Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-июну № 224-6
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Оман Султанатынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу, киреше салыктарына жана капиталга карата салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика министрине аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Оман Султанатынын Өкмөтү;
Кош салык салуудан качуу, киреше салыктарына жана капиталга салык салууну болтурбоо женүндө макулдашуу түзүүнү каалап,
темөнкүлөр тууралуу келишим түзүштү:
I ГЛАВА
МАКУЛДАШУУ КОЛДОНУЛУУЧУ ЧӨЙРӨ
1- БЕРЕНЕ
МАКУЛДАШУУ КОЛДОНУЛА ТУРГАН ЖАКТАР
Ушул Макулдашуу Келишим түзүүчү Мамлекеттердин биринин же экеенүн тең резидента болуп саналган жактарга карата колдонулат.
2- БЕРЕНЕ
МАКУЛДАШУУ ЖАЙЫЛТЫЛА ТУРГАН САЛЫКТАР
Бул Макулдашуу Келишим түзүүчү Мамлекеттердин, анын администрациялык бөлүнүштөрүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан алынуучу салыктарга карата аларды алуу ыкмаларына карабастан колдонулат.
Киреше жана капитал салыктары деп, кирешенин жалпы суммасынан, капиталдын жалпы суммасынан, же кирешенин же капиталдын айрым элементтеринен, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкон киреше салыктарынан алынуучу бардык салыктар, ишканалар төлөп берүүчү эмгек акынын же сыйлыктардын жалпы суммасынан алынуучу салыктар, ошондой эле капиталдын өсүшүнөн улам кирешелерден алынуучу салыктар эсептелет.
3. Ушул Макулдашуу жайылтыла турган колдонуудагы салыктар деп төмөнкүлөр эсептелет:
а) Кыргыз Республикасында:
юридикалык жактардан пайда жана башка киреше салыктары;
жеке адамдардан алынуучу киреше салыгы; жана
мүлк салыгы;
(бул жерде жана мындан ары "Кыргыз салыктары" деп аталат);
б) Оман Султанатында;
киреше салыгы
(бул жерде жана мындан ары "Оман салыктары" деп аталат).
4. Бул Макулдашуу толуктоо катары же колдонуудагы салыктардын ордуна бул Макулдашууга кол коюлган күндөн кийин алына турган окшош же мааниси боюнча ушул сыяктуу салыктарга да колдонулат. Келишим түзүүчү Мамлекеттердин компетенттүү органдары алардын тиешелүү салыктык мыйзамдарына киргизилген бардык олуттуу өзгөртүүлөр тууралуу бири-бирине кабарлашат.
II ГЛАВА АНЫКТАМАЛАР
3-БЕРЕНЕ ЖАЛПЫ АНЫКТАМАЛАР
1. Ушул Макулдашуунун максаттарында, эгер контекстен башкача келип чыкпаса:
а) "Кыргызстан" термини Кыргыз Республикасын билдирет. Географиялык мааниде пайдаланганда "Кыргызстан" термини Кыргыз Республикасы эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырып жаткан жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдонулуучу аймакты билдирет;
б) "Оман Султанаты" термини Оман Султанаты жана ага таандык аралдар, анын ичинде аймактык суулар жана алардан сырткаркы ар кандай аймакта Оман Султанаты эл аралык укукка жана Оман Султанатынын мыйзамдарына ылайык деңиз түбүнүн, жер казынасынын жана каптаган суунун жаратылыш ресурстарын иштетүү жана пайдалануу жагында мыйзамдуу укуктарын ишке ашыра ала турган ар кандай аймакты билдирет;
в) "жак" термини жеке адамды, компанияны жана ар кандай башка жактардын бирикмесин түшүндүрөт;
г) "компания" термини салык алуу максаты үчүн корпоративдик бирикме катары каралган ар кандай корпоративдик бирикмени же ар кандай уюмду түшүндүрөт;
д) "Келишим түзүүчү Мамлекет" жана "экинчи Келишим түзүүчү Мамлекет" термини контекстке жараша Кыргыз Республикасын жана Оман Султанатын түшүндүрөт;
е) "Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы" жана "экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы" термини тиешелүүлүгүне жараша Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы жана экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы түшүндүрот;
ж) "эл аралык ташуу" термини деңиз же аба кемеси же жер үстүндегү транспорт экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин пункттарынын ортосунда гана пайдаланылгандан башка учурдагы, Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы пайдалануучу деңиз жана аба кемеси же жер үстүндөгү транспорт менен ар кандай ташууларды түшүндүрөт;
з) "компетенттүү орган" термини төмөнкүнү түшүндүрөт:
Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын экономика министрлигин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн;
Оман Султанатында - Финансы министрлигин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн;
и) "улуттук жак" термини төмөнкүнү түшүндүрөт:
Келишим түзүүчү Мамлекеттин жарандыгына ээ болгон ар кандай жеке адам;
Келишим түзүүчү Мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык өзүнүн статусун алган, ар кандай юридикалык жак, шериктештик же бирикме.
2. Келишим түзүүчү Мамлекет ушул Макулдашууну колдонгондо анда аныкталбаган ар кандай термин ушул Макулдашуу таратылган салыктарга карата, Келишим түзүүчү Мамлекеттин мыйзамдары боюнча аныкталган мааниге ээ болуп, Келишим түзүүчү Мамлекеттин башка мыйзамында аныкталган мааниден үстемдүк кылат.
4-БЕРЕНЕ РЕЗИДЕНТ
1. Бул Макулдашуунун максаты үчүн "Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти" термини Келишим түзүүчү Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жашаган жери, туруктуу барган жери, башкаруу орду, катталган орду же ушундай мүнөздөгү башка критерийлери боюнча салык салынууга тийиш болгон ар кандай адамды түшүндүрөт, ошондой эле Келишим түзүп жаткан Мамлекетти же анын администрациялык бөлүнүштөрүн, жергиликтүү бийлик органдарын камтыйт. Бирок бул термин Келишим түзүүчү Мамлекеттин киреше булактарына же андагы капиталга карата ушул Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынууга тийиш болгон жакты камтыбайт.
2. Эгерде 1-пункттун жоболору боюнча адам Келишим түзүүчү Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болсо, анда анын статусу төмөнкүдөй аныкталат:
а) аймагында туруктуу турак жайга ээ болгон жак Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти деп эсептелет; эгер ал Келишим түзүүчү эки Мамлекеттин экөөндө тең туруктуу турак жайга ээ болсо, айрыкча тыгыз жеке жана экономикалык байланыштарга (жанюо-тиричилик кызыкчылыгынын борборуна) ээ болгон Келишим түзүүчү Мамлекеттин гана резиденти деп эсептелет;
б) эгерде жашоо-тиричилик кызыкчылыгынын борбору боло турган Келишим түзүүчү Мамлекет аныкталбаса же анын бул Келишим түзүүчү Мамлекеттердин биринде дагы туруктуу турак жайы болбосо, анда ал демейде жашаган Келишим түзүүчү Мамлекеттин гана резиденти болуи саналат;
в) эгер адам демейде Келишим түзүүчү Мамлекеттердин экөөндө тең жашаса, же алардыи биринде да жашабаса, анда ал жараны болуп саналган Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти деп эсептелет;
г) эгер ал Келишим тузүүчү Мамлекеттердин экөөнүн тең жараны болсо же алардын биринин да жараны болбосо, анда бул маселе Келишим түзуучү Мамлекеттердин компетенттүү органдарынын өз ара макулдашуусу боюнча чечилет.
3. Эгер бул берененин 1-пунктунун күчүнөн улам жеке адам болуп саналбаган жак Келишим түзүүчү Мамлекеттердин экөөнүн тец резиденти болсо, анда ал анын иш жүзүндөгү башкаруу органы жайгашкан Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти деп эсептелет.
5-БЕРЕНЕ ТУРУКТУУ МЕКЕМЕ
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "туруктуу мекеме" термини иштин туруктуу ордун түшүндүрөт, ал аркылуу ишкананын иши толук же жарым-жартылай ишке ашырылат.
"Туруктуу мекеме" термини негизинен төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) башкаруу орду;
б) бөлүм;
в) кеңсе;
г) фабрика;
д) өнөркана;
е) шахта, нефть же газ бургуларын, карьерди же башка жаратылыш ресурстары казып алынуучу жерлер.
"Туруктуу мекеме" термини төмөнкүлөрдү да камтыйт:
а) курулуш аянтчасын, куруу, монтаждоо же куроо объекттин же алар менен байланышкан көзомөл ишин, бирок эгер ушундай аянтча же объект же ушундай иш 6 айдан ашык созулган учурда гана;
б) ишкананын кызматкерлери же ишкана ушундай максаттар үчүн жалдаган башка персоналдар аркылуу кызматтарды көрсөтүү анын ичинде консультациялык кызматтарды көрсөтүү, эгер мындай мүнөздөгү иш ушундай же аны менен байланышкан долбоор экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин аймагында он эки айдын ичинде жалпысынан токсон күндөн ашык мезгилге уланса.
4. Бул берененин жоболоруна карабастан, "туруктуу мекеме" термини төмөнкүлердү камтыбайт:
а) ишканага тиешелүү болгон товарларды же буюмдарды сактоо же көрсөтүү же жеткирин берүү максатында гана жайларды пайдалануучу;
б) сактоо, корсөтүү же жеткирип берүү максатында гана ишканага тийиштүү болгон товарлардын жана буюмдардын запасын кармоону;
в) ишканага тийиштүү болгон товарлардын же буюмдардын запасын башка ишкана тарабынан кайра иштетүү максатында гана кармоону;
г) товарларды же буюмдарды сатып алуу же ишкана үчүн маалыматтарды топтоо максаттарында гана иштин туруктуу ордун кармоону;
д) ишкана үчүн даярдоочу же көмөкчү мүнөздөгү жарнама же илимий изилдөө сыяктуу ар кандай башка ишти жүргүзүү максаттарында гана иштин туруктуу ордун кармоону;
е) "а" - "д" пунктчаларында көрсөтүлген иш түрлөрүнүн ар кандай айкалыштарын ишке ашыруу үчүн гана иштин туруктуу ордун кармоону, мындай айкалыштардын натыйжасында пайда болгон иштин туруктуу ордундагы жалпы иш даярдоочу жана көмөкчү мүнөздө болгон шартта.
5. Бул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна карабастан, эгерде жак ага карата ушул берененин 6-пункту колдонула турган коз карандысыз статустагы агентке Караганда Келишим түзүүчү Мамлекетте экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасынын атынан иштесе, анда бул ишкана биринчи Келишим түзүүчү Мамлекетте ар кандай иш жасоочу туруктуу мекемеси бар ишкана катары каралат;
а) ишкананын атынан контракт түзүүгө ыйгарым укугу бар жана адатта ошол Келишим түзүүчү Мамлекетте аны пайдаланса, бул жактын иши 4-пунктта эскертилгендер менен чектелген учурларды кошпогондо, мында эгер иштин туруктуу ордун ушул пункттун жоболоруна ылайык туруктуу мекемеге айлантпаса;
б) мындай ыйгарым укуктарга ээ болбосо, бирок адатта биринчи Келишим түзүүчү Мамлекетте товарларын же буюмдарын сактаган кампасы болуп, андан ишкананын атынан товарларды жана буюмдарды дайыма жеткирип берип турса.
6. Брокер, комиссионер же коз карандысыз статусу бар башка агент аркылуу, мындай жактар өзүнүн көнүмүш ишинин алкагында аракеттенген шартта, бул Келишим түзүүчү Мамлекетте ишкердикти жүзөго ашыргандыгы үчүн гана ишкана Келишим түзүүчү Мамлекетте туруктуу мекемеси бар катары эсептелбейт. Эгерде агенттин мындай аракеттери толук же дээрлик толук ишканага багытталса, ал аталган пункттун маанисиндеги коз карандысыз статустагы агент катары каралбайт.
7. Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания, контролдой турган же экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания тарабынан контролдоно турган фактысы, же бул экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте ишкердикти ишке ашыруусу (же туруктуу мекеме аркылуу, же башкача түрдо) өзүнөн-өзү бул компаниялардын бирин экинчисинин туруктуу мекемесине айланта албайт.
Ill ГЛАВА КИРЕШЕ САЛЫГЫ
6- БЕРЕНЕ
КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛКТӨН АЛЫНУУЧУ КИРЕШЕ
1. Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн (айыл чарбасынан, жайыттардын жана токой чарбасынан алынуучу кирешелерди кошкондо) алуучу кирешеге бул экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынат.
2. "Кыймылсыз мулк" термини каралып жаткан мүлк жайгашкан Келишим түзүүчү Мамлекеттин улуттук мыйзамдары боюнча түшүнүктөгү мааниге ээ. Бул термин ар кандай учурларда кыймылсыз мүлкке карата көмөкчү мүлктү, мал жана айыл чарбасында жана (мал жана балык өстүрүүнү кошо) токой чарбасында пайдаланылуучу жабдууларды, жер менчигине карата жалпы укуктун жоболорунда колдонулуучу укуктарды түшүндүрөт. Кыймылсыз мүлктүн узуфруктун жана минералдык ресурстарды, булактарды жана башка жаратылыш кендерин иштетүү же пайдалануу укугу үчүн өзгөрмөлүү же белгиленген төлөм укуктары "кыймылсыз мулк" катары каралат. Деңиз жана аба кемелери, ошондой эле жер үстүндөгү транспорт кыймылсыз мүлк катары каралбайт.
3. 1-пункттун жобосу ишкананын кыймылсыз мүлктөн алган кирешелерине, ошондой эле коз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланылуучу кыймылсыз мүлктөн түшкөн кирешелерге карата колдонулат.
7- БЕРЕНЕ ИШКЕРДИКТЕН ТҮШКӨН ПАЙДА
1. Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасынын пайдасына, эгерде мындай ишкана экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик жүргүзбөсө, бул Келишим түэүүчү Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде ишкана жогоруда айтылгандай ишкердик жүргүзсе, ишкананын пайдасына экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте салык төмөнкү учурларда гана салынышы мүмкүн;
а) туруктуу негизде;
б) экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте ошол эле товарларды же буюмдарды сатуу же туруктуу мекеме аркылуу ошондой эле сатуулар; же
в) туруктуу мекеме аркылуу ишке ашырылган ошондой эле же окшош түрдөгү башка ишкердикти экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте ишке ашыруу.
2. 3-пункттун жоболорун эске алуу менен эгер Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик жүргүзсө, анда ар бир Келишим түзүүчү Мамлекетте бул туруктуу мекеменин пайдасына, эгер ал өз алдынча жана өзүнчө мекеме болсо, ушундай же ушуга окшогон шартта ушундай же ушуга окшогон ишти жүргүзүүдөн жана туруктуу мекемеси болуп саналган ишканадан толук көз карандысыз аракеттенүүдөн түшүшү мүмкүн болгон пайда кирет.
