Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 23-июну № 211
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-апрелиндеги "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу жөнүндө" Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы № 370 "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы "Мамлекеттик администрациялык имараттарын пайдалануу жана кармоо боюнча борбор" мамлекеттик ишканасынын мүлкүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын карамагына кабыл алуу-өткөрүү боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Сатыбеков М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасы;
Абышов А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министрдин жардамчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Шаимбетов Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Акматов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн эксперти;
Дроздович О.В. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясаты бөлүмүнүн эксперти;
Жумагазиева У.К. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын пландоо, каржылоо жана эсепке алуу борборунун каржылоо жана эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы;
Карагулов А.Н. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Жоха Б.С. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын курулушту уюштуруу жана мамлекеттик мүлк бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Жанышбаев А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы "Мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдалануу жана күтүү боюнча борбор" мамлекеттик ишканасынын директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Арабаев Р.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын укуктук жана кадрдык саясаты бөлүмүнүн башкы адиси.
2. Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы "Мамлекеттик администрациялык имараттарын пайдалануу жана кармоо боюнча борбор" мамлекеттик ишканасынын жана анын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн мүлкүн кабыл алуу-өткөрүүнү жүргүзсүн жана кабыл алуу-өткөрүү актысын бекитүүгө берсин.
Премьер-министр | И. Чудинов |