Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 12-сентябры № 410-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Салык мыйзамын сактоо маселеси боюнча өз ара кызматташуу жана көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасына аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркмөнстандын Өкмөтү, салык мыйзамын сактоо маселеси боюнча эл аралык кызматташтыктын жана өз ара көмөк көрсөтүүнүн, анын ичинде салык мыйзамдарын бузуунун алдын алууга, бетин ачууга жана токтотууга байланышкан маселелерди натыйжалуу чечүүнүн маанилүү экендигин эске алып, жана бул максатта бири бирине болушунча кеңири көмөк көрсөтүү ниетинде төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
Бул Макулдашуунун максаттары үчүн колдонулган терминдер төмөндөгүлөрдү
билдирет:
«салык мыйзамы» - бир Тараптын мамлекетинин аймагында салыктын түрлөрүн жана аларды чогултуунун тартибин аныктаган жана салык милдеттенмелеринин пайда болушуна, өзгөртүлүшүнө жана токтотулушуна байланышкан мамилелерди жөнгө салуучу юридикалык нормалардын жыйындысы;
«салык мыйзамын бузуу» - мыйзамга каршы жасалган аракет же аракетсиздик, ал салык төлөөчү тарабынан бюджетке карата болгон милдеттенмесин аткарбагандыктан же тиешелүү деңгээлде аткарбагандыктан көрүнөт, бул үчүн Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында юридикалык жоопкерчилик каралган;
«Компетенттүү салык органдары»:
- Түркмөнстан Тараптан - Түркмөнстандын Башкы мамлекеттик салык кызматы;
- Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
«өтүнүч жиберген салык органы» - Тараптардын мамлекетинин салык мыйзамын сактоо маселеси боюнча көмөк көрсөтүү өтүнүчү (мындан ары көмөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүч) менен кайрылган компетенттүү салык органы;
«өтүнүч жиберилген салык органы» - көмөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтү алган Тараптын салык органы.
Тараптар компетенттүү салык органдары аркылуу салык мыйзамдарынын толук аткарылышын камсыздоо максатында бири бирине төмөндөгүдөй көмөк көрсөтүшөт:
салык мыйзамынын бузулушунун алдын алуу жана токтотуу;
көмөктөшүү тууралуу өтүнүч боюнча же демилге тартибинде салык төлөөчүлөрдүн салык мыйзамын аткарышы жөнүндө маалыматтарды берүү;
улуттук салык системалары жана салык мыйзамындагы болуп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат берүү;
Тараптардын мамлекеттеринин салык органдарынын ишин камсыз кылуучу компьютердик системалардын түзүүдө жана аларды иштетүү;
салык төлөөчүлөр менен ишти уюштуруу;
кадрларды окутуу жана адистерди алмаштыруу чөйрөсүндө;
биргелешип аракет кылууну талап кылган башка маселелерде.
Бул Макулдашуунун жоболору Тараптар ортосунда жетишилген башка Макулдашууларга ылайык компетенттүү салык органдарынын өз ара кызматташуусуна тоскоолдук кылбайт.
Көмөк көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүч расмий жазуу жүзүндө, аны кароо үчүн зарыл документтер тиркелип жиберилет. Өзгөчө кырдаалдарда көмөк көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүч оозеки түрүндө, аны кийин бир айлык мөөнөттө жазуу түрүндө ырастоо менен жиберилүүгө тийиш.
Өтүнүчтүн тууралыгы же мазмуну боюнча шектенүүлөр пайда болгон учурда өтүнүч жиберилген салык органы жазуу түрүндө ырастоону сураса болот.
Көмөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүч өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:
өтүнүч жиберген салык кызматынын аталышын;
өтүнүч жиберилген салык кызматынын аталышын;
өтүнүчтүн максатын жана себебин;
өтүнүчтө көрсөтүлгөн салык төлөөчүнүн реквизиттерин;
өтүнүчтүн мазмунунун кыскача баяндалышын жана ага байланышкан юридикалык милдеттенмелерди.
Көмөк көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүч жана ага жооп орус тилинде жазылат. Өтүнүч жиберилген салык органы көмөк көрсөтүү жөнүндө алынган өтүнүч боюнча кошумча маалыматтарды талап кылса болот.
Компетенттүү салык органдары Тараптардын мыйзамдарына жана ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык бири бирине өз компетенцияларынын чегинде көмөк көрсөтүшөт.
Өтүнүчтү аткарууга мүмкүн болбогондо, өтүнүчтү алган салык органы өтүнүч жиберген салык органына бул туурасында себебин көрсөтүү менен бир айдын аралыгында жазуу жүзүндө кабарлайт.