3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо башкаруу жана жалпы административдик чыгымдарды кошкондо, бул чыгымдар туруктуу мекеме жайгашкан Келишим түзүүчү Мамлекетте же башка жерде жайгашкан туруктуу мекеменин максаттары үчүн келтирилген чыгымдарды эсептен чыгарууга жол берилет. Бирок, туруктуу мекеме тарабынан менчикти пайдалангандыгы үчүн компенсация, алымдар же ушуга окшош төлөмдөр, патентти же башка укуктарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр, же көрсөтүлгөн кызматтын анык түрлөрү же жетекчилик үчүн комиссиялар аркылуу же туруктуу мекемелерге ссудага берилген акча боюнча карызды өндүрүү жөнүндө доолордон түшкөн кирешелер аркылуу туруктуу мекеменин ишканасынын башкы офисине же анын башка офисине төлөгөн суммалары каралса (иш жүзүндөгү чыгымдарды жабуудан айырмаланган) бул суммаларга карата мындай эсептен чыгарууларга жол берилбейт. Жогоруда көрсөтүлгөн чыгымдар туруктуу мекеме жайгашкан Келишим түзүүчү Мамлекеттин салык мыйзамдарынын жоболоруна жана чектөөлөрүнө ылайык эсептен чыгарылышы мүмкүн.
4. Эгерде Келишим түзүүчү Мамлекетте туруктуу мекемеге тийиштүү пайда ишкананын кирешесинин жалпы суммасын анын ар түрдүү бөлүнүштөрү боюнча пропорциялуу бөлүштүрүүнүн негизинде аныкталса мындай бөлүштүрүү аркылуу, ушул берененин 2-пунктунда эч нерсе Келишим түзүүчү Мамлекетке адатта кабыл алынгандай салык салынуучу пайданы аныктоого тыюу салбайт; бөлүштүрүүнүн кабыл алынган методу ушул беренеде камтылган принциптерге ылайык келген натыйжаларды бериши керек.
5. Бул туруктуу мекеме тарабынан ишкана үчүн товарларды жана буюмдарды сатып алуулардын себеби боюнча гана пайда туруктуу мекемеге таандык болбойт.
6. Мурдагы пункттардын максаттары үчүн туруктуу мекемеге тийиштүү пайда эгерде белгиленген тартипти өзгөртүү үчүн маанилүү жана жетиштүү негиздер болбосо жыл сайын бир эле ыкма менен аныкталат.
7. Эгерде пайда ушул Макулдашуунун башка беренелеринде өзүнчө каралган кирешенин элементтерин камтыса, анда бул беренелердин жоболору ушул берененин жоболоруна таасирин тийгизбейт.
8-БЕРЕНЕ ЭЛ АРАЛЫК ТАШУУЛАР
1. Эл аралык ташууларда дециз, аба кемелерин же жер үстүндөгү транспорт каражаттарын пайдалануудан алынган пайдага Келишим түзүүчү Мамлекетте гана салык салынышы керек.
2. Бул берененин 1-пунктунун жоболору ошондой эле биримдиктерге, биргелешкен ишкердик иштерге же эл аралык аткаруучу агенттикке катышуудан тушкөн пайдага карата да колдонулат.
3. Ушул берененин максаттары үчүн эл аралык ташууларда деңиз, аба кемелерин же жер үстүндөгү транспортту пайдалануудан түшкөн пайда теменкүлөрдү камтыйт:
а) эл аралык ташууларда пайдаланылуучу жана жабдуулар, персонал, запастар менен толук комилекттелген деңиз, аба кемелеринин же жер үстүндөгү транспорттун чартери, лизинги же ижарасы;
б) деңиз, аба кемелеринин же жер үстүндөгү транспорттун экипажсыз чартери, лизинги, ижарасы же фрахты, эл аралык ташууларда деңиз же аба кемелерин же жер бетиндеги транспортторду пайдаланууда мындай чартер, лизинг же ижара кошумча болсо;
в) товарларды же буюмдарды ташуу үчүн колдонулуучу контейнерлерди (контейнерлерди ташуу үчүн тийиштүү трейлерди жана жабдууларды кошкондо) пайдалануу, тейлөө же ижарага алуу, мындай пайдалануу, тейлөө же ижарага алуу эл аралык ташууларда деңиз, аба кемелерин же жер үстүндөгү транспортторду пайдаланууга кошумча болсо;
г) эл аралык ташууларда деңиз, аба кемелерин же жер үстүндөгү транспортгорду пайдаланууга түз байланышкан банк эсептери боюнча иайыздар.
4. "Деңиз, аба кемелерин же жер бетиндеги транспортторду колдонуу" термини жүргүнчүлердү, почтаны, жаныбарларды же товарларды ташууну алардын ээлери, ижарачылар деңиз, аба кемелерин же жер үстүндөгү транспорттор аркылуу ишке ашыруусун билдирет, буга мындай ташуу үчүн ишкананын атынан билеттерди сатуу же ташууга байланышкан ар кандай активдүүлүк кошу лат.
9-БЕРЕНЕ АССОЦИАЦИЯЛАНГАН ИШКАНАЛАР
1. Эгер:
а) Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына туз же кыйыр катышса; же
б) бир эле жактар Келишим тузүүчү Мамлекеттин ишканасын, ошондой эле экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса жана ар бир учурда эки ишкананын ортосунда алардын коммерциялык жана финансылык оз ара мамилелеринде эки коз карандысыз ишкананын ортосундагы боло турган шарттардан айырмаланган шарттар түзүлсө же белгиленсе, анда алардын биринин эсебине чегериле турган, бирок бул шарттардан улам ага чегерилбеген жана ошол эле шарттар боюнча экинчи ишкана албаган пайда бул ишкананын пайдасына киргизилет жана ага тийиштуү түрде салык салынат.
2. Биринчи Келишим түзүүчү Мамлекет бул Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасынын пайдасына экинчи Келишим түзүүчү Мамлеке7те салык салууга дуушар болгон экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасына карата пайданы киргизген жана тийиштүү түрдө салык салган учурда, ушундай түрдө киргизилген пайда биринчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасына чегериле турган пайда деп саналат, эгер эки ишкананын ортосундагы мамиле эки коз карандысыз ишкананын ортосундагы мамиледей болсо, анда экинчи Келишим түзүүчү Мамлекет бул пайдадан алынуучу салыктын суммасына карата тийиштүү оццоп-түзөтүүлөрдү жүргүзөт. Мындай оңдоп-түзөтүүлөрдү аныктоодо ушул Макулдашуунун башка жоболору каралууга тийиш болгон учурда Келишим түзүүчү Мамлекеттердин компетенттүү органдары өз ара консультацияларды өткөрө алышат.
10-БЕРЕНЕ ДИВИДЕНДДЕР
1. Биринчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидент-компаниясы экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентине төлөп берүүчү дивиденддерге экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок, мындай дивиденддерге компания анын резиденти болуп саналган Келишим түзүүчү Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык дивиденддерди төлөечү Келишим түзүүчү Мамлекетте да салык салынышы мүмкүн, бирок алуучу иш жүзүндө дивиденддердин ээси болуп эсептелсе, мындай түрдө алынган салык төмөнкүлөрден ашпайт:
а) дивиденддерди төлөөчү компаниянын капиталынын минимум он пайызына (10%) түздөн-түз ээлик кылган (өнөктөштөн айырмаланган) компания дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси болуп саналса дивиденддердин жалпы суммасынын беш пайызынан (5%);
б) калган учурларда дивиденддердин жалпы суммасынын он пайызынан (10%).
Бул пункт дивиденддер төлөнүүчү пайдага карата компанияга салык салууну козгобойт.
3. Бул берененин 2-пунктунун жобосуна карабастан Келишим түзүүчү Мамлекетте пайда болгон жана экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин Өкмөтүнө төлөнүүчү дивиденддер биринчи Келишим түзүүчү Мамлекетте салык төлөөдөн бошотулат.
Бул берененин 3-пунктунун максаттары үчүн "Өкмөт" термини төмөнкүлердү камтыйт:
(а) Оман Султанатынын мисалында:
Борбордук банк;
Мамлекеттик башкы резервдик фонд;
Омандын инвестициялык фонду;
статус менен бекитилген, Оман Султанаттыгына толук же жогорку деңгээлде таандык болгон башка орган же институт, бул Келишим түзүүчү Мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда макулдашылышы мумкун.
(б) Кыргызстандын мисалында:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө толук же жогорку деңгээлде таандык болгон башка орган же институт, бул Келишим түзүүчү Мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда макулдашылышы мүмкүн.
5. "Дивиденддер" термини ушул беренеде колдонулганда акциялардан же башка карыздык талаптар катары эсептелбеген укуктардан түшкен кирешени. пайда табууга катышуудан түшкөн кирешени, ошондой эле башка корпоративдик укуктардан алынган кирешени түшүндүрөт, ал пайданы бөлүштүрүүчү компания резиденти болуп саналган Келишим түзүүчү Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салыктык жөнгө салынууга тийиш.
6. Эгер дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп туруп, экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте ишкердик ишин ашырса, мында дивиденддерди төлөөчү компания резидент болуп саналса, анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу же ушул экинчи Келишим түэүүчү Мамлекетте көз карандысыз жеке кызматтарды туруктуу жайгашкан база аркылуу көрсөтсө жана дивиденддер төлөнгөн холдинг чындыгында туруктуу мекемеге же туруктуу базага таандык болсо бул берененин 1 жана 2-пункттарынын жобосу колдонулбайт. Мындай учурда ушул Макулдашуунун 7-беренесинин же 15-беренесинин жоболору шаргка жараша колдонулат.
7. Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттен пайда же киреше алган учурда, ушул экинчи Келишим түзүүчү Мамлекет эгер мындай дивиденддер бул экинчи Келишимди түзүүчү Мамлекеттин резидентине толонсо же ал дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг иш жүзүндө экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекемеге же туруктуу база менен анык байланышта болгонун кошпогондо, компания төлөгөн дивиденддерден кандайдыр бир салык алынбайт, ошондой эле компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынан, эгер төлөнүүчү дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда ошол экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте келип чыгуучу толук же жарым-жартылай иайдадан же кирешеден турса да, бөлүштүрүлбөгөн пайда салыгы салынбайт.
8. Дивиденддер төлөнүүчү ар кайсыл адамга акцияларды же башка укуктарды берүү, эгер ушул беренени пайдалануунун негизги максаты же негизги макса!тарынын бири боло турган болсо анда бул берененин жобосу колдонулбайт.
11-БЕРЕНЕ ПАЙЫЗДАН АЛЫНУУЧУ КИРЕШЕ
1. Биринчи Келишим түзүүчү Мамлекетте пайда болгон жана экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентине телөнүүчү пайыздарга, ошол экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай пайыздарга, алар пайда болгон Келишим түзүүчү Мамлекетте ушул Келишим түзүүчү Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынышы мүмкүн, бирок алуучу пайыздардын иш жүзүндөгү ээси болсо, анда мындайча алынып жаткан салык пайыздардын жалпы суммасынын беш пайызынан (5%) ашпашы керек.
3. 2-пункттун жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин Өкмөтүнө төленүүчү пайыздар биринчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салуудан бошотулат.
4. 3-пункттун максаттары үчүн "Өкмөт" термини төмөнкүлөрдү камтыйт:
(а) Оман Султанатынын мисалында:
Борбордук банк;
Мамлекеттик башкы резервдик фонд;
Омандын инвестициялык фонду;
статус менен бекитилген, Оман Султанатына толук же жогорку деңгээлде таандык болгон башка орган же институт, бул Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда макулдапышы мүмкүн.
(б) Кыргызстандын мисалында:
Кыргыз Республикасынын Улузтук банкы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө толук же жогорку деңгээлде таандык болгон башка орган же институт, бул Келишим түзүүчү Мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда макулдалышы мүмкүн.
5. "Пайыздар" термины ушул беренеде колдонулган учурда карызкорлордун пайдаларына катышууга укук берүүчү же бербөөчү, күрөө менен камсыздалган же камсыздалбаган ар кандай түрдөгү карыз талаптарынан түшкөн кирешени, атап айтканда мамлекеттик баалуу кагаздардан түшкөн кирешени жана облигациялардан жана карыз милдеттенмелерден түшкен, анын ичинде баалуу кагаздар, облигициялар же карыз милдеттенмелери боюнча сый акыларды жана утуштарды түшүндүрөт. Өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн айыптар ушул берененин максаттары үчүн пайыз катары каралбайт.
6. Эгер пайыздардын иш жүзүндегү ээси Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп туруп, экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте ишкердик жүргүзсө, анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу пайыздар пайда болсо же анын негизинде пайыздар төлөнүүчү ушул экинчи Мамлекетте коз карандысыз жеке кызматтарды анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу көрсөтсе жана пайыздарды төлөо негизделген карыздык талаптар (а) ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен бул Макулдашуунун 7-беренесинин 1-пунктунун (в)-пунктчасында корсөтүлген ишкердик иш менен чынында байланышкан болсо бул берененин 1 жана 2-пункттарынын жобосу колдонулбайт. Мындай учурда бул Макулдашуунун 7 же 15-беренелеринин жоболору шартка жараша колдонулат.
7. Эгерде төлоочү бир Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болсо Келишим түзүүчү Мамлекетте пайыздар пайда болот деп эсептелет. Эгерде Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп саналгандыгына же саналбагандыгына карабастан, пайыздарды төлөөчү жактын Келишим түзүүчү Мамлекетте туруктуу мекемеси же туруктуу базасы бар болсо, буга байланыштуу карыздар пайда болгондо, алар боюнча пайыздар төлонсө жана бул пайыздар ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база тарабынан төлонсө, анда мындай пайыздар туруктуу мекеме же туруктуу база жайгашкан Келишим түзүучү Мамлекезте пайда болот.
8. Эгерде төлөөчү менен пайыздын иш жүзүндөгү ээсинин же ал экеөнүн жана кандайдыр бир үчүнчү жактын ортосундагы өзгөчө мамилелерге байланыштуу, анын негизинде төлөнүп жаткан карыздык талапка таандык болгон пайыздын суммасы ушундай мамилелер болбогондо, төлөөчү менен пайыздын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы макулдашыла турган суммадан ашса, анда ушул берененин жоболору акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эске алуу менен ар бир Келишим түзүүчү Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык төлөмдүн ашып кеткен бөлүгүнө мурдагыдай эле салык салынууга тийиш.
9. Ушул берененин жоболору, эгер беренени пайдалануунун негизги максаты же негизги максаттарынын бири пайыздар төлөнгөн кайсыл жакка болсун карызды же башка укуктарды берүү болсо колдонулбайт.
