Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 12-июну № 217-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 678 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын «12» июнундагы № 217-б буйругуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Ведомстволор аралык комиссиянын торагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору (макулдашуу боюнча).
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын «12» июнундагы № 217-б буйругуна 1-тиркеме |
1. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасын (мындан ары - Программа) ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын иштерин координациялоону камсыздоо максатында түзүлгөн консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын курамы жана саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын иши коомдук башталышта жүргүзүлөт.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын иши төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- Ведомстволор аралык комиссиянын отурумдарында Программаны ишке ашыруу боюнча маселелерди коллегиалдуу, эркин жана ачык-айкын талкуулоонун;
- Программаны аткаруу боюнча Иш-чаралардын планын ишке ашырууда аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык жана коомдук уюмдардын, ошондой эле башка органдардын кызматташуусунун;
- кабыл алынган чечимдердин аткарылышы үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилигинин.
6. Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин негизги максаты министрликтердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын Программаны аткаруу боюнча өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо болуп саналат.
7. Ведомстволор аралык комиссиянын негизги милдеттери болуп министрликтердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын макулдашылган аракеттерин иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планына (мындан ары - Иш-аракеттер планы) ылайык ыкчам ведомстволор аралык жана региондор аралык өз ара аракеттенүүнү жана мониторинг жүргүзүүнү камсыздоо эсептелет.
8. Ведомстволор аралык комиссия өзүнө жүктелгөн милдеттерге ылайык:
аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Программаны аткаруу маселелерине карата ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
өз отурумдарында мезгил - мезгили менен (жылына эки жолудан кем эмес) Программаны аткаруу боюнча Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин маалыматтарын карайт;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна Программаны аткарууга карата Иш-аракеттер планын ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды киргизет;
Ведомстволор аралык комиссияга жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын адистеринен жана өкүлдөрүнөн, илимий кызматкерлерден жана башка көз карандысыз эксперттерден турган жумушчу топторду түзөт;
Программаны аткарууга карата Иш-аракеттер планын ишке ашыруу маселелери боюнча теле жана радиопрограммаларды даярдооку уюштурат;
- Программаны аткаруу боюнча Иш-аракеттер планын ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт.
9. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
Программаны аткарууга карата Иш-аракеттер планын ишке ашыруу маселелери боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин аткарууга карата министрликтерден, административдик ведомстволордон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл болгон маалыматтарды суроого;
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн, министрликтердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен кызмат адамдарынын Программаны аткарууга карата Иш-аракеттер планын ишке ашыруу маселелери боюнча маалыматтарын угууга;
министрликтердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Программаны аткаруу боюнча Иш-аракеттер планын аткарышына мониторинг жүргүзүүгө;
зарыл болгон учурда Ведомстволор аралык комиссиянын жана Программаны аткаруу боюнча Иш-аракеттер планынын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүн, министрликтердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдерүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана адистерин белгиленген тартипте тартууга.
10. Ведомстволор аралык комиссияны Кыргыз Республикасынын биринчи вице - премьер - министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы жетектейт.
11. Ведомстволор аралык комиссиянын торагасынын бир орун басары болот.
12. Ведомстволор аралык комиссия өз ишин отурумдар түрүндө жүргүзөт.
13. Ведомстволор аралык комиссиянын отурумдары зарылдыгына жараша, иш планына ылайык өткөрүлөт.
Ведомстволор аралык комиссиянын отурумдарын Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы, ал жок болгон учурда тораганын орун басары алып барат.
14. Ведомстволор аралык комиссиянын отуруму эгер ага анын курамынын жарымынан көбү катышса, укуктуу болуп эсептелет.
15. Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдери кворум болгондо. ачык добуш берүү аркылуу Ведомстволор аралык комиссиянын отурумуна катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат, протокол менен таризделет, ага Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы кол коёт жана ал Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылышы керек.
16. Ведомстволор аралык комиссиянын чечими ага катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш бергенде кабыл алынган болуп эсептелет. Добуштар бирдей санда болуп калган учурда тораганын добушу чечүүчү болуп саналат.
17. Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик саналат, анын милдетине Программаны аткаруу боюнча Иш- аракеттер планын ишке ашыруу, Ведомстволор аралык комиссиянын отурумдарына документтерди даярдоо, маалыматтык – аналитикалык материалдар менен камсыздоо, берилген материалдарды иштеп чыгуу жана жалпылоо, Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин тариздөе жана аткарылышын контролдоо кирет.
6. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин токтотуу
18. Ведомстволор аралык комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин негизинде токтотот.