Редакцияот 05.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 5-сентябры № 387-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 203-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын отчёту жана корутундусу боюнча, «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун 2008-жылдын 1-январынан 2011-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилдеги финансы-чарбалык ишин ревизиялоонун жыйынтыгы боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында:

1. «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун 2008-жылдын 1-январынан 2011-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилдеги финансы-чарбалык ишин ревизиялоонун жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссиянын тиркелген отчёту жана корутундусу көңүлгө алынсын.

2. «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун кызмат адамдарынын жоопкерчилик деңгээлдерин аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссиянын ревизия жүргүзүү материалдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун башкаруу органы менен бирдикте белгиленген тартипте ведомстволор аралык комиссиянын ревизия жүргүзүү материалдарында белгиленген «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун ишиндеги финансылык жана башка тартип бузууларды четтетүү жана андан ары болтурбоо боюнча иш-чаралардын комплекстүү планын иштеп чыксын жана ишке ашырсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жана отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев