Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 28-апрели№ 149

«Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык:

1. Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) 2009-жылдын 4-9-майында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусуна катышуу үчүн кыргыз делегациясы, тартылган адамдарды кошкондо, тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.

2. Командировкалык чыгымдар «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн

 

Премьер-министр

И. Чудинов

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин

2009-жылдын 28-апрелиндеги № 149

буйругуна тиркеме

 

Алматы шаарына 2009-жылдын 4-9-майында болуучу жумушчу

топтордун кезектеги жолугушуусуна катышуу үчүн баруучу

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын

ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча

Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн

КУРАМЫ

 

Аламанов С.К.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;

 

Абдрахманов А.Т.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн референти;

 

Дисковский В.Л.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;

 

Камбаралиев К.Б.

- Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Башкы штабынын Башкы оперативдүү башкармалыгынын чек араны күзөтүү жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери;

 

Касымов Ч.К.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун биринчи орун басары;

 

Катанаев А.Г.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары;

 

Мандычев Н.И.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын экспедиция начальниги;

 

Миңбаев А.А.

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тобунун биринчи секретары;

 

Цурков В.Е.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору;

 

Чернявский В.А.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча партиясынын начальниги.