12-БЕРЕНЕ РОЯЛТИ
1. Келишим түзүүчү Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү роялтиге ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок роялтиге дагы ошондой эле алар пайда болгон Келишим түзүүчү Мамлекетте бул Келишим түзүүчү Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынышы мүмкүн, бирок мындайча алынган салык роялтинин жалпы суммасынын он пайызынан (10%) ашпашы керек.
3. Бул беренени колдонууда "роялти" термини ар кандай адабият, искусство чыгармаларына же илимий эмгектерге программалык камсыздоону кошо алганда, кинематографиялык фильмдерди жана телефильмдерди, видео, радио жана теле берүүлөр үчүн жазууларды, ар кандай патенттерге, соода маркаларына, дизайн же моделге, планга, жашыруун формулага же процесске автордук укуктарды пайдалануу укугун колдонуу же берүү, өнер жайлык, коммерциялык же илимий жабдууларды пайдалануу укугун колдонуу, берүү, онер жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалымат үчүн сыйлык катарында алынуучу ар кандай түрдөгү төлөмдөрдү билдирет.
4.Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп туруп, роялтинин иш жүзүндөгү ээси башка Келишим түзүүчү Мамлекетте ишкердик жүр|-үзсө, роялти ошол жерде туруктуу жайгашкан мекеме аркылуу келип чыкса же болбосо ошол экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте туруктуу жайгашкан база менен коз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, (а) мындай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышса же (б) ишкердик жүргүзсө, бул Макулдашуунун 7-беренесинин 1-пунктунун (с)-пунктчасында көрсөтүлгөн укукка же мүлккө роялти төлөнсө бул берененин 1 жана 2-пункттарынын жобосу колдонулбайт. Мындай учурда бул Макулдашуунун 7 же 15-беренелеринин жоболору шартка жараша колдонулат.
5.Роялти Келишим түзүүчү Мамлекетте, аны төлөөчү ошол Келишим түэүүчү Мамлекеттин резиденти болуп саналса ошол Келишим түзүүчү Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет. Бирок роялти төлөгөн жак Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп саналабы же жокпу, Келишим түзүүчү Мамлекетте туруктуу мекемесинин же туруктуу базасынын бардыгына карабастан, алар менен анык байланышта болуп, роялтини пайда кылган укук же мүлк болсо жана мындай роялтини төлөө боюнча чыгымдарды ушул туруктуу мекеме же туруктуу база тартса, анда мындай роялти туруктуу мекеме же туруктуу база жайгашкан Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет.
6.Эгерде төлөөчүнүн жана иш жүзундө роялтинин ээсинин же алардын экөөнүн тең ортосундагы же кандайдыр бир үчүнчү жак менен өзгөчө мамилелердин себеби боюнча колдонууга, укукка же маалыматка таандык, төлөөгө негиз болгон роялтинин суммасы мындай мамилелер жок учурда төлөөчү менен роялтинин иш жүзүндегү ээсинин ортосунда макулдашылган суммадан ашса, анда бул берененин жоболору соңку эскертилген суммага гана колдонулат. Мындай учурда телөмдүн ашыкча бөлүгү ушул Макулдашуунун башка жоболорун тийиштүү түрдө эске алуу менен ар бир Келишим түзүүчү Мамлекеттин салык мыйзамдарына ылайык салынууга тийиш.
7.Ушул берененин жоболору, ушул беренени пайдалануунун негизги максаты же негизги максаттарынын бири роялти төлөгөн кайсыл жакка болсун роялти же башка укуктарын берүү болсо колдонулбайт.
13-БЕРЕНЕ
ТЕХНИКАЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР ҮЧҮН АКЫ ТӨЛӨӨ
1. Келишим түзүүчү Мамлекетте келип чыккан техникалык кызмат көрсөтүлөргө акы төлөө, ал экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти тарабынан алынса, ошол экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай төлөмдөргө алар ушул Келишим түзүүчү Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык пайда болгон Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок, эгер иш жүзүндөгү ээси экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп саналса салык техникалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдүн жалпы суммасынын он пайызынан (10%) ашиашы керек.
3.Ушул беренеде колдонулган "техникалык кызмат көрсөтүулер үчүн толем" термини ар кандай техникалык, башкаруучулук же консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөргө карата төлөөнү ишке ашырган адамга иштеген кызматкерлерди кошногондо ар кандай адамга ар кандай түрдөгү төлөмдөрдү билдирет
4.Бул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору, эгерде иш жүзүндөгү ээси биринчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп туруп, экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте, анда жайгашкан туруктуу мекемеси аркылуу ушундай телемдер пайда болгондо ишкердикти жүзөгө ашырып жатса же ушул башка Келишим түзүүчү Мамлекетте, анда турган туруктуу базадан кез карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө жана ушундай телемдер чындыгында (а) мындай туруктуу мекеме же туруктуу база менен, же (б) бул Макулдашуунун 7-беренесинин 1-пунктунун (с) пунктчасында саналган ишкердик иш менен байланыштуу болсо колдонулбайт. Мындай учурда жагдайга жараша бул Макулдашуунун 7 жана 15-беренелери колдонулат.
5.Эгер төлөөчү ушул Келишим түзүүчү Мамлекетте түзүлгөн мамлекеттик орган же ушул Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп саналса техникалык кызмат көрсөтүүлөргө телемдер Келишим түзүүчү Мамлекетте пайда болот деп эсептелет. Эгер, бирок техникалык кызмат көрсөтүүлөргө акы телеген адам ушул өлкөнүн резиденти болуп саналабы же жокпу ага карабастан Келишим түзүүчү Мамлекетте мындай төлөмдөрдү төлөө милдеттенмеси менен байланышкан туруктуу, мекемеси же туруктуу базасы бар болсо, ал эми бул төлөмдөрдүн өзү ушул туруктуу мекеме же туруктуу база тарабынан келип чыкса, анда ал телемдер туруктуу мекеме же туруктуу база жайгашкан ошол Келишим түзүүчү Мамлекетте пайда болгон деп эсептелинет.
6.Эгерде төлөөчү менен иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же экөөнүн тең жана кандайдыр-бир үчүнчү жактын ортосундагы өзгөчө мамилелерден улам техникалык кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдүн суммасы, мындай мамилелер болбогон учурда төлөөчү жана иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда сүйлөшүлгөн суммадан ашып кетсе бул берененин жобосу акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашыкча бөлүгү ар бир Келишим түзүүчү Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун калган жоболору сакталган учурда салык салынууга тийиш.
7. Ушул берененин жоболору, эгер бул беренени колдонуу үчүн техникалык кызмат көрсөтүүлөргө карата төлөм төлөнүүчү укуктарды түзүү же өткөрүп берүү менен байланышкан негизги максат болсо же негизги максаттардын бири болсо колдонулбайт.
14- БЕРЕНЕ
МҮЛКТҮН НАРКЫНЫН ӨСҮШҮИӨН TYШYYЧY КИРЕШЕЛЕР
1.Бул Макулдашуунун 6-беренесинде эске алынган жана экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте турган кыймылсыз мүлктү ээсинен ажыратууда Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти алуучу пайдаларга ошол экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2.Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы экинчи Келишим түзүүчу Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеменин мүлкүнүн бөлүгүн түзүүчү кыймылдуу мүлктү же коз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтүү максатында экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттеги Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентинин туруктуу базасына таандык кыймылдуу мүлктү ээсинен ажыратуудан түшүүчү кирешелер, буга мындай туруктуу мекемени ажыратуудан (өзүнче же бардык ишкана менен бирге), же болбосо мындай туруктуу базаны ажыратуудан түшкен кирешелерди кошо алганда экинчи Келишим түзүүчү Мамлекегге салык салынышы мүмкүн.