Эгерде ал өтүнүчтү аткаруу мамлекеттин эгемендигине же коопсуздугуна зыян алып келе турган болсо, же улуттук мыйзамына жана эл аралык милдеттенмелерине каршы келсе өтүнүчтү аткаруудан баш тартылышы мүмкүн.
Өтүнүчтү алган компетенттүү салык органы өз аймагында көмөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтү аткарууга байланышкан бардык чыгымдарды көтөрөт. Кошумча чыгымдарды талап кылган өтүнүч алынган учурунда аны каржылоо маселесин компетенттүү салык органдары өз ара макулдашуу боюнча карашат.
Компетенттүү салык органдары өз демилгеси менен же көмөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүч боюнча бири бирине төмөндөгүлөр жөнүндө маалымат беришет:
башка тараптын ишканаларынын, алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн катталганы жөнүндө, анын ичинде алардын жайгашкан орду, баш ийүүчүлүгү, менчигинин формасы жана башкалар жөнүндө;
Тараптардын юридикалык жана жеке жактарынын мамлекеттик жана коммерциялык банктарда эсептерди ачышы, ошондой эле аларда болгон акча жана акча каражаттардын жүгүртүлүшү жөнүндө;
Бир Тараптын мамлекетинин салык салынчу объекттеринин башка Тараптын мамлекетинин аймагында алган кирешесинин бардык түрлөрү, салыктын төлөнгөн суммалары жана салык салууга байланышкан башка маселелер жөнүндө.
Өтүнүч жиберилген салык органы көмөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүч боюнча өтүнүчтү аткаруу үчүн зарыл болгон ченемдик актыларды, документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн жана башка материалдарды берет.
Көчүрмөлөр өтүнүч жиберилген компентенттүү салык органынын ыйгарым укуктуу адамынын колу жана мөөрү менен тастыкталат.
Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр териштирүү үчүн жетишсиз болгон учурда документтердин жана башка материалдардын түп нускасы суралышы мүмкүн.
Берилүүчү документтердин жана башка материалдардын түп нускалары белгиленген убакытта кайра берилиши керек.
Материалдар бул материалдарды чечмелөө же пайдалануу үчүн зарыл коштоочу маалыматты кошумча берүү менен компьютерлештирилген информация түрүндө берилиши мүмкүн.
Көмөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүч, документтер, материалдар жана башка маалыматтар компетенттүү салык органдарынын макулдашуусу боюнча аныкталган тартипте берилет.
Көмөк көрсөтүү компетенттүү салык органдарынын жетекчилери аныкташчу расмий кызмат адамдардын түздөн-түз байланышуусунун чегинде жүргүзүлөт.
Тараптардын компетенттүү салык органдары Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын компетенттүү салык органдарынын ортосунда түзүлгөн, салыктарды жыйноого жардамдашуу механизми жөнүндө келишимге ылайык бири бирине салыктарды жыйноодо көмөк көрсөтүүгө милдеттенишет.
Конкреттүү салык төлөөчүлөргө тийиштүү маалымат жашырын болот жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана суроо жиберилген компетенттүү салык органынын талаптарына ылайык коргоо режими менен камсыздалат.
Алынган маалыматты Тараптар ушул Макулдашуу менен каралган максаттарга, анын ичинде администрациялык же соттук териштирүү максатында гана пайдалана алышат. Маалымат башка максаттар үчүн суроо жиберилген салык органынын кат жүзүндөгү макулдугу менен гана пайдаланылышы мүмкүн.
Тараптар бул Макулдашууну чечмелөөдө же колдонууда пайда болушу ыктымалдуу талаштарды жайгарууда өз ара макулдашууга жетишүүгө умтулушат.
Тараптардын бул Макулдашууну аткаруунун жүрүшүнө баа берүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн зарыл болсо консультацияларды өткөрүшөт. Мындай консультациялардын убактылары Тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.
Бул Макулдашуунун жоболорун аткаруу үчүн Тараптар өзүнчө маселелер боюнча кошумча макулдашууларды түзө алышат.
Бул Макулдашуу Тараптар ортосунда ага кол коюу учурунда ишке ашырылып жаткан жардам көрсөтүү практикасын чектебейт жана Тараптардын ортосунда болуучу кызматташтыктын бардык формалары жана ыкмалары муну менен чектелбейт.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделет.
Бул Макулдашуу Тараптардын алар катышуучу болгон башка эл аралык келишимдерден келип чыккан милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарышканы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алышкан күндөн баштап күчүнө кирет жана берки Тараптын бул Макулдашууну колдонууну токтотуу жөнүндө ниети тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү Тараптардын бири дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн баштап алты ай өткөнгө чейин жарактуу болот.
20 ___ «___»____________ _______________ шаарында ар бири кыргыз, түркмөн жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Пикир келишпестиктер болсо бул Макулдашууну чечмелөө үчүн орус тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Түркмөнстандын Өкмөтү үчүн |