Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-июлу № 413
Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү реформалоонун 2011-2015-жылдарга карата концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 237 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү реформалоонун 2011-2015-жылдарга карата концепциясы жөнүндө» токтомун жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү реформалоонун 2011-2015-жылдарга карата концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине берип турушсун;
- ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча алдыдагы жылга Иш-чаралар планын тактоо боюнча сунуштарды киргизишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги:
- Иш-чаралар планын ишке ашырууга мониторинг жүргүзсүн;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчёттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууда Иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн каражат карасын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 413 токтому менен бекитилген |
№ | Иш-чаралар | Жүзөгө ашыруунун формасы | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоо булактары | Жооптуу аткаруучулар | Күтүлүүчү натыйжалар |
1. | Илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү | КРӨкмөтүнүн токтому | 2011-жылдын 2-жарым жылдыгы | Республикалык бюджет | БИМ,УИА (макулдашуу боюнча) | Эмгекке акы төлөөнүн тармактык системасын ишке киргизүү |
2. | КР Коомдук телерадиоберүү корпорациясыньш, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана КР «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жаны шарттарын киргизүү | КР Өкмөтүнүн токтому | 2011-жылдын 2-жарым жылдыгы | Республикалык бюджет | КТРК (макулдашуу боюнча), «ЭЛТР» (макулдашуу боюнча) | |
3. | Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыш парктарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарын өркүндөтүү | КР Өкмөтүнүн токтому | 2012-жылдын 1-жарым жылдыгы | Республикалык бюджет | КЧКТМА | Эмгек акы төлөөнүн тармактык системасын киргизүү |
4. | КР ӨКМнын алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарын өркүндөтүү | КР Өкмөтүнүн токтому | 2012-жылдын 1-жарым жылдыгы | Республикалык бюджет | ӨКМ | |
5. | Кенже жана техникалык жана тейлөөчү персонал үчүн убакыт жана иш нормативдерин иштеп чыгуу жана бекитүү | КР Өкмөтүнүн токтому | 2011-жылдын 2-жарым жылдыгы | Республикалык бюджет | ЭИМ, министрликтер, ведомстволор | Кенже жана техникалык жана тейлөөчү персонал үчүн убакыт жана иш нормативдери аныкталат |
6. | Социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын эмгегине акы төлөөнүн жаңы шарттары иштеп чыгуу | КР Өкмөтүнүн токтому | 2011-жылдын 2-жарым жылдыгы | Республикалык бюджет | ЭИМ, Финмин, министрликтер, ведомстволор | Кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын эмгек акылары жогорулатылат |
7. | Бюджеттик чөйрөдө иштеген кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын эмгегине акы төлөөнүн жаңы шарттарын жакшыртуу | КР Өкмөтүнүн токтому | 2012-жылдын ичинде | Республикалык бюджет | ЭИМ, Финмин, министрликтер, ведомстволор | |
8. | Иштеген жылдары үчүн үстөктөрдү белгилөө: | КР Өкмөтүнүн токтому | 2012-жылдын ичинде | Республикалык бюджет | БИМ, УИА (макулдашуу боюнча), Финмин. Маданиятмин, Финмин. | Тармактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине дем берүүчү төлөөлөрдүн түрлөрүн жана өлчөмдөрүн бир түргө келтирүү |
- илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине; | ||||||
- маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлерине; | ||||||
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүнүн кызматкерлерине; | Спорт агенттиги, Финмин КСКМ, Финмин | |||||
- социалдык кызматкерлерге. | ||||||
9. | Кызматтык маяналарын жогорулатуу жолу менен социалдык кызматкерлердин эмгегине акы төлөө шарттарын кайра кароо | «КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №170»Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР Өкмөтүнүн токтому | 2011-жылдын 2-жарым жылдыгы | Республикалык бюджет | КСКМ, Финмин | Социалдык кызматкерлердин кызматтык маяналарын жогорулатуу |
10. | Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелерин кошкондо мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөө шарттарын өркүндөтүү | «КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы №372 «Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР Өкмөтүнүн токтому | 2013-жылдын ичинде | Республикалык бюджет | ЭИМ, Финмин, министрликтер, ведомстволор | Аталган кызматкерлердин кызматтык маяналарын жогорулатуу. Кызматкерлердин материалдык абалдарын жакшыртуу |
11. | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларын акчалай үлүш менен камсыздоо системасын иштеп чыгуу | КР Өкмөтүнүн «КР Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларынын акчалай үлүшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому | 2012-жылдын 1-январына чейин | Республикалык бюджет | КМ, Финмин | Аскер кызматчыларынын акчалай үлүш системасын тартипке келтирүү |
12. | Аскер кызматчыларынын (КР Коргоо министрлигинен башка) жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарын өркүндөтүү | КР Өкмөтүнүн токтому | 2013-жылдын 1-январына чейин | Республикалык бюджет | ИИМ, ӨКМ, МУКК, ЖАМК, ФПМК, ФЧМК, МБК, Финмин | Аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарын бир түргө келтирүү |
13. | Укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн жарандык жана эркин жалданган персоналынын эмгегане акы төлөө шарттарын өркүндөтүү | КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-августундагы №440 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Өкмөтүнүн токтому | 2012-жылдын 1-жарым жылдыгы | Республикалык бюджет | ИИМ, ӨКМ, КМ, МУКК, ЖАМК, ФПМК, ФЧМК, Финмин | Укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн жарандык жана эркин жалданган персоналына жаңы базалык маяналарды белгилөө, эмгегине акы төлөө шарттарын бир түргө келтирүү |
14. | Бюджеттик чөйрөнүн «Эмгек сиңирген» ардак наамы бар кызматкерлеринин эмгек акысына үстөк белгилөө | «КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы №240 «Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине «Эл» жана «Эмгек сиңирген» деген ардактуу наамдар үчүн үстөк акылар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»КР Өкмөтүнүн токтому | 2014-жыл ичинде | Республикалык бюджет | ЭИМ, Финмин | Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынын дем берүүчү потенциалын жогорулатуу |
15. | Илимий, педагогикалык кызматкерлердин, профессордук-окутуучулук курамдын, жана башка кызматкерлердин, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысына илимий даражасы үчүн үстөктөрдүн өлчөмүн көбөйтүү | «КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы №492 «Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» КР Өкмөтүнүн токтому | 2013-жыл | Республикалык бюджет | БИМ, Финмин | |
16. | Мамлекеттик кызматчылардын эмгек акы системасын градацияларын реформалоонун реалисттик программасын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик стратегияны иштеп чыгуу | КР Өкмөтүнүн токтому | 2013-жыл | Эл аралык уюмдардын каражаттарынын эсебинен | Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), министрликтер, ведомстволор | Мамлекеттик кызматчыларга эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу |
17. | Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жана республикалык бюджеттен каржылануучу кызматкерлердин башка категорияларына эмгек акы төлөөнүн шарттарын иштеп чыгуу | КР Өкмөтүнүн токтому | 2011-2012-жылдар | Республикалык бюджет | Финмин, министрликтер, ведомстволор, ЖМА | Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жана башка категориялардагы кызматкерлердин эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттары киргизилет |
18. | Өзгөчө шарттарда эмгекке акы төлөөнүн шарттарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, шптин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү иштеп чыгуу | КР Өкмөтүнүн токтому | 2011-2015-жылдар | Республикалык бюджет | ЭИМ | Бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акынын компенсациялык потенциалын жогорулатуу |
Иш-чаралар планында пайдаланылган кыскартуулардын тизмеси:
КР | Кыргыз Республикасы |
эим | Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги |
Финмин | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
БИМ | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ИИМ | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ӨКМ | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
КМ | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
Маданиятмин | Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги |
КСКМ | Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги |
ЖМА | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
МКК | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы |
МУКК | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети |
ЖАМК | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
ФПМК | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы |
ФЧМК | Кыргыз Республикасыньш Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
МБК | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
КЧКТМА | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги |
ЖӨБУА | Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги |
УИА | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
КТРК | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы |
ЭлТР | «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» |