Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 11-июну № 296-б
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 340-б буйругунун редакциясына ылайык)
Асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы алдыңкы тажрыйбаны, илимдин жетишкендиктерин жана практикалык билимдерди республиканын мал чарба кызматкерлеринин арасында жайылтуу, ошондой эле мал чарбачылык жүргүзүүнүн натыйжалуу технологияларын ишке киргизүү жана малдын күрдүү тукумдарын кеңири жайылтуу максатында:
1. 2009-жылдын 2-3-июлунда Чүй облусунун "Суусамыр" жайлоосунда Мал чарба кызматкерлеринин 4-республикалык слетун республиканын бардык региондорунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүү максатка ылайыктуу деп табылсын.
2. Мал чарба кызматкерлеринин 4-республикалык слетуна даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Уюштуруу комитети Мал чарба кызматкерлеринин 4-республикалык слетун өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын жана иштеп чыксын жана бекитсин, чыгымдардын сметасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 340-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Мал чарба кызматкерлеринин 4-республикалык слетуна даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-июнундагы № 296-б буйругуна тиркеме |
Айдаралиев И.Р. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кумаров Б.С. - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
Исаев Т.К. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Воинов А.Х. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Жолдошов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Түлеев Т.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
Алиев М.Б. - Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрация башчысы;
Эсенаманов З.С. - Чүй облусунун Жайыл районунун мамлекеттик администрация башчысы;
Сыйданов К. - Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы;
Мамышев Б.Ш. - Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы;
Чотоев Т.К. - Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы;
Жолдошбеков М.А. - Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрация башчысы;
Осмоналиев А.Д. - Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрация башчысы;
Касманбетов Т.М. - Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрация башчысы;
Мураталиев Б.М. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин директору;
Эгембердиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Жайыттар департаментинин директору;
Ажибеков А.С. - Кыргыз мал чарбачылык жана жайыттар илим-изилдөө институтунун директору;
Нургазиев Р.З. - А.Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун директору.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |