Редакцияот 11.11.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 11-ноябры № 524-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 413 токтому менен бекитилген 2011-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлеринин эмгек акы төлөөнү реформалоо концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (мындан ары - Иш-чаралар планы) 12, 13-пункттарын аткаруу үчүн:

1. Аскер кызматчыларынын (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинен башка), укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн жарандык жана эркин жалданган кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кадрдык жана финансылык кызматтарынын начальниктери;

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин кадрдык жана финансылык кызматтарынын начальниктери;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрдык жана финансылык кызматтарынын начальниктери;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кадрдык жана финансылык кызматтарынын начальниктери;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кадрдык жана финансылык кызматтарынын начальниктери;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык-полиция мамлекеттик кызматынын кадрдык жана финансылык кызматтарынын начальниктери;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кадрдык жана финансылык кызматтарынын начальниктери;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кадрдык жана финансылык кызматтарынын начальниктери;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын кадрдык жана финансылык кызматтарынын начальниктери;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппаратты каржылоо башкармалыгынын начальниги.

2. Ведомстволор аралык комиссия эмгек акы төлөө шарттары боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Иш-чаралар планында белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Биринчи вице-премьер-министри,

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

 

 

Ө. Бабанов