков Жусупжан Амражанович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Курманалиева Койсун Аблабековна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Разаков Жениш Парпиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулү;
Кайыпов Аманбай Кайыпович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Исаев Канатбек Кедейканович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кулматов Кубанычбек Кеңешович - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич - Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Шералиев Жылдызбек Кыдырмаевич - Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким;
Оторбаев Кубат Табылдиевич - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Саалаев Жедигер Ибраимович - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору-башкы редактор;
Слащева Татьяна Михайловна - "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору-башкы редактор;
Бакашова Жылдыз Кемеловна - Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору;
Салымбеков Аскар Мааткабылович - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Исаков Марат Абдымажимович - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Алымжанов Айбек Орозбекович - "Жандос" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).