3.Эл аралык ташууларда дениз, аба кемелерин же жер үстүндегү транспортту же мындай транспортторду пайдаланууга байланышкан мүлктү ээликтен ажыратуудан Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы алуучу кирешелерге ошол гана Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынат.
4.Бул берененин 1, 2 жана 3-пункттарында эскертилбеген ар кандай мүлктү ажыратуудан алынган кирешелер мүлктү ажыратып жаткан адам резиденти болуп саналган Келишим түзүүчү Мамлекетте гана салык салынат.
15- БЕРЕНЕ
КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ЖЕКЕ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР
1. Келишим түзүүчү Мамлекеттин биринин резиденти кесипкөйлүк кызмат көрсотүүлөр же коз карандысыз мүнөздегү башка иштен алган кирешеге, ошол Келишим түзүүчү Мамлекетте гана салык салынат, буга экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте мындай кирешеге салык салынган төмөнкү учурлар кирбейт:
а) эгерде ал ишин жүргүзүү үчүн экинчи Келишим түзүүчү Мамлекегге дайыма жеткиликтүү туруктуу базага ээ болсо, мындай учурда туруктуу базага таандык кирешенин бөлүгүнө гана ошол экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынышы мүмкүн; же
б) эгер Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти ар кандай он эки айда, жалпысынан 183 күндү түзгөн же андан ашкан мезгилдин же мезгилдердин аралыгында болгон учурда экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттеги иштен алынган кирешеге гана салык салынат.
2. "Кесипкойлук кызмат көрсөтүү" термини, коз карандысыз илимий, адабий, көркөм, билим берүү же мугалимдик ишти, анын ичинде дарыгердин, юристтердин, инженерлердин, архитекторлордун, стоматологдордун жана бухгалтерлердин ишин камтыйт.
16- БЕРЕНЕ
ЖАЛДОО БОЮНЧА ИШТЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕ
1.Эгерде жалданып иштөө экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте жүзөгө ашырылбаса, бул Макулдашуунун 17. 19 жана 20-беренелеринин жоболорун эске алуу менен, Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентинин жалданып иштөөгө байланыштуу алган эмгек акысына жана башка ушул сыяктуу сый акысына ушул Келишим түзүүчү Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде жалданып иштөө ушундай жол менен жүзөгө ашырылса, буга байланыштуу алынган сый акыга ошол экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2.Бул берененин 1-пунктунун жобосуна карабастан, Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте жүзөгө ашырган жалданып иштөөгө байланыштуу алган сый акысына биринчи аталган Келишим түзүүчү Мамлекетте гана салык салынат, эгерде:
а) алуучу 12 айдын ичинде, жалпысынан 183 күндөн ашпаган мезгилде же мезгилдердин ичинде экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте болсо; жана
б) сый акы экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоочу тарабынан же жалдоочунун атынан төлөнсө; жана
в) сый акы жалдоочу экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеме же туруктуу база тарабынан төлөнбөсө.
3.Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы тарабынан эл аралык ташууларда иайдаланылган деңиз, аба кемесинин бортунда же жер үстүндөгү транспортто ишке ашырылган жалдануу ишине байланыштуу алынган сый акыга салык ошол Келишим түзүүчү Мамлекетте салынышы мүмкүн.
17- БЕРЕНЕ ДИРЕКТОРЛОРДУН СЫЙ АКЫСЫ
Директорлордун сый акыларына жана экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп саналган, компаниялардын директорлор кецешинин жана ошол сыяктуу органдын мүчөсү алган ушуга окшогон толомдорго экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
18-БЕРЕНЕ АРТИСТТЕР ЖАНА СПОРТЧУЛАР
1.Бул Макулдашуунун 15 жана 16-беренелеринин жоболоруна карабастан, Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти театрдын, кинонун, радионун же телекөрсөтүүнүн артисти же музыканты же спортчу катары алган, экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте жүзөгө ашырган жеке ишинен алган кирешесине ошол экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2.Эгерде искусство кызматкери же спортчу тарабынан мына ушул сапатта жүзөгө ашырылган жеке ишинен түшкөн кирешеси искусство кызматкеринин же спортчунун жеке өэүнө чегерилбей, башка жакка чегерилсе бул Макулдашуунун 7, 15 жана 16-беренелеринин жоболоруна карабастан, бул кирешеге искусство кызматкери же спортчу иштеп жаткан Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3.Бул беренин 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна карабастан, ушул беренеде каралган киреше, эгер мындай иш Келишим түзүүчү Мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн маданий кызматташтык жөнүндө макулдашуулардын алкагында ишке ашырылса Келишим түзүүчү Мамлекетте салыктан бошотулат.
19-БЕРЕНЕ ПЕНСИЯЛАР ЖАНА АННУИТЕТТЕР
1. Бул Макулдашуунун 20-беренесинин 2-пунктун эске алуу менен пенсияларга жана Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентине мурдагы ишине төлөнүүчү ошол сыяктуу сый акыларга жана ар кандай аннуитетке ошол гана Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынат.
Ушул пункттун максатына "аннуитет" термини жеке адамга өмүр бою белгиленген убакытта мезгил-мезгили менен төлөнүүчү же адекваттуу жана толук сый акынын ордуна аныкталган же белгиленген мезгилде мындай төлөөлөрдү жүргүзүү милдеттенмесиндеги корсетүлбөгөн сумманы билдирет.
2.Бул Макулдашуунун 1-пунктунун жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин социалдык жактан коргоо тутумунун болүгү болуп саналган мамлекеттик схема боюнча ишке ашырылуучу пенсияларга жана башка төлөмдөргө ушул Келишим түзүүчү Мамлекетте гана салык салынат.
3.Келишим түзүүчү Мамлекетте пайда болгон жана экинчи Келишим түэүүчү Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү алименттерге жана башка ушуга окшогон төлөмдөргө ушул экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте гана салык салынат.
20-БЕРЕНЕ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ
1. Келишим түзүүчү Мамлекет же анын жергиликтүү бийлик органдары тарабынан ушул Келишим түзүүчү Мамлекетке, анын жергиликтүү бийлик органдарына көрсөтүлгөн кызматтар үчүн телеөчү пенсияларды, жөлөкпулдарды же аннуитеттерди кошпогондо, эмгек акысынан башка ушул сыяктуу төлөмдөрге ошол Келишим түзүучү Мамлекетте гана салык салынат;
бирок мындай эмгек акыга жана башка ушул сыяктуу телемдорго, эгерде кызмат ушул экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте корсотүлсө жана жеке адам ошол Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп саналса экинчи Келишим түзүүчу Мамлекетте гана салык салынат, ал:
1) ушул Келишим түзүүчү Мамлекеттин жараны болуп саналса; же
2) кызмат көрсөтүү максатында гана ошол Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болбосо.
2. Келишим түзүүчү Мамлекет же анын жергиликтүү органы төлөечү же алар түзгөн фонддор аркылуу Келишим түзүүчү Мамлекетке же анын жергиликтүү бийлик органына кызматы үчүн жеке адамга төлөнүүчү ар кандай пенсияга ушул Келишим түзүүчү Мамлекетте гана салык салынат.
бирок мындай пенсияга, эгерде жеке адам ошол Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти же жараны болуп саналса, экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте гана салык салынат.
3. Бул Макулдашуунун 15, 16 и 18-беренелеринин жоболору Келишим түзүүчү Мамлекет же анын жергиликтүү бийлик органы ишкердикти аткарууга байланыштуу көрсөтүлгөн кызматтарга карата колдонулган сый акыларга жана пенсияларга колдонулат.
21- БЕРЕНЕ СТУДЕНТТЕР
Биринчи Келишим түзүүчү Мамлекетке келгенге чейин туздөн-түз экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген жана биринчи аталган Келишим түзүүчү Мамлекетте окуу максаты менен жүргөн студентке же окуган адамга, экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин булактарынан келип чыккан шартта, аларга аталган Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынбайт.
22- БЕРЕНЕ БАШКА КИРЕШЕЛЕР
1. Ушул Макулдашуунун мурдагы беренелеринде аталбаган, Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентинин кирешесинин түрлөрүнө, алардын пайда болгон булактарына карабастан, мына ошол Келишим түзүүчу Мамлекетте гана салык салынат.
2. Бул Макулдашуунун 6-беренесинин 2-пунктунда аныкталган кыймылсыз мүлктөн түшкөн кирешелерден башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти алган кирешелерге, аларды алуучу экинчи Келишим түзуүчү Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик укук жүргүзсө же мына ошол экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте, анда жайгашкан туруктуу база аркылуу көз карандысыз жеке кызмат көрсөтсө, ушундай туруктуу мекемеге же туруктуу базага чындап байланышкан укукка же мүлккө карата, ушул берененин 1-пунктунун жоболору колдонулбайт. Мындай учурда кырдаалга жараша бул Макулдашуунун 7 же 14-беренелеринин жоболору колдонулат.
3. I жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, Келишим түзүүчү Мамлекеттин жогоруда көрсөтүлгөн беренелерине байланышпаган жана экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте келип чыккан кирешелерге, Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентинин кирешелеринин түрлөрүнө экинчи Келишим тузүүчү Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
IV ГЛАВА КАПИТАЛ САЛЫГЫ
23-БЕРЕНЕ КАПИТАЛ
1. Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентине таандык жана экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте жайгашкан, бул Макулдашуунун 6-беренесине ылайык кыймылсыз мүлк катары көрсөтүлгөн капиталга ошол экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте ишканасы болгон Келишим түзүүчү Мамлекеттин туруктуу мекемесинин ишкердиги үчүн мүлктүн бөлүгү болуп саналган кыймылдуу мүлк түрүндөгү же коз карандысыз жекече кызматтарды көрсөтүү максатында экинчи Келишим түзүүчү Мамлекепе биринчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентинин карамагында болгон туруктуу базага таандык кыймылдуу мүлк түрүндөгү капиталга ошол экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Эл аралык ташууларда Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти жеплуатациялоочу деңиз жана аба кемелери же жер үстундөгү транспорт түрүндөгү, ошондой эле мындай деңиз же аба кемелерин же жер үстүндөгү транспортту колдонууга тиешелүү кыймылдуу мүлк түрүндогү капиталга, ишкана натыйжалуу башкарылып жаткан экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
4. Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентинин капиталынын башка бардык элементтерине ошол Келишим түзүүчү Мамлекетте гана салык салынат.
V ГЛАВА
КОШ САЛЫК САЛУУНУ ЖОЮУ МЕТОДДОРУ
24- БЕРЕНЕ
КОШ САЛЫК САЛУУНУ ЖОЮУ
1. Кыргызстанда кош салык салуу төмөнкудөй түрдө жоюлат:
а) эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Оман Султанатында салык салына турган капиталдан киреше алса же ага ээлик кылса Кыргызстан төмөнкулөргө мүмкүндүк берет:
бул резиденттин киреше салыгынан Оман Султанатына төлөнгон киреше салыгына барабар сумманы эсептен чыгарууга;
бул резиденттин капитал салыгынан Оман Султанатына төлөнгөн капитал салыгына барабар сумманы эсептен чыгарууга.
Жогоруда келтирилген жоболорго ылайык эсептен чыгарылган салыктын суммасы Кыргызстандагы колдонуудагы коюмдар боюнча кирешеге чегерилген салыктан ашпоого тийиш.
2. Оман Султанатында кош салык салуу төмөнкүдөй түрдө жоюлат: Эгерде Оман Султанатынын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кыргызстанда салык салына турган кирешеге же капиталга ээ болсо, Оман Султанаты Кыргызстанда төлөнген киреше салыгына тең сумманы бул резиденттин киреше салыгынан түздөн-түз же кайыр түрдө алып салууга мүмкүндүк берет. Бирок мындай алып салуулар, Кыргызстанда салык салына турган кирешеге жана капиталга киргизилген, сунуш кылынган алып салууларына чейин эсептелген киреше салыгынын бөлүгүнөн ашпоого тийиш.
3. Эгер аталган Макулдашуунун бардык жоболоруна ылайык, Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти алган киреше ушул Келишим тузүүчү Мамлекетте салыктан бошотулса, ал Мамлекет ага карабастан бул берененин 1-жана 2-пункттарынын максаты үчүн ушул резиденттин кирешесинин же капиталынын калган бөлүгүнө салыктын суммасын эсептөөдө салыктан бошотулган кирешени же капиталды жа1 дай га жараша эске алууга тийиш.
VI ГЛАВА ӨЗГӨЧӨ ЖОБОЛОР
25- БЕРЕНЕ БАСМЫРЛООГО АЛБОО
1. Келишим түзүүчү Мамлекеттин жарандары экинчи Келишим түзүүчү Мамлекетте ошол Келишим түзүүчү Мамлекеттин жарандары ошондой эле шарттарда, тактап айтканда резиденттикке карата дуушар болуучу же дуушар болушу мүмкүн болгон салык салуудан жана алар менен байланышкан талаптардан башкача же кыйла түйшүктүү кандайдыр бир салык салууга же ага байланышкан талаптарга дуушар болбойт. Бул Макулдашуунун 1-беренесинин жоболоруна карабастан, ушул жобо Келишим түзүүчү Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденттери болуп эсептелбеген жактарга карата да колдонулат.
2. Келишим түзүучү Мамлекеттин резиденттери болуп саналган жарандыгы жок адамдар Келишим түзүүчү Мамлекеттердин кайсынысында болбосун ар кандай салык салууга же аны менен байланышкан милдеттенмелерге Келишим түзүүчү Мамлекеттин жарандары ошондой эле жагдайларда дуушар болгон же дуушар боло турган салык салууга Караганда оор жана аны менен байланышкан милдеттенмелерге дуушар болбошу керек.
3. Бир Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасынын экинчи Макулдашуучу Мамлекеттеги туруктуу мекемесине салык салуу, ушундай ишти жүргүзгөн ошол экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканаларына салык салуулардан оор жагдайга калууга тийиш эмес. Бул беренеде камтылган бир дагы жобо бир Келишим түзүүчү Мамлекетти экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентине алардын жарандык статусунун негизинде салык салуу боюнча өздөрүнүн резидентине берилүүчү кандайдыр бир жекече жеңилдиктерди, эсептен чыгарып салууларды жана арзандатууларды берүүге милдеттендирүү катары каралбайт.
4. Бул Макулдашуунун 9-беренесинин 1-пунктунун, 11-беренесинин 8-пунктунун, 12-беренесинин 6-пунктунун же 13-беренесинин 6-пунктунун жоболору колдонулган учурларды кошпогондо, бир Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентине төленүүчү пайыздар, роялтилер, техникалык кызматтарга акы төлөөлөр жана башка ушундай ишканалары дуушар болуучу же дууилар болушу мүмкүн болгон салык салуудан жана алар менен байланышкан талаптардан башкача же кыйла түйшүктүү кандайдыр бир салык салууга же аларга байланышкан талаптарга туш келбейт. Ушундай эле бир Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасынын экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентине болгон ар кандай карызы ошол ишкананын салык салынуучу капиталын аныктоо максатында баштапкы эскертилген Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентине болгон карыздын шарттарында эсептен чыгарылууга тийиш.
5. Капиталы бир же бир нече резиденттерге толук же жарым-жартылай таандык болгон же түз же кыйыр түрдө экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин бир же бир нече резиденти тарабынан контролдонгон Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы баштапкы эскертилген Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салууга жана алардагы милдеттерге Караганда ошол баштапкы эскертилген Келишим түзүучү Мамлекеттин ушул сыяктуу, капиталы толук же жарым-жартылай үчүнчү мамлекеттердин бир же бир нече резиденттерине таандык болгон же контролдонгон ишканасы дуушар болгон же дуушар болушу мүмкүн болгон башка же кыйла түйшүктүү салык салынууга дуушар болушпайт.
26- БЕРЕНЕ
ӨЗ АРА МАКУЛДАШУУ ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ
1. Эгерде жеке жак, бир же эки Келишим түзүүчү Мамлекеттердин аракеттери аны ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келет же алып келди деп эсептесе, ал бул Келишим түзүүчү Мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында каралган коргоо каражаттарына карабастан, ал резиденти болуп саналган Келишим түзүүчү Мамлекеттин компетенттүү органдарынын кароосуна өзүнүн ишин бере алат. Арыз ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келүүчү аракепер жөнүндө кабарланган учурдан тартып үч жылдын ичинде берилүүгө тийиш.
2. Компетенттүү орган дооматты негиздүү деп тапса, ал өзү канааттандыраарлык чечимге келе албаса, ушул Макулдашууга ылайык дал келбеген салык салуудан качуу максатында маселени экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин компетенттүү органы менен өз ара макулдашуу боюнча чечүүге умтулат. Жетишилген ар кандай макулдашуу, экинчи Келишим түзүүчү Мамлекеттин улуттук мыйзамдарында каралган кандайдыр бир убактылуу чектөөлөрсүз аткарылууга тийиш.
3. Келишим түэүүчү Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууга байланыштуу келип чыгуучу ар кандай кыйынчылыктарды же шектенүүлердү өз ара макулдаштыкта чечүүгө умтулат.
4. Келишим түзүүчү Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуу боюнча макулдаштыкка жана өз ара түшүнүүгө жетишүү максатында бири-бири менен түз байланышка чыга алышат.
27- БЕРЕНЕ МААЛЫМАТТАРДЫ АЛМАШУУ
1. Келишим түзүүчү Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун же Келишим түзүүчү Мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын аткаруу үчүн зарыл болгон, бул Мыйзамга каршы келбеген салык алуу боюнча мыйзамдарга тиешелүү маалыматтарды алышат, маалымат алышуу Макулдашуунун 1-беренеси менен чектелбейт. Келишим түзүүчү Мамлекет алган кайсыл маалымат болбосун ушул Келишим түзүүчү Мамлекеггин улуттук мыйзамдарынын алкагында алынган башка маалымат сыяктуу эле купуя маалымат болуп саналат жана салыктарды эсептен чыгуу же жыйноо, мажбурлап өндүрүп алуу же куугунтукка алуу, ошондой эле ушул Макулдашууда аталган салыктарга карата аппеляцияларды карап чыгуу менен иштеген органдарга (сотторду же адмннистрациялык органдарды кошкондо) жана адамдарга гана
маалымдалат. Мындай адамдар же органдар ошол маалыматты ушул максаттар үчүн гана колдонушат.
2. Бул берененин 1-пунктунун жоболору кандай учур болбосун Келишим түзүүчү Мамлекеттерди төмөнкүлөргө милдеттендирүүчү катары чечмеленүүгө тийиш эмес:
а) тигил же бул Келишим түзүүчү Мамлекеттин улуттук мыйзамдарына жана администрациялык практикасына карты келген администрациялык чараларды көрүүгө;
б) тигил же бул Келишим түзүүчү Мамлекеттин улуттук мыйзамдары боюнча же демейдеги администрациялык практиканын жүрүшүндө алууга мүмкүн болбогон маалыматты берүүгө;
в) кандайдыр бир соода, ишкердик, өнөр-жайлык, коммерциялык же кесиптик жашыруун сырды же болбосо соода процессии ачыкка чыгаруучу же мамлекеттик саясатка каршы келүүчү маалыматты берүүгө.
28- БЕРЕНЕ
ДИПЛОМАТИЯЛЫК МИССИЯЛАРДЫН ЖАНА КОНСУЛДУК КЫЗМАТТАРДЫН МҮЧӨЛӨРҮ
Ушул Макулдашуунун эч бир жобосу дипломатиялык миссиялардын жана консулдук кызматтардын мүчөлөрүнүн эл аралык укуктун жалпы ченемдери тарабынан таанылган же атайын макулдашуулардын негизинде берилген салыктык артыкчылыктарына таасирин тийгизбейт.
БЕРЕНЕ ТҮЗӨТҮҮЛӨР
Келишим түзүүчү Мамлекеттердин өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө Протоколдор менен таризделген, аталган Макулдашуунун 30-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү оцдоп -түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн.
VII ГЛАВА АКЫРКЫ ЖОБОЛОР
БЕРЕНЕ КҮЧҮНӨ КИРИШИ
1. Келишим түзүүчү Мамлекеттер ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн улуттук мыйзамдар талап кылган жол-жоболордун бүткөндүгү жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө бир-бирине кабарлашат.
2. Ушул Макулдашуу, бул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн акыркы билдирүүдөн кечиктирилбестен күчүнө кирет жана анын жоболору томенку учурларда колдонулат:
а) салык булагынан кармалган салыктарга карата ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан же биринчи январынан кийин телонгон же эсепке алынган суммага; жана
б) башка салыктарга карата - бул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январында же андан кийин башталуучу салык салынуучу мезгилдер үчүн.
31-БЕРЕНЕ КОЛДОНУЛУШУН ТОКТОТУУ
Ушул Макулдашуу Келишим түзүүчү Мамлекеттердин бири анын колдонулушун токтотконго чейин күчүндө кала берет. Келишим түзүүчү Мамлекеттердин ар бири ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан баштан ар кайсыл календардык жылдын аягына чейин кеминде алты ай мурда Макулдашуунун күчүн токтотуу жөнүндө динломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө кабарлап, Макулдашуунун колдонулушун токтотушу мүмкүн. Мындай учурда Макулдашуу төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
а) мындай кабарлоо берилген календардык жылдын биринчи январынан тартып же биринчи январдан кийин төлөнгөн же чегерилген суммаларга карата салык булагынан алынуучу салыктарга; жана
б) мындай кабарлоо берилген календардык жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан кийинки же биринчи январынан кийин башталган ар кандай салыктык мезгилдерде салынуучу салыктарга карата.
Буга ыйгарым укук берилгендер муну ырастап, ушул Макулдашууга кол коюшту.
201 - жылы " " шаарында, эки туп нускада, кыргыз,
араб, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОМАН СУЛТАНАТЫНЫН
ӨКМӨТҮ ҮЧҮН ӨКМӨТҮ ҮЧҮН